Зомбулуктан эки жолу качкан түндүккореялык кыздар

Түндүк Кореядан качып чыккан эки жаш кыз Кытайда жыныстык кулчулукка кабылып, көп жылдан кийин Кытайдан кайра качууга аргасыз болушкан.

Кытайдын Яньцзи шаарчасындагы көп кабаттуу үйдүн үчүнчү кабатынан коркунучка карабай эки кыз аркандын жардамы менен качып чыгышты.

"Тез түшкүлө, убакыт жок", -деп кыздарды куткарууга келген адам шыбырап турду.

Көп кабаттуу үйдөн качып чыгуу - куркаруу ишинин биринчи гана бөлүгү.

Мира менен Жуин көп жылдар бою порно видеолорго аргасыз тартылышкан. Кылмышкерлер бул кыздарга жыргал турмушту убада кылып, Түндүк Кореядан Кытайга мыйзамсыз алып келишкен.

Мира беш жыл, Жуин болсо сегиз жыл бою чакан батирде камеранын алдында жыныстык жоруктарды аткарышкан.

Түндүк Кореядан бийликтин ураксаты менен гана чыкса болот. Бирок аларга билдирбей, түрдүү тобокелге салып, көптөр өлкөдөн качып чыгууга аракет кылат.

Эгерде коңшулаш Түштүк Кореяга эптеп качып жетсе, аларга атайын борборлордо жардам көрсөтүлөт. Бирок Түндүк менен Түштүк Кореяны бөлгөн чек арада миналар орнотулган. Ошондуктан түз качып чыгуу абдан татаал.

Дал ушул себептен түндүккореялыктар алгач Кытайга өтөт. Бирок Бээжин аларды мыйзамсыз мигрант катары көрүп, кайрадан Түндүк Кореяга депортациялайт. Өз өлкөсүнө келгенде алар мыйзамды бузган "чыккынчы" деп аталып, кыйноолорго кабылат.

1990-жылдардагы ачарчылык учурунда миллиондогондор Түндүк Кореядан качып чыккан. Ошол учурда болжол менен бир миллион киши курман болгону айтылат.

Ким Чен Ын 2011-жылы бийликке келгенден бери өлкөдөн мыйзамсыз качкандардын саны эки эсеге кыскарды.

"Бул чек арадагы көзөмөлдүн күчөгөнүнө жана адамдарды мыйзамсыз ташыгандардын баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу",- дейт адистер.

Мира жыйырма эки жашында Түндүк Кореядан качып чыккан. Ал ачарчылык учурунда төрөлгөн. Бул муун көмүскө базар кеңири жайылып жаткан доордо чоңоюшту. Алар чет өлкөлүк видео, косметикаларды жеткиликтүү баада сатып ала алчу. Сырттан ташылган товарлар, видеолор көптөгөн түндүккореялыктарды нааразы кылган. Мира алардын бири.

"Менин атам коммунисттик партияда иштейт. Ал ар бир кадамыма нааразы болуп, чет өлкөлүк кинолорду көрүүгө уруксат берчү эмес. Белгилүү убакытта жатып, бир убакытта турчумун. Жеке жашоомо өзүм ээ эмес болчумун", -дейт Мира.

Мира көп жыл бою чек арадан өткөрүүгө жардам берчү кишини издеген. Анын атасынын бийликке байланышы болгон үчүн кылмышкерлер жардамдан корккон. Төрт жылдан кийин гана бирөөнү тапкан.

Түндүк Кореядан качкандардын көбүнүн жетиштүү каражаты болбогондуктан, алар "сатылууга" макул болот. Кылмышкерлер карызды төлөгүчө иштеп бересиң деп айтышат. Мирага ресторанда иштейсиң деп көндүрүшкөн.

Тюмен дарыясын мыйзамсыз кечип өткөндөн кийин Мираны "директор" аттуу адамга өткөрүп беришип, анын айтканын жасайсың деп айтышкан.

Түндүккореялык кыздар бирөөнүн аялы болуп же жыныстык кулчулукка сатылат.

"Мен азыркыга чейин ишене албайм. Аял катары намысым кордолду. Эл алдында кийимимди аргасыз чечтим. Ыйлаганымда "үйүңдү сагындыңбы?!" деп коркутушчу", -деди Мира.

Бул видеолорду негизинен түштүккореялыктар көрөт. Алар ар бир мүнөт үчүн акча төлөшөт. Демек, Мира сыяктуу кыздар кардарды кызыктырып турушу керек.

Мира чакан батирде тогуз аял менен жашаган. Бир күнү чогуу жашаган кыздардын бири качып кетүүгө үлгүргөн. Андан кийин кыздарды бөлүп, Мираны башка батирге алып барышыптыр. Ал жерде Мира Жуин менен таанышкан.

Жуин 2010-жылы он алты жашында Түндүк Кореядан качыптыр.

Анын ата-энеси ажышарып кетип, үй-бүлөсү жакыр жашаган. Жуин он бир жашында мектепти таштап, энесине жардам берүү үчүн иштегенин айтат. Үйүнө акча жөнөтүү максаты менен Кытайга өткөн.

Мира сыяктуу эле Жуинди дагы кылмышкерлер алдап кетишкен. Ал Кытайга келгенде "директор" анын келбетин жактырбай, артка жөнөткүлө деген буйрук берген экен. Бирок Жуин өмүрүнө коркунуч жаралса да, Бээжинге келгенин айтып, иштеп калууну суранган.

