Коронавирустун үч вакцинасы даяр. Пандемияны токтото алабы?

Коронавирус вакцинасын үч компания иштеп чыгып, сыноо маалында жогорку натыйжаларды көрсөткөнүн жарыялады.

Буга чейин ДССУ эксперттери натыйжалуулугу 70 пайыздан ашкан вакцина ийгиликтүү иштелип чыккан дары катары саналарын айтып келген. Америка бийлиги вирустан 50 пайыз коргой турган дары болсо эле сатып аларын билдиргени бар. Болжолу гриппке каршы каражаттын көрсөткүчү 50 пайыздын тегереги.

Бул жолку көрсөткүчтөр кыйла эле жогору болду. Үч вакцина атаандашпай, бири-бирин толуктайт дейт адистер.

Биринчилерден болуп ийгилигин жарыялаган - америкалык фармацевтика гиганты Pfizer компаниясы болду. Анын узак тарыхы бар жана Экинчи дүйнөлүк согуш маалында пенициллин өндүрүп, миллиондогон доллар иштеп тапкан.

Pfizer иштеп чыккан вакцина (BNT162b2) клиникалык сыноодон ийгиликтүү өтүп, Covid-19 илдетинен 90 пайыз коргой турганы далилдеген. Бул жогорку көрсөткүч: эмдөөдөн өткөн 100 кишинин токсонунда туруктуу иммунитет пайда болот деген сөз. Башкача айтканда, эмдөөдөн өткөн соң инфекциянын коркунучу он эсе төмөндөйт.

Бирок эртеси күнү эле Орусиянын Гамалея атындагы улуттук изилдөө борборунун окумуштуулары өздөрү иштеп чыккан "Спутник V" 92 пайыз вирустан коргой турганын айтып чыкты.

Андан көп өтпөй эле Moderna Inc. компаниясы mRNA-1273 эксперименталдык вакцинасы сыноодон ийгиликтүү өтүп, коронавируска каршы 94,5% натыйжалуу экенин көрсөттү деп кабарлады.

Билдирүүлөргө ишенсек болобу?

Үч дары тең азыр масштабдуу клиникалык сыноодон өтүп жатат. Алардын соңку жыйынтыгы май айына барып анан бүтүшү мүмкүн. Ошондуктан дарынын натыйжалуулугу боюнча билдирүүлөр баштапкы анализдерге карап гана жасалды.

Сыноо учурунда эмдөөдөн өткөн ыктыярчылардын канчасы вируска кабылган же кабылбаганы алдыда белгилүү болмокчу. Азырынча эң ишенимдүү жана кеңири маалыматты Moderna сунуштады. Экспериментке катышкан 30 миң ыктыярчынын 95инен Covid-19 табылган.

Pfizer сыноого катышкан 40 миң ыктыярчынын 94 ооруга чалдыкканына таянып, вакцинасы натыйжалуу экенин жарыялады. Компания кеңири маалымат кийинчерээк сунуштай турганын кошумчалады.

Орусиялык вакцина болсо 40 миң кишиге сыналары айтылган эле. Азырынча буга 20 миң гана киши катышууда. Демек, сыноо бүткөндөн кийин көрсөткүчтөр бир топ өзгөрүүгө учурашы мүмкүн.

Вакцина качан даяр болот?

Pfizer Жаңы жылга чейин 50 млн доза чыгарууга даяр экенин билдирген. Бул 25 млн кишини эмдегенге жетет. Анткени эмдөөдөн өткөрүү үчүн бир кишиге эки жолу ийне (үч апта аралыгында) сайышат.

Азыр дары алты өлкөдө (Аргентина, Бразилия, Германия, АКШ, Түркия жана ТАР) сыноодон өтүп жаткандыктан ар бири 4 млн тегерегиндеги кишини эмдөөдөн өткөрөт. Кимди биринчи эмдей турганын ар бир өлкөнүн бийлиги өз алдынча чечет. Бул жерде бир маселе бар - Pfizer вакцинасы өтө төмөнкү температурада (-80 градус) сакталышы керек. Азыр компания транспорт фирмалары менен атайын учактарды даярдаган. Вакцина азыркы маалда бир кутуга 4000 дозадан чыгат. Аны күнүгө эки гана жолу ачууга болот. Ошондуктан алгач эң ири шаарлардагы чоң ооруканаларга жөнөтүлмөкчү.

Ал эми орусиялык "Спутник V" вакцинасы бул жагынан ыңгайлуу деп айтылууда. Аны кандай шартта болсо дагы жеткирүүгө мүмкүн. Орус расмийлери 50 өлкөдөн, жалпы 1,2 млрд дозага буюртма келгенин ырастайт. Бул 600 млн кишини эмдегенге жетет.

Moderna дагы декабрдын орто ченинен тарта жыл соңуна чейин 20 млн доза чыгара турганын айтты. Алардын вакцинасын сактоого көп деле кыйын шарттардын кереги жок. Кадимки эле муздаткычта жарым жылга чейин сакталат.