Аксы: чек арадагы кырдаал

- Author, Айбек Абдылдаев
- Role, Би-Би-Синин Оштогу кабарчысы
Кыргызстандын демилгеси менен чакырылган Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюму кыргыз-өзбек чекарасындагы кырдаалды бүгүн да талкуулайт деп кабарланууда.
Москвада кечээ күнү башталган жыйында уюмдун кеңешине мүчө өлкөлөр кыргыз-өзбек чек арасында 18-марттан бери чыңалып турган кырдаалга кабатырлануусун билдиришкен.
Чек арадагы абал өзгөрүүсүз турат. Кечээ күнү өкмөт башчы Темир Сариев аймактын тургундары менен жолугушууларды өткөрүп, бир укум жерди да бербейбиз, дипломатиялык жол менен чечүү аракеттери көрүлүүдө деп айткан. Аксы аймагында тактала элек тилкеге кирип алган өзбек чек арачылары Ала-Бука, Чаткал райондорунун тургундарын облус борбору менен байланыштырган жолго блок-пост коюп алып, документ текшерип өткөрүүдө. Жолдон ары-бери өтүп жаткандар бул кырдаалга кыжырланып, кабатырланып турушканын айтып беришти.
“Жакшы эле мамиле кылышты. Документ текшерди. Бирок “Өзбекстан Республикасына куш келипсиздер” дейт го, тиги чекарачы. Ушул абдан кыжырды келтирип жатат. Канча жылдап каттаган жол, эзелтен биздин жер деп айтылып келатса, бир күн эле ушундай болуп калса бул акылга сыйгыс да”,-деп айтып берди бул жерден эми эле өтүп келген унаанын айдоочусу Абдумиталип.
“Өткөн аптада Бишкектен айылыма бала-чакам менен келгем. Бул окуя чыккандан бери айылдагылардын тынчы кетти, ушул кантип болсун деп эле өзбек тараптын бул кадамына түшүнбөгөндөр көп. Маселени батыраак чечип беришсе жакшы болот эле да”,-дейт өзүн Марат деп тааныштырган айдоочу.

Жергиликтүүлөр аталган аймак Кыргызстандын жери деп айтып, маалымат бергенде ошентип жазгыла деп талап кылууда. Расмийлердин түшүндүрмөсү башкача. “Аксы аймагында Өзбекстан менен талаштуу делген 11 участок бар. Бул жер ошонун бири”,-дейт райондун акими Медетбек Айдаралиев.
“Жергилктүү бийлик бул боюнча чек араны тактап, аныктоо боюнча комиссияга өз сунуштарыбызды бергенбиз. Бул такталбаган жерлерде бизден алардын ала турган жерлер бар, алардан бизге өтө турган жерлер бар. Элибиз бул жерди Сары-Булак дешет, бирок документте 25 жылдан бери Чала-Сарт участогу деп жазылып жүрөт. Бул жерлерди канча жылдан бери Кыргызстан пайдаланып жүргөнбүз. Биз ошого укуктук негизде биздики деп жатабыз. Ошон үчүн дагы эл өзбек тараптын кадамын агрессия деп баалап жатпайбы”,-деди Аксынын акими Медетбек Айдаралиев.
Үңкүр-Тоо боюнча маселе эмнеге козголуп жатат?
Аксы райондук кеңешине өкмөт тарабынан кат жолдонуп, Үңкүр-Тоодо жайгашкан теле мунараны башка жакка көчүрүү маселесин кароо сунушталган деп айтылууда. Бул туралуу Кербен шаардык кеңешинин депутаттары айтып чыкты.
«Бизге кечээ айтты, өкмөт Үңкүр-Тоодогу теле мунара көчүрүлсүн деп токтом кабыл алып коюптур. Өзбекстандын аймагында турган теле мунара көчүрүлсүн деп жазылыптыр. Өкмөттүн токтому 2015-жылдын 11-ноябрында кабыл алыныптыр. Анда Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагы деп айтылып жатат. Биз ошого каршы болуп жатабыз. Бул тоо эзелтен кыргыздын жери. Бир дагы өзбектин буту ал жерге баскан эмес. Стратегиялык жактан абдан маанилуү жер. Ал жерден өрөөндүн чар тарабы алаканга салгандай көрүнөт. Азыр бул сунушка жергиликтүү депутаттар каршы туруп жатат”,-деп билдирди Би-Би-Сиге Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргешаалы Озокеев.
Өкмөт болсо Үңкүр-Тоодогу станция башка жайга жылдырылбайт деп баса белгилеп, маалымат коопсуздугу үчүн дагы бир жаңы станция куруу маселеси туралуу сөз болуп жатканын айтууда.
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорундагы маалыматтык коопсуздукту чыңдоо максатында Унгар-Тоодо жайгашкан «Кербен-24» радио релелик станциясы менен байланышта иштөөчү жаңы курулуш станциясын куруу жөнүндө маселе каралууда. Аталган станцияны куруу зарылдыгы көрсөтүлгөн райондорго санариптик алып берүүнү кароо менен катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2001-жылдын 2-ноябрындагы №692 токтому аркылуу жактырылган Кыргыз Республикасында Санариптик телеберүүгө өтүү программасын ишке ашыруу алкагында жаңы байланыш каналдарын жөнгө салуу зарылдыгы менен шартталган. Белгилей кетчү нерсе, «Кербен-24» радио релелик станциясы көчүрүлбөйт. Чекара тилкесинин аталган участок аркылуу өтүү маселеси Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чекарасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча ишинин алкагында талкууланат. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин айрым депутаттарын коомчулукту адаштырбоого чакырат”,-деди өкмөттүн басма сөз катчысы Бакыт Асанов.
Аксы районундагы Үңкүр-Тоодо 1960-жылдары орнотулган “Кербен-24” аттуу ретранслятору телесигналдарды жеткирүүгө багытталган. Расмийлердин айтымында учурда станция турган жер кайсы өлкөгө тиешелүү экени тактала элек.
Бирок көпчүлүк аймак толугу менен Кыргызстандын жери деп, бул туралуу айрымдар эски карталарга таянып дагы айтып чыгышкан.
2013-жылы 22-сентябрда болсо өзбекстандык чек арачылар Үңкүр-Тоодогу ретрансляциялык станцияга келишип, ал жердеги кызматкерлердин документтерин текшерип, аймакты кайтарууга алышкан.
Буга байланыштуу ортодо чыңалуу пайда болуп, жергиликтүү тургундар өзбек тарап станцияны басып алды деп дүрбөлөнгө түшкөн эле. Кыргыз тарап болсо Өзбекстан чек арачыларынын бул аймакка киришин “мыйзамсыз” деп мүнөздөп, экинчи тараптан кыргыз чек ара отрядын койгон. 30-сентябрда эки өлкөнүн чек ара башчылары жолугуп, 2-октябрда чек ара отряддарын алууга макулдашкан болчу.
Өзбекстан тактала элек жерге кирип келишине себеп эмне?

