Мамлекеттик ипотеканын айрым шарттары өзгөрүүдө

Сүрөттүн булагы,
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
Бюджетте иштегендер мамлекеттик ипотекалык кредит жеткиликсиз болуп жатат дешүүдө. Азыркыга чейин өлкө боюнча 132 гана киши жеңилдетилген насыя менен үй алалды.
Кардарлар кредиттин шартына шаарлардан үй келбегенин, башкы төлөм жана пайыз көп экенин айтышууда. Ал арада Мамлекеттик ипотекалык компания шарттарды жумшартып баштады.
“Арзан турак-жай” арзан болбой жатабы?
Би-Би-Си маектешкен жарандардын айрымдары үчүн ипотекалык кредиттин башкы төлөмүн табуу, айга бөлүнгөн сумманы берүү кыйын. Айрымдары ортомчу ролду ойногон банктардын талаптарынан улам берилчү каражатка үй келбей турганын айтышты. Дагы башкаларына кирешеси өтө аз болгондуктан банктар кредит берүүдөн баш тарткан.
Билим берүү тармагында иштеген Айнагүл Ташыбаева жалгыз бой эне. Ал үчүн кредиттин баштапкы төлөмү көп.
“Башкы төлөмдү табыш кыйын болуп жаат. Андан сырткары көпчүлүктү ай сайын төлөнчү сумма кыйнап койчудай. Мисалы, биздин айлык 10 миң сомдун эле тегерегинде. Бир үйдө жалгыз бойлор бар. Бул ипотекалык кредит бизге жеткиликсиздей сезилип жатат. Ошентсе да үмүт үзбөй аракет кылып жатабыз”, - деди Айнагүл Ташыбаева.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ал эми бишкектик медайым болсо мамлекеттик тармакта иштеген төрт үй-бүлө мүчөсүнүн кирешесин кошкондо да каалаган суммасын алалбай жатат. Анын айтымында, жогорку чек эсептелген 3 миллион сомду төрт кишинин айлыгына банктар беришкен эмес. Аз суммага бой жеткен балдары менен батчу үй келбейт дейт ал.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, ушул кредитти берүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү Рыскелди Момбеков тизмеге үй-жайлуу мектеп директорлору, баш дарыгерлер кирип алганын айтты.
“Райондук билим берүү башкармасынын жетекчиси, райондук оорукананын башкы дарыгерлери кирип калган учур көп. Тизмени райондук акимдин орун басарлары түзөт. Биз – комиссия алар берген тизмени гана бекитебиз. Жоопкерчилик аларда”, - деди Момбеков.
Тизмеге илингендер төрт жарым миңден көп болсо, үй алганы 132 гана. Рыскелди Момбеков арзан турак-жайга жапырт жазылып, бирок акыркы этапка – банк менен макулдашууга келгенде көптөрү баш тартып жатканына токтолду:
“Бир кишинин жашоо минимуму 6600 сом, эки кишиники 13 миң сом, балдардыкы 3600дөн деп эсептелет. Банктар ага уюлдук телефондун бирдигин кошуп жатышат. Ошентип үй-бүлөнүн кирешеси айына 25 миң сом болуш керек. Андай акчаны таппаган үй-бүлөлөр бар да. Банктар элдин талабын эске албай, өздөрүнө ыңгайлуу шарттарды карашат экен”.
Момбеков банктар ортодон беш пайыз алып жатканына каршы. Ал андан башка шарттарын да өзгөртүүнү сунуштап келатам дейт.
“Шарттарды жеңилдетип жатабыз”
Мамлекттик ипотекалык компаниянын директору Бактыбек Шамкеев банк берген каражатка үй келбейт деген дооматтарга жооп берди.
“Бул бюджеттик ссуда. Турак-жайлар да социалдык болуш керек. Ал каражатты Каржы министрлигине кайра жылдык беш пайыз менен кайтарып беришибиз керек. Андан сырткары өнөктөш банктар өздөрүнүн беш пайызын койгон. Алар документтерди чогултушат. Кийин көзөмөлдөп турушат, кардарлар кайтарып бере албай калса, акчаны бизге өздөрү беришет. Ал эми бизге калган 204 пайызга биздин компания жашайт”, - деп түшүндүрдү Шамкеев.
Тизмеге үйү барлар кирип жатканы тууралуу айтып жатып, Шамкеев аны документте далилдей албайсың деп билдирди:

Сүрөттүн булагы, Getty
“Бизге тиешелүү эмес адамдар киргени тууралуу маалымат түшкөн. Бирок алар документтер силердин талабыңарга жооп берет деп жатышат. Аларды четтетүүгө чынында укугубуз жок”.
Шамкеевдин айтымында, банктар кардардын айлык кирешесинин орточо 60 пайызы кредитти төлөгөнгө жетсе акча берип жатышат. Калган 40 пайызы жашоого кетет деп эсептелет. Анын маалыматына караганда, ипотекалык кредитти жүз пайыз маянасына барабар берген өлкөлөр бар.
Бирок ипотекалык компания батирлер 70 чарчы метрден ашпасын деген чекти 80 метр чарчыга, бир метр чарчысы 600 доллардан ашпасын дегенди 800 долларга жылдырып жатат. Азыр 126 миллион сомдук кредит берилди. “АКБ Кыргызстан” банкы менен үй куруу долбоору башталууда.
Ипотекалык компанияга Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 350 миллион сом бөлүнгөн боюнча каражатсыз туруп калганын депутат Рыскелди Момбеков айтты. Эми 3,5 млрд сомдук баалуу кагаз чыгарды. Ага уруксаат болуш үчүн президент тиешелүу мыйзамга кол койду. Мамлекеттик ипотекалык компания бул баалуу кагаз сатылган каражатка “арзан турак-жай” менен камсыз кылуу уланат дейт.
Мамлекеттик ипотека кредити саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине берилүүдө. Мөөнөтү он беш жылга чейин. 10, 20 30 пайыздык баштапкы төлөмгө жараша жылдык пайызы 12, 13, 14%. Жер тамдын аянты 150 чарчы метрден ашпаш керек. Кредиттин жогорку чеги 3 миллион сом.








