Үй бүлөдөгү зомбулуктан аялдар жабыркайт

Кыргызстанда жылына 12 миңден ашуун адам үй бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылат. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча зомбулукка кабылгандардын 95% аялдар. Мындай көрүнүштү азайтуу максатында, Жошорку Кеӊеште тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыккан.
“Кыргызстанда соңку кездери уруп-сабоо, мыкаачылык менен коштолгон үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук чындыгында абдан көбөйдү. Муну биз күн сайын интернеттеги түрдүү сайттардан окуп, көрүп жатабыз. Күн сайын зомбулукка байланыштуу сайттарга куру дегенде 3-4 маалымат чыгат. Азыр “үй” деген "коопсуз" жайга айлангандай. Адамдар эл арасында, кызматта жүргөндө маска кийип, абдан сыпайы жүрүшөт. Үйгө келгенде “өзүмдүн үй-бүлөм, өтүгүмдү төргө илем” дегендей болуп, өлтүрсөм койсом өзүм билем дегендиктен ар кайсы окуялар чыгып жатат”, - дейт үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылгандарды социалдык коргоого алуу тууралуу мыйзам долбоорунун жетекчиси, ЖК депутаты Таалайгүл Испканува.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгондордун 95% аялдар. Атап айтканда, кызыл камчы жолдошунан таяк жеп көзү-башы көгөрүп жүргөн аялдар миңдеп саналат. Бирок анын баары эле ачыкка чыга берүүдөн тартынат.
Өлкөдө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, жогорку жаза - аялга зордук-зомбулук көрсөткөн эркек беш жылга эркинен ажыратылат. Бирок бир да эркек мындай жаза менен жоопко тартыла элек дешет байкоочулар. Мунун эң башкы себеби, аялдар ачуусу келип турган чакта арыз жазып, кайра бир-эки күндөн кийин арызын алып коюшат. Экинчиден, аялдар арыз менен кайрылган чакта да укук коргоо органдары тарабынан бул маселе аягына чейин чыгарылбай калган учурлар бар. Ал эми маалыматы болгондору кризистик борборлорго кайрылат. Кыргызстанда бул багытта иш алып барган 10дой кризистик борбор бар. Алардын бири “Сезим” кризистик борбору.
“Бизге кайрылган аялдар эң соңку, такыр эле жарабай калган учурда келишет. Аларды карап бооруң ооруган учурлар көп. Көк-ала болуп же бир жери сынып гана келбестен, психологиялык жактан да болуп көрбөгөндөй жабыркап кайрылышат. Мамлекет бул жаатта алгылыктуу иш барса жакшы болмок. Көп жылдар бою басылбай келаткан көйгөй азаят беле”, - деди аталган кризистик борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова.
Байкоочулардын айтымында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук шаар жерине караганда айыл жерлеринде абдан басымдуу. Жада калса айыл жеринде аялга ырайымсыз мамиле жасоо нормалдуу эле көрүнүш катары каралган учурлар арбын. Андыктан элеттик аялдардын көпчүлүгү өз укуктарын коргоодо жардамга муктаж. Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы миңдеген аялдарга зордук-зомбулук болгон, акыркы беш жылда он миңден ашык үй-бүлө ажырашып, жалгыз бой аялдардын саны көбөйгөн.
Мындан эки жыл мурда “Жабыркаган бир үй бүлө мамлекетке канча каражат зыян келтирет?” деген долбоор өлкөнүн акыйкатчы институту менен эл аралык уюмдар тарабынан иштелип чыккан. Алар “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун аягы өлүм менен аяктаган бир учурду изилдеп көргөн. Анда ооруканадагы дарыгерлердин айлыгы, анализдердин суммасы, он төрт жылга кесилген адамдын тамак-ашы жана башкалардын каражаттары кошулган. Иликтөөнүнү жыйынтыгы, бир үй-бүлөдөгү чыр үчүн мамлекет 1 жарым млн сом акча зыян тартары аныкталган.
Ошентип, Кыргызстанда аял укугун билиши керек, ал коргоого муктаж деген сыяктуу пикирлер жаап жаткан чакта, казан-аяк кагышат деп, уруш-талаштарды нормалдуу көрүнүш катары баалагандардын катары дале болсо калың.











