Bellingcat Солсберидеги ууландыруу боюнча экинчи шектүүнүн атын атады

Солсберидеги ууландырууга шектелип жаткан «Александр Петров» Россиянын Башкы чалгын башкармалыгынын офицери Александр Мишкин болуп чыкты. Бул жөнүндө The Insider интернет-басылмасы менен Bellingcat изилдөөчү тобунун биргелешкен иликтөөсүндө айтылат.

Bellingcat жазганына караганда, Мишкин, 1979-жылы 13-июлда Архангельск областында Лойга кыштагында туулган, «элиттик медицина академияларынын» бирөөн бүтүп, аскер-деңиз флотунун аскердик дарыгери болуп чыккан.

Мишкин окуп жүргөндө эле чалгын кызматына өткөн, 2010-жылы Москвага көчүп келген.

Москвада Мишкин Хорошевск шоссеси 76-б - дареги боюнча жашаган, бул Россиянын Коргоо министрлигинин башкы штабынын дареги менен туура келет (мурдакы чалгын кызматы). Би-би-си өз кезегинде россиялыктардын жеке маалыматтар базасынан бул маалыматтарды тактай алды.

Москвага келерден жана "Александр Петров" болордон мурда Мишкин Киров атындагы Аскердик-медициналык академиясында окуган. 2007-жылы Санкт-Петербургда Академик Лебедев көчөсү, 12 дареги боюнча катталган, бул жерде академиянын жатаканасы жайгашкан. Петербургда ал паспорт жана камсыздандыруучу жеке номерин алган.

Аскердик-медициналык академия Россиядагы аскер дарыгерлерин кесипкөй даярдаган негизги борбор. Академияда аскер кызматчыларын даярдоочу алты факультет жана жарандык дарыгерлердин билимин өркүндөткөн бир факультет бар. Алты факультеттин ичинде аскер-деңиз флоту үчүн дарыгерлерди даярдаган факультет бар.

Коргоо министрлигинин сайтында Аскер-медициналык академиясынын курсанттары жээктеги объектилерде жана атомдук энергетикалык аппараттарда радицациялык коопсуздукту камсыз кылганга окушат, радиациялык кырсыктардын кесепеттерин жоюуну үйрөнүшөт деп көрсөтүлгөн.

Лондон мурдакы орус чалгынчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлияны 15-сентябрда ууландырганга шектүү деп Россиянын чалгын кызматынын эки офицеринин атын атаган. 12-сентябрда Россиянын президенти Владимир Путин орус бийликтери Александр Петров менен Руслан Бошировду табышканын, алардын жөнөкөй жарандар экенин билдирген.

Кийинки күнү RT телеканалы "Петров" менен "Бошировдон" интервью алышкан, алар Солсбериге турист болуп барышканын айтып, ууландыруу боюнча айыптоолорду четке кагышкан. (КС)