"Элдик парламент" президентке каршы аттанды

Сүрөттүн булагы, bbc
“Элдик парламент” бирикмеси бүгүн Бишкекте өткөн жыйында президент Атамбаевдин токтоосуз отставкага кетишин талап кылды. Мындай ураан менен аталган бирикме 17-майда өзүнүн жактоочулары менен тынчтык митингге чыгарын билдирди.
Алар ошондой эле президенттин айланасындагы чоң кызматта отурган адамдардын ишин элдик комиссия түзүп текшертүү, 2010-жылы өлкө түштүгүндө болгон кандуу окуянын күнөөкөрлөрүн жоопко тартуу үчүн Гаагадагы эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу керек деп жатышат.
“Элдик парламенттин” президенттин отставкасын талап кылган Кыргызстандын элине кайрылуусу “Трибуна”, “Майдан”гезиттерине басылып чыкты. Анда Атамбаевдин отставкасын талап кылууга негиз берген он себеп көрсөтүлгөн. Атап айтканда, мамлекеттик башкаруу системасынын талкаланышы, экономиканын кыйрашы, өндүрүштүн өлүмтүк абалга келиши, коррупцияга менен тандамалуу күрөш жана башка себептер.
"Президент Атамбаев кызматта турган ар бир жылда беш жылга артка кетип жатабыз. Эгер ал дагы бир жыл күтө турган болсок, бул Кыргызстан үчүн дагы беш жыл артка кетет дегендик",-деп билдирди Би-Би-Сиге “Элдик парламент” аталган күчтөрдү баштап чыккандардын бири, Акаев доорунда министр кызматында жүргөн Бекболот Талгарбеков.
Элдик парламенттин бүгүнкү жыйынына катышып сөз сүйлөгөндөрдүн арасында баары эле президентке каршы эмес. Мисалы, Конституциялык Соттун мурдакы судьясы Клара Сооронкулова сот реформасынын жакшы жүрбөй жатканын сынга алып сүйлөдү, бирок бийликти алмаштыруунун тополоӊ жолуна таптакыр каршы экенин айтууда.
“Мамлекеттин башчысы азыркы учурда кетсин деп жаткан талаптарга мен каршымын. Өзүнүн конституциялык мөөнөтүн аяктаганга чейин иштесин да, элге отчет берип, кайсыл убадаларын аткарды, элдин жашоосун жакшы жагына кандай өзгөрттү, ошол отчетун берип анан кетсе болот”,-дейт Клара Сооронкулова.
Элдик парламенттин бүгүнкү жыйынына келген саясатчылардын арасында оппозицияда жүргөн Омурбек Субаналиев, Адахан Мадумаров сыяктуу оппозициядагы саясатчылар да болду. Бирок байкоочулардын баамында, бул саясатчылардын артында таасирлүү саясий ресурс бар деп айтуу кыйын. Бул жерде оппозицияны тукуруктап жаткан сырткы күчтөрдүн таасири болушу мүмкүн.
“Кандайдыр бир саясий оюн болуп жатат деп ойлойм. Анткени президенттик шайлоо жакындап келатат. Тышкы күчтөр бул кырдаалды пайдаланып жаткан болушу ыктымал. Коюп жаткан талаптар бир четинен туура эле. Бирок башка кеп, булар кечээки күндүн саясатчылары. Алар ойнолуп бүткөн карталар, ресурстары жок. Алар бийликтен, ресурстардан четке сүрүлүп калышты, ошондуктан саясий кырдаалды чайпап, көрүнгүлөрү келип жатышат”,-дейт Марс Сариев.
“Элдик парламенттин” билдирүүсүнө, Президент Атамбаевдин аппараты жана башка бийлик башчыларынан кандайдыр бир жооп боло элек. Бирок Жогорку Кеӊештеги башкаруучу коалиция, президенттин курсун колдогон башка да саясий күчтөр бар экенин эске алсак, саясий кайым айтышуунун толкуну эми жаӊы түрүлүп келаткансыйт.
Президент Атамбаев кызматтан өз мөөнөтүндө кетерин жана бийликти конституциялык демократиялык жол менен өтүшүн камсыз кыларын, ордуна өзүнүн мураскорун даярдап жатпаганын буга чейин бир нече ирет билдирген жайы бар.
Ал аңгыча, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мамлекеттик бийликти күч менен кулатууга даярданып жатышат деген негизде "Элдик парламенттин" эки мүчөсү кармалганы жөнүндө билдирүү таратты.








