Бактылуулук деген эмне? Аны сезүүдөгү эң жөнөкөй эрежелер

    • Author, Ева Онтиверос
    • Role, Би-Би-Си

20-мартта Дүйнөлүк бакыт күнү белгиленди. Бирок бул күнү сиз өзүңүздү бактысыз сезген абалда болсоңуз деле көп көңүл чөгөрбөңүз. Анткени бактылуулукту окуп үйрөнсө болот.

АКШнын Йел университетинин психология боюнча окумуштуусу профессор Лори Сантостун пикиринде, киши бактылуу болуш үчүн машыгуу зарыл. Ооба, музыканттар, спортчулар сыяктуу эле машыгуу керек.

"Бактылуу сезимдер өзүнөн-өзү келбейт. Аны сезе билүүнү дагы үйрөнүш керек",-дейт Сантос.

Окумуштуунун "Психология жана бактылуу жашоо" деп аталган курсу студенттер арасында өтө популярдуу. Университеттин 317 жылдык тарыхында мындай болгон эмес экен. Айталы, өткөн жылы анын курсуна 1200 студент жазылган. Бул өтө жогорку сан.

"Илим аныктагандай, бакытка жетүү үчүн аң сезимдүү күч-аракет жумшоо зарыл. Бул жөнөкөй эмес, бир топ убакытты талап кылат",-дейт Лори Сантос.

Окмуштуу бакытка жетүүдөгү беш негизги көнүгүүнү сунуштайт:

1. Жашоодо жетишкен ийгиликтердин тизмеси

Сантос студенттерине күн сайын башынан өткөргөндөрүн күндөлүккө түшүрүүнү сунуштайт. Мына ушундай жол менен кишинин тагдырга ыраазы болгон нерселеринин тизмеси түзүлөт.

"Балким бул өтө эле жөнөкөй көрүнүшү мүмкүн. Бирок биз күндөлүк жазган студенттер өздөрүн көбүрөөк бактылуу сезгенин көрдүк",-дейт Сантос.

2. Узак жана терең уйку

Күн сайын кеминде сегиз саат уктоо тууралуу тапшырма - студенттер үчүн оңой жоопкерчилик эмес деди окумуштуу.

"Бизге белгилүү болгондой, уйкуну кандыруу депрессияга чалдыгуу кооптуулугун азайтып, жалпысынан кишинин маанайына таасирин тийгизет".

3. Медитация

Каалаган жерде, калаган учурда медитация кылганга болот

Сантос күнүнө жок эле дегенде 10 минутадан медитация кылууну сунуштайт. Анын айтымында, студенттик курагында медитация стресстен арылууга жардам берген.

Азыр эми студенттерине изилдөөлөрүнүн тыянактары боюнча айтып берет: медитация жана ой-санааны бир жерге чогултуу бактылуулук деңгээлин жогорулатат.

4. Жакын досторуңуз менен көп баарлашыңыз

Психолог ырастагандай, туугандар жана достор менен баарлашуу маанайды көтөрүп, киши өзүн бактылуу сезет.

5. Коомдук сайттарда көп отурбаңыз

Коомдук сайттардан кишилер жасалма бактылуулуктун даамын сезүүдө. Буга каршы туруу өтө маанилүү деп белгилейт Сантос.

"Акыркы маалыматтар ырастагандай, "Инстаграм" сыяктуу сайттарды активдүү колдонгондор анда-санда колдонгондорго караганда, өздөрүнүн жашоосуна анчалык ыраазы эмес",-деди Сантос.

Баары жөнөкөй: бактылуу болгуң келсе, өз тагдырыңа ар дайым ыраазы бол, жетиштүү укта, жакындарың менен байланыштарды үзбөй, баарлашып тур. Коомдук сайттардан мүмкүн болсо алыска кач.

Эгерде бул кеңештер Йел студенттерине таасирин тийгизген болсо, балким сизге деле пайдалуу. (AbA)

*