"Дориан" бороону: беш киши каза тапты

Сүрөттүн булагы, Reuters/John Marc
Эң кубаттуу, бешинчи категориядагы "Дориан" бороону Багам аралдарында беш кишинин өмүрүн алды. Шамалдын ылдамдыгы саатына 285 чакырымга жетип, океандагы толкундар жети метр бийиктикке көтөрүлгөн эле.
Премьер-министр Миннис беш адам Абако аралдарында каза тапканын ырастады. Кызыл чырым уюму 13 миң турак-жай талкаланганын айтып жатат. Багам аралдарында жаан-чачын токтой элек.
Абако сыяктуу аралдар толугу менен суу алдында калганы айтылууда. Бороондон 17 миң тургуну бар Абако аралдары эң көп жабыркады.
Буга чейин Багам аралдарынын тургундары жакынкы коопсуз аймактарга чыгарылган. Аралдын расмийлери учак каттамдарын алдын ала токтоткон болчу. Бирок айрым тургундар бийликтин айткандарын укпай, үйүндө калган болчу.

Сүрөттүн булагы, AFP
Коомдук медиага жарыяланган видеолордо суу алдында калган турак-жайлардын чатырларын гана көрсө болот. Сууда кайыктар жана чакан кемелер дагы бар.
Би-Би-Си аймактагы кабарчысы Клинт Уатсон менен байланышып, соңку кырдаалды сурады:
"Табигый кырсыктын кесепетин сөз менен айта албайсың. Жергиликтүүлөр видеолорун коомдук сайттарга жүктөп, жардам сурап жатышат. Мен үйүмдүн чатырына чыктым, суу чатырга чейин жетти. Азыр дагы чакалап төгүп жатат. Элдин "суранам, мага жардам берчи" деп айткандары эстен кетпейт".
Жергиликтүү маалымат агенттиктери Багам аралдарынын аэропорту дагы суу алдында калгынын кабарлашууда.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Эми "Дориан" бороону чыгышка, Флорида, Түндүк жана Түштүк Каролина штаттары көздөй жылды.
Шамалдын ылдамдыгынан улам адистер "Дориан" бороону абдан кооптуу экенин белгилешүүдө. Метеорологдордун билдиришинче, "Дориан" 1992-жылдагы "Эндрюдан" кийинки эң кубаттуу бороон. 1992-жылкы табийгый кырсыкта 65 киши каза таап, 63 миң турак-жай талкаланган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Адатта бороондор беш категорияга бөлүнөт. Бешинчи категорияда шамалдын ылдамдыгы саатына 252 чакырымга чейин жетет. Соңку жылдары мындай бороондор көп катталды: "Майкл", "Мария", "Ирма" жана "Мэтью". Окумуштуулар мындай көрүнүштү глобалдык жылуулануу менен байланыштырууда.
"Дориан" бороонунун кубаты азыр деле жогорулап жатат. Ал 75 чакырым аралыктагы аймактарда дагы сезилүүдө. (AT)











