NYT: Трамп Иранга сокку уруу планын талкуулаган

Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Өткөн аптанын бейшембисинде АКШ президенти Дональд Трамп жабык эшик артында жыйын өткөрүп, Ирандын аймагындагы өзөктүк объектилерге сокку урууну сунуштаган, деп жазды New York Times. Басылма мурдакы жана азыркы төрт чиновникке шилтеме берген.

Ал жыйынга вице-президент Майк Пенс, мамлекеттик катчы Майк Помпео ошондой эле коргоо министринин милдетин аткаруучу, башкы штабдын жетекчиси катышкан деп жазат гезит. Алар президенттин сунушун колдогон эмес. Эгерде сокку урулса, кырдаал курчуп кетет деген чочулоосун айтышкан. Ошентип министрлер менен кеңешчилери Трампты мындай пландан баш тартууга көндүрүшкөн дейт New York Times. Бул жөнүндө журналисттердин суроолоруна Ак Үй тараптан эч кандай жооп болгон жок.

Майк Помпео менен Майк Пенс

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жыйынга вице-президент Майк Пенс, мамлекеттик катчы Майк Помпео ошондой эле коргоо министринин милдетин аткаруучу, башкы штабдын жетекчиси катышкан деп жазат гезит

New York Times божомолунда негизги бута - Ирандын Нетенз шаары болгон. Бир күн мурун МАГАТЭ бул жерден келишимде көрсөтүлгөн нормадан 12 эсе ашып түшкөн урандын корун таап чыккан экен.