Сербиянын дарыгерлери: парламенттик шайлоодон кийин вирус кеңири жайылды

Сүрөттүн булагы, AFP
Сербиянын жүздөгөн дарыгерлери коронавируска байланыштуу кризисти көзөмөлгө алууга жооптуу болгон расмийлерди кызматтан алууну талап кылышууда.
Үч жүз элүүдөн ашуун дарыгер кол койгон ачык катта, өткөн айда болгон парламенттик шайлоодон кийин "коомдук саламаттык тармагында кризис" жаралганы жазылат. Парламенттик шайлоодон кийин коронавируска кабылгандардын саны кескин өскөн.
Медицина кызматкерлеринин айтымында, Сербиянын коронавирусту көзөмөлгө алууга жооптуу расмийлер эксперттердин айткандарына көңүл бурбай, саясатты биринчи орунга койгон.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Расмийлер шайлоонун алдында карантин чектөөлөрүн жеңилдетип, коомдук жайларга топтошууга уруксат берген. Футбол беттештерине күйөрмандар чогулуп, теннис мелдештери менен түнкү клубдарга жаштар топтошуп, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал колдон чыгып кетти, деп жазылат катта.
Ошондой эле дарыгерлер өлкө бийлиги шайлоону өткөрүү үчүн Covid-19 вирусунан каза тапкандардын чыныгы санын жашырды делген маалыматты көз карандысыз тергөө тобу териштириши керек экенин талап кылышты.

Сүрөттүн булагы, EPA
Вирус кеңири жайылгандыктан Сербиянын өкмөтү карантин чектөөлөрүн кайра киргизди. Өкмөттүн дем алыш күндөрү комменданттык саат киргизүү сунушунан кийин Белградда чоң нааразылык акциялар дагы өттү.