Кыргыз өкмөтүнүн чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араны тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров тактала элек чек ара тилкесинде Өзбекстан аскер техникасын жана чек арачыларын киргизип, жолго пост коюп алышына себеп болушу мүмкүн делген жагдайларды атады.
“Советтер союзу урагандан кийин 1992-жылы атайын келишим түзүлгөн. Ага ылайык союз учурунда курулган объектилер кайсы аймакта болсо, ошол өлкөнүн менчигине өтөт деп айтылган. Азыр Өзбекстандын аймагында биздин бир да объект калган жок. Бардыгын алар менчигине алып алган. Бизден сурап да койгон эмес. Биз мыйзамдуу түрдө ошол келишимдин негизинде айрым объектилерди өз менчигибизге алып жатабыз.Ошондуктан өзбек тарап, ушул кадамга барып жатышы мүмкүн”,-деди К. Искандаров.
Өкмөт өкүлү атаган обьектилер төмөнкүлөр: Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычы, Чоң наманган каналы (12,9 км), Чуст каналы (14,5 км), Ноокен районундагы “Достук”, “Маданият” жана “Октябрдын 50 жылдыгы” насостук станциялары, Сол жээк Нарын каналы (43,1 км). Баткендеги Сох-Шахимардан каналы (12 км), Лаган каналы (11,2 км) жана №1 Фергана транспорттук техникаларды башкаруу автотранспорттук колоннасы, “Фергананефть” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу объектиси, №4 “Фергананефть” автобазасы, Кадамжай районундагы Кайтпас-Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы жер тилкелери. Ош облусундагы Керкидон суу сактагычына куйган 12 чакырым канал, Савай каналы (28 км).
Өзбекстанды бул кадамга барышына Орто-Токой суу сактагычы да негизги себеп болушу мүмкүн.

“Орто-Токой суу сактагычын өз менчигибизге алуу тууралуу өкмөт токтом чыгарган. Аны аткаруу аракеттерин көрүп жатканыбызда, өзбек тарап бизге суу сактагычтын көп жылдан бери ремонт боло электигин айтып, тийиштүү чараларды көрүү маселеси боюнча кайрылган. Эмне үчүн бул маселе боюнча буга чейин бизге кайрылышкан эмес? Анан биз алардын оңдоо иштерине макул болбодук. Ошондон көп өтпөй эле бул окуя келип чыкты. Муну чагымчыл кадам деп эсептейм”,-дейт Курбанбай Искандаров.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы түзүлгөн кырдаалдын таржымалы

18-мартта Жалал-Абаддын Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесине Өзбекстан эки БТР жана эки “КамАЗ” киргизип, Кербен-Ала-Бука унаа жолунун жарым чакырым чамалуу тилкесине өзбек чек арачылары блок-пост коюп алган.
Бул окуядан кийин Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисин чакырып, Кербен-Ала-Бука автожолун өзбек чек арачыларынын тосуп алганына байланыштуу каршылык нотасын тапшырып, жолго коюлган постторду дароо алууну талап кылган. Ѳзбек тарап Нооруз майрамынын алдында коопсуздук чараларын күчөткөнүн билдирип, Кыргызстан менен байланыштырган чек ара бекеттерин да бир тараптуу жапты. Транзиттик каттамдарга да бөгөт коюлду.
Көп өтпөй эле Кыргызстан дагы аталган унаа жолуна блок-пост коюп, эки БТРин койду. 21-мартта “Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки тарап тең Кербен-Ала-Бука унаа жолундагы блок-постто турган аскерлеринин санын жыйырмадан сегиз кишиге чейин кыскартты” деп айтылган. Бирок чек арадагы аскерлер саны кыскарганы байкалбайт.
Өткөн апта соңунда бул окуяга байланыштуу Бишкекте бир нече активисттер өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгышты.
22-мартта оппозиция өкүлдөрү Аксыда митинг өткөрүп, чек ара маселесин чечпейт деп бийликти сынга алды. Бул маселени чечүү үчүн ЖККУ, ШКУ уюмдарынын деңгээлинде маселе көтөрүүнү сунушташты.









