Кыргызстан: мамлекет динге кийлигишет

Сүрөттүн булагы, President.kg
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Бишкектик журналист
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев коопсуздук жыйынында диний радикализм менен диний фанатизмди айыптады. Согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдүн тагдырын кайталабаш үчүн мамлекет дин тармагына кийлигишерин билдирди. Коргонуу кеңеши дин чөйрөсүндөгү мамлекет саясатынын 2020-жылга чейинки концепциясын бекитти.
Кыргызстанда түрдүү пикирлерди жаратып, айрым тараптарды жаакташтырып да келген ислам динин тутуу боюнча президент Алмазбек Атамбаев оюн билдирди.
“Айрым молдолордун, саясатчылардын жан үрөп жүргүзгөн аракеттери өлкөбүздү ашкере исламдаштыруу экенин байкоо кыйын эмес. Бул багытка алдырсак, калк арасында диний фанатизмдин орношуусу оңой. Ошону менен бирге ашкере исламдашуунун төркүнүндө кыргыздардын улуттук өзгөчөлүктөрүн унуткарып, маңкуртташтыруу максаты турганын көңүлдөн чыгарбайлы”, - деди Атамбаев.
Буга чейин кызуу талкууларды жаратып келген, шариятка ылайык майрамдардан баш тартуу, Манас сыяктуу баатырларды пир тутпоо, арабдарга же пакистандыктарга окшоп кийинүү өңдүү маселелерге Атамбаев коргоо кеңешинин жыйынында кенен токтолду:
“Динге гана багытталып руханий байлыктарыбызды четинен жогото берсек, бара-бара эл болуудан калабыз. Мындай тагдырга дуушар болуш кыйын деле эмес. Аны элес албай кийген кийимдерибизден баштап улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү, руханий дөөлөттөрүбүздү четинен сүрүп жоготчуларга моюн сунуп, ооп берсек эл болуудан калабыз”.
Президент динди жамынып элди бөлүп-жарып, улуттук кызыкчылыктарга шек келтиргендер тизгинин тартпаса, мамлекет чара көрүүгө даяр экенин эскертти. Коргонуу кеңеши жарым жыл мурда чогулган жыйында мамлекеттин дин багытындагы саясатын аныктаган концепция иштеп чыкмай болгон. Ал 2020-жылга чейин кабыл алынды. Жыйында согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдүн тагдырын кайталап калуу коркунучу бар экени айтылып, кыскасы, мамлекет дин тармагына кийлигишерин жарыялады.

Теолог Кадыр Маликов геосаясий маселенин жана ички саясий оюндардын чордонунда турган Кыргызстан үчүн диний коркунучтар ого бетер күчтүү дейт.
“Биринчи коркунуч – билимдин жоктугу, демек маалыматтын бурмаланышы. Азыр Кыргызстанда жамааттар ар түрдүү. Ар ким өзүнүн идеясын жайылтууда, жергиликтүү имамдарды укпай чет жердиктердин маалыматын туура дегендер көп. Экинчиси – сырткы коркунуч. Бизде кандай гана саясий учур болбосун сырттагы топтор колдонууга даяр. Өзүн “Ислам мамлекети” атаган топтун жакында Борбор Азиядагы башкаруучусу шайланганы тууралуу бизде маалымат бар. Биздин мамлекет диний концепцияны кабыл алууда, аны ишке ашырууда дагы өтө этият болуш керек. Ал саясатташып кетиши мүмкүн”, - деп кооптонот Кадыр Маликов.
Жаңы концепцияда диний абалды көзөмөлдөө боюнча өтө жаңыча жолдор байкалбайт. Анда диний чыр-чатактын алдын алып, диний уюмдарды, кооптуу делген кишилерди көзөмөлдөө, экстремисттик пропагандага жол бербөө сыяктуу чаралар жазылган. Дин менен светтик башкаруу ажыратылып, аларга аныктама берилген. Диний уюмдар мамлекеттик башкарууга кийлигише албай турганы дагы бир ирет эскертилген.
Ал эми президент айтып өткөн ислам динин тутунгандардын кийинүүсү, сакал коюусуна коомдо ансыз да ар кыл көз-караш бар. Динаятчылардын бири Өзбек Чотонов сакалчандын баары кооптуу эмес дейт.
“Пакистандыктарга окшоп кийинип алгандар, анча-мынча аша чаап кеткендер жок эмес. Бирок ким кандай кийинет өз эрки. Кара жоолук салынып алдыбы, көкпү, акпы кимдин иши эмне? Анда эмне үчүн кара футболка кийип алды дебейбиз. Улуттук баалуулукту сакташ керек болсо, мусулман динин тутунгандар менен тутунбагандар бирдей сактайлы. Эмнеге дин тутунгандар гана улуттук баалуулукту жок кылып жатат? Европа кийимин кийгендер сактап жаткан жок да. Анда мен мындай аракетти светтик экстремизм деп атайм”, - деди Чотонов.
Ал эми дагы бир дин аалымы Чубак Жалилов коомдогу эки тарап болуп жаакташуу эки жактын тең түшүнүгүнүн тардыгынан келип жатканын кошумчалады. Анын пикиринде, Кыргызстанда ислам дини өз жолун таап кетиш үчүн убакыт керек.
“Эки түрдүү пикирди карманып жаткандар тил табышып жана исламдын кыргыз моделинин пайда болуусу үчүн убакыт керек. Ислам дининин кыргыз моделин мажбурлап калыптандырганга болбойт, өзү калыптанат. Азыркы эркиндиктин, эгемендүүлүктүн доорунда калыптануу жүрүп жатат. Ага убакыт берип, өнүгүшүнө өзүбүз жакшы салым кошсок, жакынкы жылдары өзбек, тажик исламына окшоп өзүнчө кыргыз исламы бир жолго түшөт деген ойдомун”, - деген оюн ортого салды Жалилов.
Айрым адистер өлкө исламдашып баратат, светтик көз-караштагылар менен дин тутунгандардын арасындагы ажырым чоңоюуда деп кооптонсо, башкалары мындай диалектикалык көрүнүш коомдо боло жүрчү процесс дешет.











