Европа мигранттар маселесин чечүүгө киришти

Сүрөттүн булагы, EPA
Европарламентте француз секуляризми жана ага мигранттардын мамилеси тууралуу талкуулар басыла электе, Еврокомиссия интеграцияны жакшыртуунун планын жарыялады.
Аны иштеп чыгууга бир нече айлар сарпталды. Өзгөчө Франция менен Австриядагы террордук чабуулдардан кийин бул демилге актуалдуу болуп чыга келди. Жыйынтыгы менен 25 барактан турган сунуштар айтылган.
"Биз Европада жашоого укук алган кишилер коомго сиңишип, өздөрүн бөтөн сезбеши үчүн кам көрөбүз. Алар өздөрүнүн келечегин кура алат, аларда билим, энергия жана талант бар",-дейт Европа комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Ляйен.
Бул аптада жарыяланган документ Европа Бримдигиндеги өлкөлөргө сунушталды. Азыркы маалдагы мигранттарга эле эмес, буга чейин европалык паспортко ээ болгондорго дагы тиешелүү. Ошондой эле мигрант үй-бүлөдөгү балдарга, аялдарга көңүл бурулуп, алар аялуу катмар катары көрсөтүлгөн.
"Экстремисттик уюмдар аялуу кишилерди азгыраарын жана системадагы алешемдиктерди пайдаланып кетерин биз моюнга алышыбыз керек",-деди Еврокомиссиянын төрага орун басары Маргаритис Схинас.
Бул жердеги негизги маселе - аталган документ жөн гана сунуш катары берилип, ЕБ мүчөлөрү аны аткаруу боюнча эч кандай милдеттеме албаганы.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Европа Биримдигиндеги болжолу 35 миллион калктын 8% миграциянын агымы менен келген. Башкача айтканда, бул жерде туулган эмес. 15-34 жаштагылар арасындагылардын 10 пайызынын ата-энесинин биринин теги чет өлкөлүк.
Жалпы алганда мигранттар саны өтө тездик менен өсүүдө. Лидер өлкөлөр - Швеция, Эстония, Люксембург, Хорватия, Латвия, Австрия, Мальта жана Германия. Бул өлкөлөрдөгү калктын 10 пайызы мигранттар. Ал эми Чехия, Румыния, Венгрия, Болгария, Польша менен Словакияда мигранттар 3 пайыздай гана.
Мигранттардын төрттөн бири жогорку билимдүүлөр. Ошол эле кезде сырттан келгендердин бештен биринин баштапкы гана билими бар.
Евробиримдик мигранттардын ийгиликтүү интеграциясы эмгек базарында чон каржылык пайда алып келет деп эсептейт. Бирок мүчө өлкөлөрдүн баары эле мындай ойдо эмес. Венгрия менен Польша качкындарды европалык өлкөлөргө үлөштүрүү боюнча миграциялык кандай гана документ болбосун каршы чыгып келүүдө. Алар кеп мыйзамсыз миграция тууралуу жүрүүдө деп жүйө келтирет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мигранттарды коомго жуурулуштуруу аракети 2016-жылы дагы болгон. Бирок андагы документте ЕБ өлкөлөрүнүн толук кандуу жарандыгын алгандарга жана ата-энеси чет өлкөлүк болгондорго көбүрөөк көңүл бурулган эле.
Жаштарга билим, маданият жана спорт аркылуу радикалдашууга, экстремисттик идеологияга жол бербөө тууралуу сунуштар болгон.
Кийинки жылы Еврокомиссия батыш коомуна балдарды интеграциялоо боюнча өзүнчө документ сунуштай турганын убадалады. Кеп бул жерде европалык жашоого көнүшүп кете албай жаткан балдар үчүн кошумча сабактарды киргизүү тууралуу жүрүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Көп учурда ЕБ аймагына кыз-келиндер бул жактын жаранына турмушка чыгып келишет. Ошону менен алар үйдөгү түйшүктүн баарын өзүнө үйүп алып, жумуш табууга, интеграция боюнча программаларга катышууга жана даярдоо курстарына барууга мүмкүнчүлүк таппайт. Медициналык кызматтарга жетпей жүргөндөрү да толтура жана тил билбей кыйналышат. Жаңы келген мигранттар көп учурда Европа коомуна интеграция боло албай кыйналат. Европага кайсыл өлкөдөн келгенине жана билимине, тил билгенине карап канчалык кыйынчылыкка кабыларын болжосо болот.
Еврокомиссиянын планы мигранттардын квалификациясын тез арада таанууга жардам бермекчи. Бул Сирия жана Иран сыяктуу өлкөлөрдөн келип, такси кызматында иштеп жүргөн дасыккан дарыгерлер үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Брюссель бул планды мүчө өлкөлөргө таңуулай албайт. Болгону кемчиликтерин көрсөтүп, көйгөйдү чечүүнүн жолдорун сунуштамакчы. (AbA)











