Коста-Буранелли: интеграцияны кубатташ керек

Лондондогу Королдук колледждин Борбор Азия боюнча адиси Филиппо Коста-Буранелли.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондондогу Королдук колледждин Борбор Азия боюнча адиси Филиппо Коста-Буранелли.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулду. Евразия экономикалык биримдиги жана Бажы биримдигинин айырмалуу жактары кайсыл? Биз бул суроону Лондондогу Королдук колледждин Борбор Азия боюнча адиси Филиппо Коста-Буранеллиге жолдодук:

Филиппо Коста-Буранелли: Бул фактыны четке каккан сөздөргө карабастан, ал түздөн түз ачыкка чыгарылбай келет. Евразия экономикалык биримдиги, Бажы биримдигине караганда тыгызыраак жакындашуу, интеграциялашуу идеясын туюнтат. Ал эми Бажы биримдигинде жакындашуунун техникалык өңүтүнө басып жасалып, мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы тосмолорду алып салууга жана бирдиктүү сырткы тарифтер боюнча макулдашууга багытталган. Евразия экономикалык биримдигинде деле азык-түлүк продукциясынын эркин соодасы, эркин транзит жана адамдардын эркин кирип-чыгуусу боюнча макулдашылат. Бирок анын алкагы кеңирирээк жана ал алдыңкыраак экономикалык интеграция болуп саналат.

Би-Би-Си: Евразия экономикалык биримдиги, кайсы бир учурда саясий биримдикке айланууга умтулабы?

Филиппо Коста-Буранелли: Учурда Евразия экономикалык биримдигин кеңейтүү аракеттери байкалууда. Кыргызстан адегенде интеграциянын бул түрүн кабыл алууга каршы эмес экенин көрсөткөн соң, кошулууну создуктурууда. Казакстан болсо бул биримдикти сүрөп келет. Идеянын өзүн да 90-жылдары Казак президенти Нурсултан Назарбаев көтөрүп чыккан. Мен жогоруда Евразия биримдиги экономикалык интеграциялашууну көздөйт деп айттым. Бирок ошону менен бирге, бул биримдик жакынкы келечекте саясий интеграциялашууга барбашы мүмкүн экенин да белгилей кетишим керек. Себеби суверендүүлүгүн жогору баалаган Борбор Азия өлкөлөрү, мамлекеттерди камтый турган уюмдар же институттар пайда болоору менен дароо эле алардын ролун басынтып, күн тартибинен алып салышат. Жада калса экономикалык өңүттө деле пикирлер бирдей эмес. Мисалы, бир-эки апта мурун бирдиктүү валюта киргизүү жөнүндө пайда болгон идеяны да четке кагып коюшту.

Би-Би-Си: Демек, Бажы биримдиги менен Евразия экономикалык биримдигинин айырмасын дагы бир ирээт кортундулап койсок?

Филиппо Коста-Буранелли: Дагы бир ирээт, кортундулап айтсак, тереңирээк алаканы көздөп, тыгызыраак интеграцияашкан Евразия биримдигине караганда, Бажы биримдиги интеграциялашуунун техникалык өңүтүнө көбүрөөк көңүл бурат, десек болот.

Би-Би-Си: Эки биримдиктин айырмасын аныктап алдык. Эми Евразия аймагында регионалдашуу процесси башталды десе болобу?

Филиппо Коста-Буранелли: Менимче Евразия аймагында регионалдык интеграциялашууну кубатташ керек. Себеби ал пайдалуу гана боло алат. Бирок реалдуулуктан да алыстабай, соңку тарыхты жана Борбор Азия мамлекеттери жаш экенин, эл аралык аренага жаңы эле чыкканын да эстен чыгарбоо зарыл. Алар дале мамлекеттүүлүгүн куруу жана узак мөөнөткө стратегиясын түзүү жолунда баратат. Демек, интеграциялашуу багытында кыйчалыштар борлуп жатса, таң калыштуу эмес. Анын үстүнө, Орусияга экономикалык санкциялар салынганын, рублдун куну түшүп жатканы да буга таасир этүүдө. Буга байланыштуу казак жана беларус тараптар тынчсызданып турушат. Демек бул опурталдуу, бирок, мүмкүнчүлүктөрү абдан көп аймак.

Би-Би-Си: Евразия экономикалык биримдигине кайрылып барсак, ал келечекте Европа биримдиги сыяктуу боло алабы?

Филиппо Коста-Буранелли: Евразия биримдигин Европа биримдигине салыштыруудан мурда, тарыхый, саясий жана улуттук өңүттөрдү эстен чыгарбай, сак болуу керек. Бул мамлекеттер бир биринен дээрлик айырмаланып турат. Евразиядагы өлкөлөр бир бирине жакын жайгашкан, алардын орток, чогуу тарыхы болгон. Кайсы бир деңгээлде, алар өз күн тартибин жүгрүзүп, кандай шартта кошулгусу келгендигин аныктагысы келип, интеграциялашууну создуктурганы да туура, деп ойлойм. Бирок, бул биримдикти Европа биримдигине салыштырбас элем.