Парламент Орусия менен ГЭС макулдашуусун денонсациялоого макулдук берди

Сүрөттүн булагы, b

Кыргызстандын парламенти Жогорку-Нарын ГЭС каскады менен Камбар-Ата – 1 ГЭСсин куруу боюнча кыргыз-орусиялык келишимдерди бир тараптуу жокко чыгарды. Бул туралуу Жогорку Кеңештин расмий сайты маалымат таратты.

“Жогорку Кеӊеш жыйынында «КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө Макулдашууну» денонсациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору менен «КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы Камбар-Ата ГЭС-1 куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө Макулдашууну денонсациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда кабыл алынды” деп жазды парламенттин расмий сайты.

Өткөн жыл соңунда Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыктаган басма сөз жыйынында Орусия менен жетишилген гидроэлектростанциялар боюнча келишимдер аткарылбай калышы мүмкүн экенин билдирип, башка инвесторлорду тартууну сунуштаган болчу.

2012-жылы сентябрь айында Орусия менен Кыргызстан ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу, эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууларга кол коюлган. Орус тарап каржылоо маселесин чече алган эмес. Өкмөт бул келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу сунушун жолдогон. Бул мыйзам долбоору парламент тарабынан кабыл алынды.

“Келишим боюнча Жогорку Нарын ГЭСинин алгачкы бөлүгү 2016-жылы, Камбар-Ата ГЭСи 2023-жылы ишке киргизилүүгө тийиш болчу. Орусиялык компаниялар, мурда макулдашылгандай, курулушка 2,5 пайыздык каражат тарта албагандыктан, 8-10 пайыздык каражат алуу сунушун берген. Электр энергиясынын өздүк наркы кымбаттап кете тургандыктан, кыргыз тарап мындай шартка макул эмес”,-деп белгиледи парламенттин расмий сайты.

(AbA)