You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Грузияда кайрадан саясий чыңалуу: оппозиция лидерин бошотуу талабы
Грузин оппозициясы "Бирдиктүү улуттук кыймылдын" лидери Ника Мелияны бошотуу талабы менен каршылык жүрүштөрүн улантууда. Бир күн мурун каршылык билдирип чыккандар Тбилисинин борбордук бөлүгүндөгү көчөнү бөгөп, парламент имаратынын алдына чатырлады тигишти.
"Бирдиктүү улуттук кыймыл" оппозициячыл партиясы экс-президент Михаил Саакашвили тарабынан негизделген. Партиянын азыркы лидери Ника Мелияны 2019-жылдын 20-июнундагы митинг боюнча күнөөлөп жатышат. Андагы нааразылык жүрүштөрүнө Орусиянын Мамдумасынын депутаты Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отуруп, сөз сүйлөгөнү себеп болду. Гаврилов сессиянын ачылышында грузин парламентинин спикеринин ордунда олтурганы оппозициянын нааразылык жүрүштөрүнүн себеби болду. Ушундайга жол берди деп, бийликти жана спикерди айыпташкан. 2019-жылдагы нааразылык жүрүштөрү учурунда "тополоң уюштурган" деп Мелия айыпталып, сот чечими менен күрөө төлөп, электрондук билерик тагынып жүрүүгө милдеттендирилген.
Ал өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылык иретинде соттун милдеттенмелерин аткаруудан баш тарткан. Мелия айыптоону саясий куугунтук катары эсептейт.
Оппозиция лидеринин камакка алынышы
Кечээ грузин атайын күчтөрү партиянын кеңсесине кирип барып, күч менен Мелияны жана анын жыйырмадай тарапташын кармады. Кеңсеге жасалган чабуул жана оппозиция лидеринин кармалышына АКШ жана Британия нааразы пикирин билдирди.
Мунун алдында эле грузин парламенти жаңы өкмөттү бекитип, анын Ираклий Гарибашвили келген. Мелиянын тарапташтары оппозиция лидеринин камакка алынышына жаңы премьерди айыптап жатышат. Оппозиция өкүлдөрү тарапташтарын каршылык акциясына чыгууга үндөдү. Ошол эле маалда башкаруучу партия Мелиянын кармалышын "үлгү боло турган операция" атап, мыйзам барынан жогору тураарын көрсөттү деп белгиледи.
Дүйшөмбүдө Грузияда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, Ираклий Гарибашвилинин өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүштү. 38 жаштагы Ираклий Гарибашвили 2013-жылдын ноябрынан 2015-жылдын декабрына чейин грузин өкмөтүн башкарган эле. 2019-жылдын сентябрынан тартып ал коргоо министри болуп иштеди.
Мурдакы өкмөт башчы Георгий Гахария капылеттен эле өз ыктыяры менен кызматтан кетерин жарыялап, "Бирдиктүү улуттук кыймылдын" лидери Ника Мелияны камакка алуу аракетине каршы нааразылык билдирген.