Чавушоглу: Гүлен жамааты Кыргызстанда төңкөрүш аракетин жасашы мүмкүн

Сүрөттүн булагы, EPA

Түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Фетхуллах Гуленди бербесе АКШ менен Түркиянын мамилесине терс таасир этет жана Гүлен жамаатынын башка өлкөлөрдөгү байланыштары боюнча алар “Кыргызстанда төңкөрүш аракетин жасашы мүмкүн” деди.

CNN Turk каналындагы программага катышкан министр Фетхуллах Гүлендин жамаатына жакын мектептер Сомалиде, Иорданияда жабылганын, Япония жана Македония баш болгон башка өлкөлөрдө бул боюнча иштер жүрүп жатканын айтып, жамаат Кыргызстанда төңкөрүш аракетин жасашы мүмкүн деди.

“Ыйгарым укуктуу элчилерибиз менен бирге булар тууралуу маалыматтарды берип баштадык. Коркунучту көрүп башташты”, - деди Чавушоглу Кыргызстан тууралуу.

“Мисалы, Кыргызстан, ал жерде да төңкөрүш жасоого аракет кылышы мүмкүн. Кыргызстанда бир төңкөрүш болсо, аны “Фетхуллах террор уюму” (ФЕТУ) кылат. Алар ал жердеги бардык органдарга кирип алышкан”, - деп сөзүн улады Чавушоглу.

“Кыргызстан биздин бир тууганыбыз, бир тууган өлкө. Биз ээ болгон чалгын маалыматтарды дароо айтышыбыз керек. Кыргызстанда мурда бир нече төңкөрүш болгон. (...) Ал жердеги эң чоң түзүлүш ФЕТУ. Тиешелүү маалыматтарды берип жатабыз”.

Мевлүт Чавушоглу буга чейин да маалымат каражаттары аркылуу Кыргызстанды Фетхуллах Гүлендин жамаатына каршы аракет көрүүгө чакырган.

Андан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аны өлкөнүн ички иши деген билдирүү тараткан. (АК)