You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Шаарларда бадал тосмолор абаны дарактан мыкты тазалайт
Көбүнесе бакчаларга ылайыкталып тигилип, тосмо кылып өстүрүлгөн жыш өскөн майда бадалдар бийик имараттар жайгашкан шаарларда дарактарга караганда абаны мыкты тазалайт. Бул тууралуу иликтөө жыйынтыгы Atmospheric Environment журналына жарыяланды.
Иликтөөдө бийик өскөн дарактар ачык жерде абаны мыкты тазалай турганы белигилүү болгон. Ал эми бийик имараттар жайгашкан шаарларда мындай милдетти майда бирок жыш өскөн бадалдар мыкты аткарышат.
Иликтөө авторлорунун бири Суррея университетинин профессору Прашант Кумар, шаар бийлиги тротуарлардын бойлой ушундай жашыл тосмолорду өстүрүп көрүшү керек дейт.
Азыр Кумар сыяктуу иликтөөчүлөр жыш өскөн бадалдардан турган жашыл тосмолордун бийиктиги канчалык болуш керек, кандай болгондо шаардагы абаны мыкты тазалайт дегенди аныктоого аракет кылышууда.
Иликтөө авторлору бийик өскөн дарактарга каршы эмес. Тескерисинче бак-дарактарды мүмкүн болушунча көп эгүү керек дешет. Анткени барган сайын шаар калкынын саны өсүүдө.
Жыш өскөн бадалдардын турган жашыл тосмолордун абаны канчалык тазалашы толук өз баасын ала элек. Профессор Кумардын айтымында, мындай жашыл тосмолор «унаадан чыккан түтүндөрдүн деңгээлиндеги» абаны мыкты тазалаганы менен пайдалуу.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, булганган аба ири шаарлардагы калктын саламаттыгынын начаралашынын негизги себептеринин бири болууда. 2016-жылдын соңунда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму планета калкынын 92% абадагы токсиндер жогору болгон жерлерде жашайт деп билдирген эле. (AbA)