Суэц каналы: дүйнөдөгү маанилүү соода жолундагы тыгын жана жоготуулар

Видеонун түшүндүрмөсү, Суэц каналы: дүйнөдөгү маанилүү соода жолундагы тыгын жана жоготуулар

Египетте соода-сатык жана стратегиялык деңиз жолу саналган Суэц каналы кайрадан ишке кирди. Канал Түштүк Азия жана Жакынкы Чыгышты Европа менен байланыштырат.

Өткөн шейшемби күнү Ever Given аттуу 200 миң тонналык жүк ташыган кеме кум бороону жана кубаттуу шамалдан улам каналда тыгылып калган эле.

Суэц каналы буулуп калып, күнүнө 9,6 миллиард долларга тете товар Европаны көздөй өтпөй турду. Бул ар бир кардарга таасир этет. Товар канчалык кармалса, анын баасы ошончолук кымбат болот. Ever Given кемеси Кытайдан Роттердам шаарына бара жаткан.

The Ever Green

Сүрөттүн булагы, EPA

Жүк ташыган кемени ондогон кубаттуу саналган аркан тартуучу кайыктар баткактан чыгарды. Атайын техниканын жардамы менен кеменин алдынан 30 миң куб метр баткак менен кум тазаланды. Бирок бул иштерге дээрлик бир жума кетти.

Бир аптанын ичинде 400гө чукул кеме каналдан өтүүгө кезекте туруп калды. Египеттин расмийлери каналдагы тыгынды жок кылуу үчүн үч күн убакыт талап кылынарын айтууда. Ага карабастан эксперттер, маанилүү соода жолунун бир апта бою жабык болгону дүйнөлүк соодага бир топ таасир этерин эскертишти.