Дүйшөн Маматканов: Өкмөт биз сунуштаган стратегияны караган жок

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев БУУнун Башкы ассамблеясынын кезектеги сессиясында чыгып сүйлөп, Борбордук Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип пайдалануу жана башкаруу жөнүндө маселени көтөрдү. Министр өзүнүн аймагындагы суу ресурстарын сактап, топтоп берип жатканы үчүн тийиштүү көлөмдө экономикалык компенсация албай жатканын, буга Борбордук Азия өлкөлөрүндө суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдалануу боюнча бирдиктүү көз караш, түшүнүк жок болуп жатканы тоскоол болуп жатканын баса белгилеп, Кыргызстан менен Тажикстандын ГЭСтерди куруу долбоорлорун ишке ашыруу бүтүндөй региондун керектөөсүн жаба алмактыгын айтып кетти.
Кыргызстандын Улуттук Илимдер академиясынын академиги, Улуттук Илимдер академиясынын суу жана энергетикалык проблемалар боюнча институтунун директору Дүйшөн Маматканов өз кезегинде Би-Би-Сиге Борбордук Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип пайдалануу боюнча мамлекет аралык келишимдерге 90-жылдардын ортосунда эле кол коюлганын, бирок аларды аткаруу, ишке ашыруу кечеңдеп келатканын билдирди.
Д. Маматканов: Бул маселелердин баары Борбордук Азиянын беш президентинин, өкмөт башчыларынын колу коюлган келишимдер менен чечилип, бекиген. Тилекке каршы, суу топтогон Кыргызстан менен Тажикстан керектөөчүлөргө ошол келишимдерди аткарууга эч кандай сунуш киргизген жок. Ошол үчүн чечилбей келатат. Баарын саясатташтырып коюшуп, бирдеме болсо эле жолду, аба жолун жаап, газды жаап, ошондон коркуп маселени көтөрбөй, 93-жылдан бери ушул убакка чейин келди.
Керектөөчү өлкөлөр болсо ошого көнүп алып, кудай жалгап булар эчтеке бербейт экен деп, бизди БУУнун жыйындарында, башка мамлекеттерде сүйлөп, бизди агрессор, желмогуз, каракчы кылып жамандап келатат. Ошентип жатса дагы унчугушпайт. Бирок бул маселе боюнча тажиктер соңку убакта жакшы иштерди баштады. Бирок дагы эле конкреттүү сунуш же чечим киргизген жери жок.
Би-Би-Си: Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында август айынын башында БУУнун демилгеси менен өткөн жыйынга сиз да катышкан элеңиз. Ошол жыйында ушул маселени көтөрүп, бул региондогу суу-энергетикалык кызматташтыкты рационалдуу уюштуруу боюнча сиз кандай сунуш бердиңиз?
Д. Маматканов: Мен үч сунуш бердик. Биринчиден, суу жаратылыш ресурсу катары өзүнүн баасы бар, башкача айтканда товар деп таануу жөнүндө. Бул базардагы товар болбойт, социалдык-экономикалык товар болот. Кеткен суу үчүн аны пайдаланган ар бир адам төлөш керек. Мына ушул маселени көтөрсөм, ал кирди симпозиумдун жыйынтык документтерине. Экинчи маселе, биздин суубузду өзүбүз ала албайбыз, жалаң эле коңшулар алат. Өзүбүз алсак, алар чыр-чатак чыгарат. Ошондуктан ал маселе да чечилбей келатат. Ошондуктан сууну туура бөлүштүрүү жөнүндө маселе боюнча да сунуш киргиздим.
Үчүнчүсү, мына «Токтогул» суу сактагычы кыргызга зыяндан башка эчтеке бербейт. «Токтогул» Кыргызстанга жылына 150 млн доллар чыгым алып келет. Ошонун эсебинен Өзбекстан эле жылына 800 млн доллар пайда табат. Анткени алар Казакстан менен бирге бир миллион 300 миң гектар жерди сугарат. Ал суудан Кыргызстан дээрлик пайдаланбайт. Мына ошондуктан алар суудан канча алса, ошого жараша ошонун чыгымын көтөрсүн деген үч маселени көтөрдүм.
Мен бул маселелердин чечүү жолун эбак, 1996-жылы иштеп койгомун. Мына быйыл эле жылдын башында Өкмөткө дагы сунуш бердик. Биз берген эсепке ылайык, сууга акы төлөөнү киргизсек эле, андан жылына эки жарым миллиард сом түшүп турат экен. Ошондо суу менен иштегендердин баарысы өзүнүн салыгы менен жан сактамак. Биз алып аткан акчалардын баары бошомок.
Би-Би-Си: Кыргызстан менен Тажикстан өзүнүн аймагында ГЭСтерди куруу долбоорлорун баштаган, бирок Өзбекстан буга катуу каршы чыгып жатканы белгилүү. Сиз бул каршылыкты жоюнунун кандай стратегиясын көрүп турасыз?
