Коронавирус: пандемия маалында психиканы кантип сактоо керек?

Коронавирустан улам дүйнөдө белгисиздик өкүм сүрүүдө. Жаңылыктарда мунун аягы жок сыяктуу эле айтылып жатат.

Мындай кырдаал кишилердин психикалык абалына таасир этпей койбойт. Өзгөчө психикасы бузулган кишилер үчүн оңой эмес.

Өзүндүн психикаңды кантип сактап калууга болот?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) бир катар кеңештерди сунуштап, аны эксперттер жана коомдук сайттардын колдонуучулары кубаттады.

"Тынчсыздануу - киши эртең эмне күтүп турганын билбей, келечегинен санаа тартып, мына-мына бирдеме болуп кетчүдөй абал. Коронавирус боюнча кырдаал мына ушундай абалды жаратат",-дейт Mind кайрымдуулук уюмунун өкүлү Роузи Уитерли.

Эксперттердин айтымында, психикасы жабыркаган кишилерге ушул күндөрдө кошумча жардам керек болот. Бирок алар өздөрүнүн абалына кам көрүү үчүн колдон келгенин жасашы керек.

Жаңылыктарды аз окуп, керектүү маалымат булагын гана тандап алыңыз

Ник Лидберг тынчсыздануудан пайда болгон туталак кишилерге жардам берген британдык AnxietyUK ассоциациясынын мүчөсү. Анын айтымында, коркунучтан улам кырдаал көзөмөлдөн чыгып, аны жайгарууга мүмкүн болбой калат. Мунун негизги себеби - психиканын бузулушу.

Коронавирус тууралуу маалыматтардын агымы Никтин абалын оордоштурду. Ал эки баланын атасы жана Кент аймагында жашайт. Акыркы учурларда Ник дүрбөлөң түшүргөн бушаймандыктан жабыркап жатат.

"Мен катуу тынчсызданып баштаганымда ойлорум көзөмөлдөн чыгып, катастрофа келе жаткандай абалда болом",-дейт Ник. Ал улгайып калган ата-энесин жана үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүн ойлоп, тынчсызданып жаткан экен.

Ага көп убакыт интернетке кирбей, жаңылыктарды окубай туруу чоң жардам берет. Көпчүлүк кишилер убактысынын көбүн маанайды түшүргөн маалыматтарды көрүүгө коротушат. Белгилүү бир саатта гана жаңылыктарды бир сыйра карап коюңуз. Коомдук сайттарга корогон убакытты чектеңиз.

Медиа айдыңындагы фейк маалыматтардын көп экенин эсепке алганда, жалаң гана ишенимдүү маалымат булактарын колдонгонду өздөштүрүңүз.

Интернети жок убакыт өткөрүү өтө маанилүү

24 жаштагы Алисон Манчестер аймагынан. Ал өзүнүн саламаттыгына кабатыр болуп, коронавирус тууралуу көп маалыматты билген туура деп эсептеген. Ошондуктан ал убактысынын көбүн интернетке коротот. Интернет дүрбөлөң түшүргөн абалды жаратып коюшу мүмкүн экенин жакшы түшүнөт.

"Бир ай мурун хэштег аркылуу кирип, маалыматтарды издеп жүрдүм. Көрсө, коомдук сайттарда таштанды материалдар өтө эле көп экен. Аныгын билгенге чейин абдан тынчсызданып, ыйлап да жүрдүм",-дейт Алисон.

Азыр эми кайсыл булактан маалымат алыш керек экенин жакшы өздөштүрүп алган. Хэштег аркылуу коронавирус тууралуу окубай калды. Алисон акырындык менен коомдук сайттарга жана телевизорго кеткен убактысын китеп окууга арнаганга өттү.

Колуңарды жуугула, бирок өтө эле ышкалай бербегиле. Айрым психикасы жабыркаган кишилер үчүн улам эле "колду таза жуугула", "такай гигиена каражаттарын колдонгула" деп эскерте берүү дагы тынчсыздануу алып келет. Айталы, азыр коронавирус пандемиясынын шартында колду жуугула деп кеңеш берип жатышат.

Баарлашуу

Өзүн изоляцияда кармаган кишилер саны өсө бериши мүмкүн. Ошондуктан мындай абалга туш болсоңуз сизге жакын кишилердин телефону же электрондук даректери аркылуу байланышып, баарлашып туруңуз.

"Убактысын келишип алып, күн сайын бири-бириңердин абалыңарды сурап тургула. Айланаңыздагылар менен дайыма байланышта болуңуз",-деп кеңеш берди Роузи Уитерли.

Өзүңүздү изоляцияда кармап жаткан болсоңуз, адаттагы эле режимиңизди карманып, ар бир күнүңүз бири-биринен айырмаланып туруусуна аракет кылыңыз.

Мурда кол жетпей жүргөн иштерди кылыңыз. Маселен, китеп окуган дурус. Жыйынтыгында эки апта изоляция өтө продуктивдүү болушу мүмкүн.

Нервти аяңыз

Пандемия канчага уланарын ким билсин. Кандай болгондо дагы күндүн нурун көбүрөөк алыңыз деп кеңеш берет адистер. Спорт менен алектенип, жакшы тамактанып, сууну жетиштүү ичүү керек.

Сизди бушайман кылган ойлор убактылуу экенин унутпаңыз. Кырдаалды баалооңуз дагы субъективдүү болорун эстеп туруңуз. Тынчсыздануу бир аз убакыттан кийин сизден өтүп кетет. (AbA)