АКШ-Кыргызстан: кызматташууну жаңы деңгээлге чыгаруу аракети

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттар тобу кызматташуу, тажрыйба алмашуу максаты менен АКШда жүрөт.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттар тобу кызматташуу, тажрыйба алмашуу максаты менен АКШда жүрөт.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттар тобу кызматташуу, тажрыйба алмашуу максаты менен АКШда жүрөт. Аларга куйрук улаш эле Вашингтонго бир катар оппозициялык маанайдагы саясатчылар, журналисттер барды. Бул иш сапарлар туралуу коомчулукта түрдүү талкуулар жүрүүдө.

Өткөн жылы АКШнын мамлекеттик департаменти Азимжан Аскаровго “Адам укугун коргоочу” аттуу сыйлыкты ыйгаргандан кийин, кыргыз өкмөтү 1993-жылы кабыл алынган АКШ менен кызматташуу келишимин жокко чыгарган болчу. Жаңы келишим даярдалып жатканы айтылган менен азыркы күнгө чейин кабыл алына элек.

АКШда иш сапары менен жүргөн кыргызстандык беш депутаттын бири, КСДП фракциясынын депутат Жанарбек Акаев: “Бул жакка келген депутаттар АКШ менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы жаңы келишимде саламаттыкты сактоо билим берүү, айыл чарбасы багытына жардамдарды көбөйтүү өтүнүчүн айттык. Ошондой эле жолугушууларда АКШ айрым учурларда Кыргызстандын ички ишине кийгилишкен учурлар коомчулукту кыжырдантып, терс кабыл алынып жатканын белгиледик. Маселен, Азимжан Аскаров боюнча да айттык. Эгемен өлкөнүн соттук чечимине комментарий берип, ар кандай чакырыктарды таштоо туура эмес, бизде улут аралык мамиле абдан аярлуу маселе ошондон абайлагыла деп айттык”.

Кийинки айдын башында АКШ конгрессинин кадыр-барктуу сегиз өкүлү Кыргызстанга келет деп күтүлүүдө. Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык туралуу жаңы келишим ошондон кийин, же алдын дагы кабыл алынып калышы мүмкүн дейт Жанарбек Акаев.

КСДП фракциясынын депутаты Жанарбек Акаев.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, КСДП фракциясынын депутаты Жанарбек Акаев.

Маалыматтарга караганда жаңы келишимдеги эң чоң өзгөртүү мурда АКШ гранттарын өзү каалаган тармакка салып келген. Бул жолу мындай гранттарды кыргыз өкмөтү берген багыт, көрсөтмөлөр менен гана бөлүштүрөт деп айтылып жатат.Бирок жаңы келишим даярдалып жатканы менен ал парламент комитетинин талкуусуна али сунуштала элек.

"Долбоор иштелип жатат, бирок биздин комитетке келе элек. Биринчи өкмөт менен элчилик иштеп, эки өлкө ортосундагы келишимди алар жактыргандан кийин гана биздин комитетке келет. Эки өлкө ортосундагы келишим денонсация болгонго чейин АКШнын көп тармактан жардамдарын көрүп келгенбиз. Маселен, энерго секторду тартипке келтирүү долбоору болгон, айыл чарбасында, кичи жана орто бизнести колдоо, өндүргөн товарлардарды экспортко чыгаруу сыяктуу экономикалык долбоорлор болгон. Менимче келишимде ушулар эле кайра каралат го деп ойлоп жатам. Анткени жакында эле мына Евробиримдиктин «ВСП+» деген долбоорунун негизинде бизге 28 мамлекет эшигин ачып жатат. Биз алты миң түрлүү товарларды пошлинасы жок ошол жакка алып кире алабыз. Ишкерлердин деңгээлин көтөрүүдө АКШнын долбоорлорун зарыл деп эсептейм”,-деди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитеттинин төрага орун басары Абдувахаб Нурбаев.

Ал эми АКШга барган оппозициялык саясатчылар жана журналисттер мамлекеттик департаменттин жана бир катар адам укугу боюнча эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен кезигишип, Кыргызстандагы демократиянын, сөз эркиндигинин абалын талкуулайт деп айтылып жатат. Саясат таануучу Расул Авазбек уулу АКШга болгон оппозициялык саясатчылардын иш сапарлары ар дайым коомчулукта тескери пикирлер менен коштолуп келатканына көңүл бурууда.

“АКШ кээ бир өлкөлөрдөн айрмаланып бир гана расмий бийлик менен эмес, анын ичинде түрдүү спектрдеги жарандар менен ар дайым сүйлөшүүнү адатка айландырган. Америка чакырса эле бийликти алмаштырат экен дегенди мурдагы бийликтердин учурунан тарта эле оппозицияны, жарандык коомду каралоонун оңой жолу катары колдонуп келатышат. Бул бир эле Кыргызстанда эмес башка өлкөлөрдө да катуу колдонулуп келатат. Депутаттар өздөрү деле барып жатпайбы. Менимче бул иш сапарлар жаңылык деле эмес. Бирок акыркы мезгилдеги расмийлердин интенсивдүү жолгушуулары мамилени кайра жакшыртуу аракетин каңгуулайт деп айтсак болот”,-деди Расул Авазбек уулу.

АКШ менен Кыргызстан ортосундагы мамилелер "Манастагы" транзиттик борбордун чыгарылышынан кийин салкындай түшкөн. Өткөн жылы АКШнын мамлекеттик департаменти Азимжан Аскаровго “Адам укугун коргоочу” аттуу сыйлыкты ыйгаргандан кийин, кыргыз өкмөтү 1993-жылы кабыл алынган АКШ менен кызматташуу келишимин жокко чыгарган болчу.

АКШ тарап Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтып келатат. Бирок салкын мамлелерге себеп болгон жагдайлар да жок эмес. Өткөн айда эле АКШнын мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарынын жана демократиянын абалы боюнча жылдык баяндамасында Кыргызстанды катуу сынга алган. Буга Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги да кескин жооп берип, бул сындары негизсиз каралоо жана, саясый опуза катары кабылдаган эле. Эки өлкө ортосундагы жаңы келишим мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарабы же салкын мамилелер сакталып калабы? Азырынча айтуу кыйын.

(AbA)