Д. Маматканов: Тажикстанда Рогун ГЭСин курган жатышат. Ал чоң ГЭС. Ал сууну чогултуп алып, кышкысын электр кубатын иштеп чыгат. Демек кышкысын сууну кое бериши керек. Төмөн жагына суунун кереги жок. Балким жеринин баарын каптап кетиши мүмкүн. Булар электр энергия менен өзүн өзү багат.
БУУнун Хелсинки конвенциясы бар, ошондо суну башкаруу тууралуу мындай деп айтылат. Суу ошол мамлекеттин менчиги. Канча керек болсо,ошончо суу алат. Себеби кийинки урпактарынын керектөөсүнө дагы зыяны тийип калбагыдай пайдаланганга акысы бар. Демек, алардын акысы бар ал сууну пайдаланганга. Булар аны саясатташтырып жиберип, Россия курам деп коюп, коңшулар менен мамилебиз бузулат деп курбай койду. Бирок алар куруп жатат, курганга акысы бар.
Ал эми «Камбар-Ата» ГЭСи боюнча. Биринчиден, «Камбар-Атанын» курулушу коңшуларга эч кандай зыян келтирбейт. Ал Токтогул суу сактагычынан 60-70 км эле жогору турат. Айдоо жер жок, айыл жок. Жайыт жок, жардын ортосу менен агат. Экинчиден, анын көлөмү аз эле, беш миллиард куб. Керек болсо андан да аз. Сууну жаап койгон күнү да Өзбекстан менен Казакстанга таасир этпейт. Анткени астында Токтогул суу сактагычы турат. Көлөмү 19,5 милилард кубометр. Эми ушул жүйөөнү биздин өкмөт айта албайт. Эмне үчүн көтөрбөй жатканын билбейм. Саясатташтырып жиберген да. Коңшулар жаман көрөт, чек араны жаап коет, газ бербей коет деп коркуп келишти.
Экинчиден, «Камбар-Ата-1» курууга анчалык деле зарылдык жок. Кереги да жок. Мындай курулушта кеткен каражаттын экономикалык эффективдүүлүгү болуш керек. Биздин суу-чарба энергетикада кеткен каражат алты-сегиз жылдын ичинде өзүнүн жабылып, пайда берсе гана экономикалык жагынан эффективдүү деп таанылат. «Камбар-Ата» андай эмес. Ал 25-30 жылда өзүн актайт. Андан иштелип чыккан электр кубатын пайдалана турган завод-фабрикабыз жок. Сата турган рыногубуз жок. Анын техникалык-экономикалык негиздемеси да бүтө элек. Ага төрт-беш жыл кетет. Курганга он жыл кетет. 25-30 жылда өзүн актаса, 40-45-жылда барып анан пайда берет экен. Анын эмне креги бар?
Би-Би-Си: Кыргызстан CASA -1000 эл аралык долбооруна кошулуп, Афганистан менен Пакистанга электр кубатын экспорт кылууну пландап жатпайбы?
Д. Маматканов: Ал элди алдаган сөз болуп жатат. Ал долбоорду Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан, Пакистан түзүп жатат. Афганистан менен Пакистанга электр кубаты жетишпейт. Тажикстанга керек, анткени Рогун ГЭСи иштеп чыккандын баарын алар сатып алат. Беш-алты жылда өзүнүн чыгымын актайт. Бүткөндөн кийин анын кубаттуулугу Токтогулдан үч эсе көп болот. Ошондо ал биздикин сатабы же өзүнүкүн сатабы? Өзүлөрүнүкүн сатат да, эртең айтат: “кечирип коюңуздар, линия толуп калды” деп.
Ошондуктан биз Сары-Жаз дарыясынын потенциалын изилдеп, Кытайды кызыктырып, техникалык-экономикалык негиздерин даярдадык. Кытайлар келип, экспедиция жасап кетти. Бизге үч электр станция куруп берели деп жатышат. Эки электр станция биздин аймактын ичинде, үчүнчүсүнүн плотинасын биздин аймакка коюп, 21 км казып, Кытайдан чыгарып, Токтогулдай ГЭС кылалы дешти. Бекер куруп берели деп жатышат. Жер биздики болгондон кийин кошумча электр энергия берет. Иштелип чыккан энергиянын баарын Кытай өзү сатып алат.
Кытайда электр энергиянын 82 пайызын жылуулук электр станциялары иштеп чыгат. Жайкысын ысык сууга керектөө жок, баары токтоп калып атат. Ошондуктан, аларга керек, баарын сатып алышат. Бирок биздики курдурбай жатат. Мунун баары эмнеден? Мунун баары бизде идеология, стратегия жок. Стратегия менен идеологиясын биздин институт мындан он-жыйырма жыл мурда эле иштеп чыгып, Өкмөткө бергенбиз. Карашпайт. Ким келсе, өзүнүн идеясын чыгарат, андан эчтеке чыкпайт. Ушинтип отурсак биз кантип оңолобуз?









