Сауд Арабия: Иранды жоопкерчиликке тартабыз

Сауд Арабиянын тышкы иштер министри эки мунай объектине кол салуу болгондон кийин бардык чараларды, анын ичинде аскердик аракеттерди дагы караштырып жатканын билдирди.
Өлкөнүн министри Адел ал-Жубейир "Сауд Арабия согушту каалабайт, бирок Иранды жоопкерчиликке тартабыз" деп айтты.
14-сентябрда болгон чабуулга Йемендеги хусит козголоңчулары жоопкерчиликти алган. Сауд Арабиянын Коргоо министрлиги кол салууда 18 дрон жана жети ракета колдонулганын ырастап, алар Йемен тараптан эмес, Ирандан учурулганын белгилеген.
Тегеран айыптоолорду четке кагып, АКШ жана анын Сауд Арабия сыяктуу өнөктөштөрү аскердик аракеттерге барса, Тегеран жооп кайтарат деп эскерткен.
АКШ, Франция, Германия жана Британия Сауд дагы Арабиянын мунай объекттерине болгон чабуулдун артында Иран турганын билдирген.
Мунай объектилерине болгон чабуулдан кийин дүйнөлүк мунай өндүрүшү беш пайызга кыскарды. Сауд Арабиянын мунай объектилери эми бир нече аптадан кийин гана ишке кирет. Бул өлкө дүйнөдөгү эң ири мунай экспортеру, өлкө күнүнө жети миллион баррел май сатат. Сауд Арабиясынын Энергетика министрлиги мунай өндүрүштөгү кыскартууларды кампада сакталган резервдер менен толукталат деп маалымдаган.
Окуянын контекстти кандай?
Йемендеги хусит козголоңчулары Сауд Арабиянын аймагында бир нече жолу ракета менен дрон чабуулдарын уюштурду. Сауд Арабия баш болгон коалиция Йемен өкмөтүн колдойт. Хусит козголоңчулары болсо 2015-жылдын март айынан бери өкмөттүк күчтөр менен согушуп жатат.
Согушта 10 миңден ашуун киши мүрт кетип, миллиондогондор ачарчылыкка дуушар болду. Эл аралык уюмдар согушту дүйнөдөгү эң катаал кризис деп атаган.
Ал эми Сауд Арабия менен Иран региондогу таасирди талашып, үстөмдүк үчүн күрөш жүргүзүп келүүдө. Диний көз караштардын дал келбегени алардын тирешин андан бетер тереңдетти. Иранда шииттер үстөмдүк кылат, ал эми Сауд Арабиясы өзүн исламдын суннит бутагынын лидери санайт. Сауд Арабия менен Иран ортосундагы тирешүү өзгөчө соңку он беш жылдан бери чыңалып жатат. (AT)














