You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Каталонияда көз карандысыздык боюнча референдум өтөбү?
Испаниянын өкмөтү Каталония аймагына миңдеген кошумча полиция кызматкерин жөнөтүү чечимин жактады. Испания Каталониядагы көз карандысыздык боюнча референдумду токтотууга аракеттенүүдө.
Каталониянын таратылган өкмөтү жекшемби күнү аймактагы бардык мектептерди шайлоо бекети катары колдонуу үчүн ачык кармоого өтүнгөн. Бирок Испан өкмөтүнүн басма сөз катчысы Би-Би-Сиге маек куруп, референдум мыйзамсыз жана ал өткөрүлбөйт деп айтты.
Каталония аймагынын таратылган өкмөтү беш жылдан бери Испаниядан бөлүнүп, өз алдынча мамлекет болуу үчүн референдум өткөрүүнү талап кылып келет.
Бүгүн мектептер жабылгандан кийин Каталониянын улутчул саясатчылары аймактагы мектептерди шайлоо бекеттерине айландырууну көздөйт. Бирок Испан өкмөтүнүн басма сөз катчысы Иниго Мендез де Виго мыйзамсыз шайлоону өткөрүүгө жол берилбейт деп билдирди.
Өткөн аптада бир нече Каталониянын расмийлери камакка алынган. Полиция референдумга байланышы бар миллиондогон баракчаларды дагы конфискациялаган.
Каталониянын өкмөтү референдумдун жыйынтыгынан кийин 48 сааттын ичинде көз карандысыздыгын жарыялашы мүмкүн деп маалымдады. Бирок Испания миңдеген полиция кызматкерлерин Барселонага жөнөттү. Алар калаанын портундагы эки кемеде даяр туруп, референдум өтө турган болсо, аны токтотууга аракеттенет деп маалымдалууда.