"Мен бул ишти жек көрчүмүн. Бирок артка жөн кетип кала албай койдум. Чоң ата-энем өлүп кала электе күрүч жеп алышсын деген кыялым бар болчу", -дейт Жуин.

"Директордун" ата-энеңе акча жөнөтүүгө уруксат берем деген убадасы үчүн Жуин катуу иштеген. Көп өтпөй батирдеги башка кыздарга караганда ал көбүрөөк акча алып келе баштаган.

177 доллар табуу үчүн күнүнө төрт гана саат уктачу. Ал бир гана жакындарына жардам бергиси келген.

"Директор" кыздар тапкан акчанын 30 пайызын кайтарып берем дегени менен, Мира менен Жиундин колуна эч нерсе тийген эмес.

Жуин ата-энеме байланышат элем деп суранганда, "директор" "сен 53,200 доллар төлөгөндөн кийин гана байланыша аласың" деп айткан экен. Ал акчаны топтоп бүткөндөн кийин "сени жакшы жигитке күйөөгө сатам" деп алдаптыр. Бирок кыздар жыныстык кулчулукта кала берген.

Мира беш жыл, Жуин сегиз жылдан кийин качууну чечет.

Батирдеги кыздар алты айда бир гана жолу көчөгө чыгууга уруксат алышкан. Анда да эч ким менен сүйлөшпөй, бир аз басып, чачтарын жасатып, кайра батирге киришчү. Көчөдө жүргөндө "директор" кыздардан бир кадам калбай артынан басып жүрчү. Качып кетүү жеңил болгон эмес.

Миранын видеолорун көп жылдан бери көргөн кардарлардын бири кызды аяп, аны пастор Чун Кивон менен тааныштырган. Ал жыйырма жылдан бери түндүккореялыктарга жардам берип келген белгилүү киши.

Пастор Чун Кивонду түндүккореялыктар жакшы билет. Аны өлкөдөгү телекөрсөтүүлөрдө байма-бай жамандап турат. Пастор 1999-жылдан бери 1200 түндүккореялыкка жардам берди деп жоромолдонууда.

Ага ай сайын эки же үч түндүккореялык жардам сурап кайрылат. Бирок Мира менен Жуиндин окуясына ал абдан кабатыр болгонун айтты.

"Мен үч жылга чейин камакта болгон кыздарды көргөм. Бирок бул кыздар андан да көп убакыт кулчулукта болушту", -деди Чун Кивон.

Чун сексуалдык кулчулукка сатылган түндүккореялыктардын саны өсүп жатканын айтып, бул кылмышка Түндүк Корея чек ара кызматынын дагы тиешеси бар деген пикирде.

Канча аял кулчулукка сатылганы тууралуу маалыматтар жок. Бирок БУУ көптөн бери эле мындайлардын саны өсүп жатканына кабатырлануусун билдирип келет.

Чун бир ай бою Мира жана Жуинге кардар катары байланышып, Кытайдан качып чыгуу жолдорун талкуулашкан.

"Көп учурда кыздар кайсы шаарда экенин билишпейт. Бирок алар [Мира менен Жуин] Яньцзи шаарчасында экенин так билишкен. Ошондой эле терезеде көрүнгөн мейманканалардын атын айтышты. "Гугл картанын" жардамы менен, кыздар так кайсы батирди кармалганын аныктап алдык", -деди Чун Кивон.

Пастор ыктыярчыларын жөнөтүп, кыздарды Кытайдан чыгарып кетүүгө жетишти.

Бул кыздарды Түштүк Кореянын элчилигине жеткирүү керек. Себеби Кытайда калуу кыздар үчүн абдан кооптуу.

Бул кыздардын документи жок болгондуктан, өлкөдөн чыгып кеткиче мейманканада да калууга болбойт. Поезддерде жүрүп отуруп, кыздар 12 күндөн кийин гана Кытайдын чек арасынан башка өлкөгө чыгып кетишкен. Коопсуздук үчүн кайсы мамлекет экени ачык айтылган жок.

Түштүк Кореянын элчилигине кирип кетүү кыздарга абдан татаал болду.

"Тозокко барып келгендей эле болгом. Бирок Түштүк Кореяга өтүп кетсем, үй-бүлөмдү эч качан көрбөй калаарымды түшүнүп турдум. Мен аны каалаган эмесмин. Түндүк Кореядан качканымдын себеби башка болчу. Эми англис тилин үйрөнүп, гид болуп иштегим келет", -деди Мира.

"Мен башкалардай болуп жашагым келет. Кофе ичип, курбуларым менен сүйлөшүп... Мага бир күнү жаан токтойт деп айта беришчү. Бирок мансун сезону абдан көпкө уланып, күн чыкканда кандай болоорун деле унутуп калдым", -деп кошумчалады Жуин.

Кыздар Түштүк Кореяга жеткенде, аларды өлкөнүн атайын кызматы текшерет. Алар тыңчы эмес экени аныкталганда, атайын борборлорго жөнөтүлүп, коомго аралашып кетүүгө жардам алышат.

Алар психологиялык жардамдан тышкары, дүкөндөн азык-түлүк сатып алуу, чөнтөк телефонду колдонуу жана иш табуу боюнча сабак алышат. Ошондой эле Түштүк Кореянын жарандыгы берилет. (AT)