Мьянмадан качкан офицер: "Демонстранттарга ок чыгар деген буйрук беришти"

Мьянмадан качып чыккан полиция офицерлери жайкын тургундарга курал колдонуудан баш тарткандан кийин аргасыздан Индияга качып өткөнүн Би-Би-Сиге айтып беришти.
Мьянманын армиясы төңкөрүш аркылуу бийликти колуна алгандан кийин, айрым коопсуздук кызматкерлери кан төгүүнү каалабай, буйрукту аткарышкан эмес.
"Демонстранттарга ок чыгар деген буйрук беришти. Мен аны аткара албайм дедим".
Наинг (коопсуздугу үчүн ысымы өзгөртүлгөн) тогуз жылдан бери полицияда иштеп келет. 27 жаштагы жигит азыр Индиянын Мизорам штатында баш калкалоодо.
"Мен күнөөсү жок тургундарды өлтүрүп же кыйноого алууну каалаган жокмун. Ошондуктан качып кетүүнү чечтим".

Сүрөттүн булагы, EPA
Коопсуздук кызматкерлери демонстранттарга каршы ок атуучу курал колдонуп, кеминде 50 киши каза тапты. Наинг жакында эле офицер наамын алган. Ал Мьянманын батыш тарабындагы шаарчада жашаган. Бул жерде февралдын аягында демонстрациялар күч алган экен.
"Мен жетекчиликке курал колдонбойм, армия туура эмес кадамга барды деп айттым. Армия жетекчилеринин күч колдонуудан башка аргасы жок. Алар мындан ары дагы ырайымсыз мамилесин улантат".
Наинг жана бозгунда жүргөн башка полиция кызматкерлери менен сүйлөшүп жатканда, алар өлкөдө калган жакындарынын сүрөттөрүн көрсөтүштү.
"Жакын арада үй-бүлөбүз менен көрүшпөйт окшойбуз",-дейт Наинг.

Би-Би-Си бозгунда жүргөн полиция кызматкерлери менен Индия-Мьянма чек арасынан 16 чакырым аралыктагы аймакта кездешти. Бул офицерлер биринчилерден болуп өлкөдөгү окуяларды күбө катары айтып беришти. Алар өздөрүнө окшогон расмийлери абдан көп экенин айтууда. Индиянын жергиликтүү расмийлери Мьянманын армиясы төңкөрүш аркылуу бийликти алгандан бери жүздөн ашуун киши Индиянын Мизорам штатына качып келгенин маалымдашты.
Би-Би-Си Мьянмадан качкан полиция офицерлеринин окуясын көз карандысыз булактар аркылуу тастыктай алган жок.
Мьянмадагы зомбулукту Бириккен Улуттар Уюму, АКШ жана Европа мамлекеттери кескин сынга алды. Армия болсо дооматтарды четке кагып, санкция жана обочодо калуудан коркпой турганын билдирген.

Хтут (ысымы өзгөртүлгөн) армия бийликти алгандан кийин интернет байланышы үзүлүп, ал иштеген полиция бөлүмүнүн жанына аскердик казарма курулганын айтат.
"Бир нече сааттан кийин армия төңкөрүш аркылуу бийликти алганын уктук".
22 жаштагы Хтут аскерлер менен бирге көчөлөрдү кыдырып, тынч маанайда митинг өткөрүп жаткандарды камакка алабыз деп коркутушканын эстейт. Хтут Мьянманын чоң шаарларынын биринде жашаган. Ага дагы ок атуучу курал колдогула деген буйрук келгенин жашырган жок.
"Армия офицерлери бештен көп киши топтолсо ок чыгаргыла деген буйрук берди. Көптөр катуу сабалды. Бул окуялардан кийин мен уктай албай калдым. Эч жазыксыз кишилер кан жалап жерде жатканын көргөндөн кийин качпасам болбойт деген чечимге келдим. Мен мындай мыкаачылыкка аралашкым келбейт".
Хтут өзү иштеген полиция бекетинен качкан жалгыз кызматкер экенин айтат. Ал мотоцикл менен чек арага чейин келген. Бирок ар бир кыштактан өтүп жатып, өмүрүнө коркконун айтат.
Мьянмадан качкандар Индияга Тиау дарыясын сүзүп өтүшү керек. Бул дарыя эки өлкөнү бөлүп турат.

Би-Би-Си менен баарлашкан полиция офицерлери дагы көп сандагы коопсуздук кызматкерлери Индияга өтөт деп айтууда.
Грейс (ысымы өзгөртүлгөн) Мьянмадан качкан эки аял офицердин бири. Ал армиянын желим ок, союл, көздү ачыштырган газ колдонгонун көргөн. Демонстранттардын арасында жаш балдар дагы бар болгонун айтат.
"Алар демонстранттарды тараткыла деп жатышат. Бирок демонстранттардын арасында туугандарыбыз, курбуларыбыз, кошуналарыбыз дагы бар. Кантип аларга күч колдонобуз? Мен полиция болгонума сыймыктанып келгем. Бирок армия системаны өзгөртүп салды. Ошондуктан ал иште калгым келген жок".
24 жаштагы Грейс өнөкөт оорусу бар энесин калтырып, Индияга качып чыгууга аргасыз болду.
"Ата-энем карып калды, алар дагы коркуп отурушат. Жаштар болсо өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болдук".

Мьянманын бийлиги Индиядан бозгунда жүргөн жарандарын артка кайтарууну талап кылды. Эгерде Дели бул талапты аткарбаса "достук мамилебиз бузулат" деген дагы эскертүүлөр айтылды.
Мизорам штатынын башчысы Мьянмадан келген качкындарга убактылуу баш калкалоочу жай берилгенин билдирди. Индиянын өкмөтү качкындар боюнча чечим кабыл ала элек.
Мьянмадан бир гана полиция кызматкерлери качкан жок. Баш калкалоочу жайда дүкөн ээлери, демонстрацияга катышып кыйноого алынган кишилер дагы жүрдү.
"Мен өзүмчүл болуп качып чыккан жокмун. Өлкөнүн ар бир тургуну коркуп жашайт. Бул жерде өзүмдү коопсуз сезем. Бул жерде туруп өлкөдөгү журтташтарыма жардам берүүгө умтулам",-дейт качкындардын бири.














