Ипотека: карызы сомго которулгандар кимдер?
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Бишкектик журналист
Февраль ичи Кыргызстан боюнча ипотека алган 2800 адамдын кредити доллардан сомго которулат. Азыр бир доллар 75-76 сом болуп жатса, алар 62 сом менен төлөшмөкчү. 2800 кишинин ичине кимдер кирди жана соода-сатык үчүн кредит алгандар эмне болот?
Ипотекага үйдү доллар менен алып, төлөөдөн кыйналгандар эми сом менен төлөшөт. Ага 2800 адам кирди. Жардам берип жаткан мамлекет кредиттин төлөнчү курсун 1 долларын 62 сом деп бекитти. Бул өткөн жылдын июлундагы курс жана ошол айга чейин ипотека алгандар жеңилдиктен пайдаланып жатат.
Улуттук Банктын өкүлү Раушан Сейиткасымованын айтымында, жеңилдик берүү программасына кыргызстандык, үйдү зарыл муктаждык үчүн алган, карызы кырк миң доллардан ашпаган кишилер кирди.
“Кыргызстан боюнча ипотекалык кредитти 4175 киши алыптыр. Бирок бул программага баарынын кирүү мүмкүнчүлүгү жок. Анткени социалдык турак-жайларга алган үйлөрдүн акчасын сомго өткөрөбүз, ал эми кымбат үйлөрдүкү трансформацияланбайт. Ошондо бул программага 2800 адам кирип жатат”, - деди башкы банктын өкүлү Сейиткасымова.
Мамлекет элди ойлоп, карызы барларга жардам берсе, банктардын кирешеси эмне болот деген маселе турган. Өкмөттүн каржы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы Азиз Аалиев мамлекет акча тапты деди.
“Кошумча булактарды таап, бюджеттин эсебинен бергени жатабыз. Банктарга айырмасын төлөп берүү үчүн 574 миллион сом каралды. Алар зыян тартпайт”, - деди Би-Би-Сиге Азиз Аалиев.
Ипотеканы ар ким ар кандай пайыздык үстөк менен алса, эми жеңилдик алып жаткандарга бир кылда 20 пайыздай үстөк менен эсептелет.
Бирок Кыргызстан боюнча 23 миңден ашуун адам валюта менен кредит алган болсо, анын көпчүлүк бөлүгүн ипотека эмес, бизнес жана соода-сатык үчүн алгандар түзөт. Бул боюнча айрым сандарды улуттук банктын өкүлү Раушан Сейиткасымова тактады.
“Кыргызстан боюнча банк системасынан 100 млрд сомдун тегерегинде кредит берилген. Анын ичинен төлөнө элеги 27 млрд сом. Көпчүлүгү соодага, экинчи ипотекага, үчүнчү кезекте айыл-чарба тармагына алынган”, - деди Сейитказыева.
Кредитин кайтарууда кыйналып, сомго өткөрүүнү сурангандар да соода-сатык тармагындагылар болуп келген. Реэкспорт начарлаган азыркы абалда “Дордой” базарынын сатуучулары митингге чыгып жүрөт. Базарда иштегендердин бири Махабат алар кредит алган банктан сомго которуп берүүнү талап кылып кардарлар барып жатканын айтууда.
“Биз карыз алган банкка төлөй албай калдык, сомго котруп бергиле деп барышууда. Бирок биз биринчисин төлөп бүтүп, дагы алмакпыз. Экинчисин бербей коёбу де пэч нерсе дей албай отурабыз”, - деди Махабат.
Кредитин жабуу үчүн арты-артына карыз алгандар четтен чыгат.
“Эки жыл мурда доллар 54 сом кезинде кредит алганбыз. Өткөн жылы сентябрда толук төлөй албай калып, аны жабыш үчүн дагы кредит алдык. Аны алган учурда доллар 64 сом эле, азыр 76 сомго жетти. Сомго которуп берсе, бизге аябай жеңилдик болмок”, - деди “Дордойдун” дагы бир соодагери.
Ал эми өкмөттүн өкүлү Азиз Аалиев соодагерлер менен бизнесмендерге жеңилдик караштыруу иштин экинчи этабы дейт.
Каржы министри Адылбек Касымалиев болсо Би-Би-Синин бизнес үчүн насыя алган кредиторлорго жардам берүүгө каражат булагы табылышы мүмкүнбү деген суроосуна мындай жооп берди:
“Алардыкы каралган жок. Анткени ипотека коммерциялык эмес, ал эми соода-сатыктын киреше алуу максаты бар. Балким алдыда изилденет, бирок азыр бул маселе каралган жок”, - деди министр.
Ал арада айрым эскперттер каржы министрлиги ипотекалык карызы барларга каражатты кайдан тапканынына кызыгууда. Алардын айтымында, мамлекет түшундүрүү ишин жүргүзүп, тегиз мамиле жасалбаса талаш-тартыш жаралышы мүмкүн.











