Салимов: Диний экстремизм-терроризмге каршы күрөшүү ыкмалары өзгөрүүдө

Кыргызстандын Ош шаарында Ички иштер министрлиги диний экстремизм-терроризм менен күрөшкөн бөлүмдөрдүн жетекчилерин окутууда.
Министрлик мындай окуулар тынымсыз өткөрүлүп келатканын айтып, экстремизм менен күрөшүү ыкмалары улам өзгөрүп жатканын билдирди. Кабарчыбыз Айбек Абдылдаев Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Раим Салимовду маекке тартып, өлкөдөгү соңку диний кырдаал кандай?- деп сураган.
-Профилактикалык иштерди көп өткөрдүк, муфтият, жергиликтүү бийлик менен көп иштедик. Диний кырдаалды салыштырсак, эки жыл мурун бир аз чатак болчу. Азыр эми негизгиси элдин түшүнүгү өзгөрдү. Эл өзү бизге жардам бергенге өттү. Ѳзгөчө Сириядагы чыр-чатакка аралашып жаткан кишилер туралуу, алардын кайтып келгендери туралуу өздөрү маалымат берип, бизге жардамдашууда. Сирияга кеткендер саны да азайды. Билесиңер, азыр Сириядагы Орусиянын аба чабуулдарынан кийин качкындар көбөйдү. Биз азыр ушул тарапка көңүлдү буруп, коопсуздук кызматы менен биргеликте көп жумуштарды аткарып жатабыз.
-Ѳзүңүз белгилеп калдыңыз, азыр коомчулукта Сирияга чыгып кетип, ар кандай топторго кошулуп кеткен кыргызстандыктар кайтып келсе эмне болот?-деген суроо бар да. Сириядан кайткандар боюнча конкреттүү айтып бере аласызбы, кандай иш-чаралар жүрүүдө?
-Сириядан качкын болуп, миграция агымы менен башка үчүнчү өлкөлөргө агылып жаткандар чек аралар аркылуу биздин өлкөгө да келип калышы мүмкүндүгүн эч ким четке кага албайт. Бизге жеткен маалыматтар боюнча экстремисттик «Ислам мамлекети» тобу өз катарындагыларга: «Силер билинбей калыш үчүн сакал-мурутуңарды кыргыла, кыска шым кийгиле, анан буйрукту күткүлө» деген көрсөтмөлөрдү берип жатат. Биз азыр өзүбүздүн кызматкерлерди окутуп жатканыбыз да ошондон. Алар чек арадан өтүп жатканда кантип айырмалаш керек? Массанын арасынан кантип айрып таануу керек? Ушундай маселелерди өзүбүздүн кызматкерлерге окутуп жатабыз. Көбүнесе мурдатан Сирияга бул жерден Түркия аркылуу, ошол эле учурда Орусия аркылуу чыгып кеткен кыргызстандыктар бар. Бул маалыматтарды билгендерибиз бар, билбеген да маалыматтар бар. Бир эле Сирия эмес, Ооганстан, Пакистан, Иракка кеткендер да бар. Экстремизм, терроризм боюнча ар дайым коркунуч бар. Ошондуктан тынымсыз иштеш керек.
-Кыргызстандан Сирияга чыгып, кайра келгендердин дээрлик көпчүлүгү Түркия аркылуу ишке ашат деп көп айтылды. Ѳткөн айда эле сиздер Түркияга да барып келдиңиздер. Түркиянын укук коргоо органдары менен кандайдыр бир келишимдерге жетише алдыңыздарбы?

-Биздин башкы штабда Эл аралык кызматташтык башкармалыгы бар. Министрдин буйругу менен биз Түркияга барып келдик. Стамбул, Анкарага, андан ары Сирия менен чек арадагы Газиантеп шаарына чейин барып келдик. Иш сапар учурунда Түркиянын чалгын кызматы, миграция, терорризмге каршы күрөшкөн башкармалыктарынын жетекчилери менен ачык сүйлөштүк. Муну түрк тарап да жогору баалады. Миллиондогон киши Түркияга кирип чыгат экен. Эң биринчи терроризм, экстремизмди кабыл алып, күрөшүп жаткан Түркия экенин көзүбүз менен көрүп келдик. Сириянын Алеппо шаарына жакын чек арага бардык. Өткөрмө бекеттерди көрдүк, ал жерде качкындарды фильтрациядан өткөргөн лагерлер бар экен. Биринчи лагерде 35 миң киши бар экен. Котормочу аркылуу алар менен да сүйлөшүүгө аракет кылдык.
-Ошол лагерлерде кыргызстандыктар жок бекен?

-Кыргыздарды көргөн жокмун. Башка дагы бир өткөрмө бекеттиндеги лагерде он беш миң киши бар экен. Алар болсо Түркиянын күч органдарынын маалыматы боюнча согушка катышкан кишилерди ушул лагерге алып келишиптир. Ушул жерден текшерүүдөн өтөт экен. Биз ушул жерден маалымат алып туруу үчүн түрк тарапка өтүнүчтөрдү айттык. Түркиядагы мыйзамдар боюнча эгер бул өлкөгө келген киши үчүнчү өлкөгө барам десе тоскоол боло алышпайт. Маселен, алар кыргызстандык жаранды зордоп эле кайра өз өлкөсүнө жөнөтө албайт. Ошондуктан ушундай учурларда бизге маалымат берип туруу боюнча сүйлөштүк. Кайсыл өлкөгө кетип жатат, ошол боюнча маалымат берип туруу боюнча келиштик. Бизден Сирияга кеткен жарандар саны 800гө жакын. Булардын баарын тең Түркиянын укук коргоо органдарынын маалымат базасына киргиздик. Биз жүргөн 15 күндүн ичинде алар 400 кишини текшерип чыгып, бизге маалымат беришти. Эми ушул биз берген маалыматтар боюнча Түркия аркылуу кирип-чыкса, алар бизге маалымдап турушат.
-Экстремисттик топтордун коркунучу туралуу айтканда соңку учурда Ооганстан тарапта кырдаал чыңалып турганы айтыла баштады. Бизге коңшулаш Тажикстан Ооганстан менен чектешип турбайбы. Тажикстандык укук коргоо органдары менен сиздерде байланыштар кандай?
-Өткөн аптада министр өзү Тажикстанга барып көчмө жыйында болуп келди. Ал жерде экстремизм-терроризмге каршы биргелешип аракеттенүү боюнча меморандумуна кол коюлду. Коркунуч кайдан келет? Экстремист болобу, террорист болобу чек арадан эле өтүп келет да. Ошондуктан ушул маселерде биргелшип күрөшүү боюнча меморандумуна кол коюлду. Жакында дагы Согди облусуна барып, тажик укук коргоо органдары менен жолугушууларды өткөрүү пландары бар.








