Бош калган көчөлөр, үйгө камаган коркунуч

Дүйнөлүк борборлор жана ири шаарлар, бүтүндөй өлкөлөр коронавирустан улам карантинге жабылууда. Вирус дүйнөнүн 182 өлкөсүнө жетти.

Айрым жерлерде бир нече аптадан бери карантин уланып жатса, кээ бир өлкөлөр эми гана мындай чараларга барды. Маселен, Лондон шаары.

Британияда катаал чектөөлөрдүн биринчи аптасы өтүүдө. Дүйшөмбүдөн тарта үйдөн азык-түлүк, дарыгерге көрүнүү жана башка зарылчылык үчүн гана чыгууга уруксат берилди.

Жөн эле сейилдөөгө жалгыздап же бир гана киши менен күнүгө бир жол үйдөн чыгууга болот.

Лондондогу негизги артериялардын бири - Чаринг-Кросс-роуд. Лондондуктарды унаасы менен жүрбөгүлө деп эскертип жатышат. Бирок мэр борборго сырттан кирген унаалардын акча төлөп кирүүсүн убактылуу жокко чыгарды.

Акын Берто Барбаранинин өзү туулган Верона шаарындагы эстелиги жалгызсырап турат. Италияда карантин киргизилгенинен бир аптадан ашты.

Париж жана бүтүндөй Франция карантинде турганына алтынчы күн. Зарылчылыгы жок эле көчөдө жүргөндөргө 135 евро айып пул киргизилген.

Коронавирус Испаниянын түндүгүндөгү Памплонага жетти. Өлкө эпидемия менен кармашып жатат.

Бельгиянын баш калаасы Брюсселде карантин эрежесин бузгандарды дрондун жардамы менен аныктап жатышат.

Москвадан карантин жаш курагы 65тен өйдөңкүлөргө гана тиешелүү. Бирок ошого карабастан, көпчүлүк үйдөн олтурууну эле артык көргөн.

Дүйшөмбүдөн тарта Афина көчөлөрү бош калды. Греция бийлиги шаардагы кыймылга чектөө киргизген.

Грузияда коронавирустун 100 учуру катталды. Бийлик 21-марттан тарта бир айга карантин чараларын кабыл алды.

Палестин аймагында дагы эки апталык чектөөлөр кирди.

Бангкокто көчөдө сатылган тамак-ашка болгон талап азайды.

Казакстан баш калаасы Нур-Султанда көчөлөрдү дезинфекция кылып жатышат.

Ливанда вирус жуккан 277 учур катталган. Анын жайылып кетишинен кооптонгон бийлик жекшембиден тарта катаал карантин чараларына барды. (AbA)

.