Америка баңгибарон атаган алатоолук "Коля-киргиз"

Көлбаевдин абакта отурган мөөнөтүнүн ар бир күнү сот чектеген мөөнөттүн эки күнүнө барабар болгондуктан, анын жакында арада эркиндикке чыгып калышы күтүлүүдө.

Сүрөттүн булагы, b

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көлбаевдин абакта отурган мөөнөтүнүн ар бир күнү сот чектеген мөөнөттүн эки күнүнө барабар болгондуктан, анын жакында арада эркиндикке чыгып калышы күтүлүүдө.

АКШ кыргызстандык Камчыбек Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоого бөгөт коюучу маалымат үчүн бир миллион долларлык акчалай сыйлык жарыялады. Бул билдирүү үч жылга соттолгон К. Көлбаевдин жакында боштондукка чыгарына байланыштуу болуп калышы ыктымал.

Кыргызстандын бийликтери АКШнын мындай жарыясына жооп кайтарууга шашкан жок. Ички иштер министрлиги Көлбаевдин иши боюнча жакынкы күндөрү билдирүү таратууга убада кылды.

"Коля-киргиз"

Азыр кырк жаштагы, кылмыштуу чөйрөдө “Коля-киргиз” атыккан Камчыбек Көлбаевге Кыргызстандын укук коргоо органдары адам уурдоо, кылмыштуу уюм түзүү, куралды мыйзамсыз алып жүрүү, баңгизат соодалоо, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү сыяктуу толгон-токой күнөө коюп, Интерполго чейин эл аралык издөө жарыялап жатып, 2012-жылдын этегинде Дубайдан кармап алып келишкен. Экинчи булактар аны өзү келген деп айтып жүрүшөт.

2013-жылы жылы апрель айында башталган биринчи сот жыйынында эле айыптоочу тарап өкүл Камчы Көлбаевди кылмыштуу чөйрөдө мыйзамдагы ууру макамын алып, кылмыштуу чөйрөдө үстөмдүк абалга жетип, андан кийин өтө оор кылмыштарды жасоо аркылуу мыйзамсыз жол менен баюу максатында кылмыштуу уюм түзгөн деп билдирген эле. Сотто жарыя болгон тергөө материалдарына караганда, Көлбаев мыйзамсыз жол менен алынган акчалар үчүн эки бөлүктөн турган бюджет түзгөн. Бирөө уурулардан түшкөн акчалардын казынасы болгон, экинчиси мыйзамдагы уурулардын жеке керектөөсү үчүн түзүлгөн.

Сот процессинде ага коюлган күнөөлөрдү баарын далилдөөгө укук коргоо органдарынын тиши өткөн эмес. Дээрлик бардык күбөлөр жана жабыркаган тараптар Көлбаевге каршы көрсөтмө берүүдөн баш тартышкан. Натыйжада сот октбярь айында Көлбаевди ага коюлган көп күнөөлөр боюнча актап, аны опузалап тоноо боюнча гана күнөөлүү деп тапкан жана беш жарым жылга эркинен ажыраткан. Кийин шаардык сот ага чыккан өкүмдү карап чыгып, жазаны үч жыл деген мөөнөт менен чектеген.

Ушул жылы 14-майда Жогорку Сот шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Ошентип, Камчы Көлбаев үч жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесилген. Бирок Көлбаевдин сотко чейинки абакта отурган мөөнөтүнүн ар бир күнү сот чектеген мөөнөттүн эки күнүнө барабар болгондуктан, аны жакын арада эркиндикке чыгып калышы күтүлүүдө.

Аны сот органдарынын бошоткон чечимдеринин мыйзамдуулугу көп талашты туудуруп келатат. Биринчи кезекте Ички иштер министрлигинин жетекчилери сотту уюшкан кылмыштуу топтун төбөлүнө жан тарткан чечимдерди чыгарууда сындап келатышат.

Жакын шериктери

Ички иштер министрлиги Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтогу жакын шериктери катары Адилет Касенов, Алмамбет Анапияевди атап келатышат. Адилет Касенов Камчы Көлбаевден мурда кармалып, сегиз жылга соттолгон. Анапияев сыртта жүрөт, ага издөө жарыяланып, Ички иштер министрлигинин расмий сайтынын биринчи бетинде сүрөтү турат. Булардын уюшкан кылмыштуу топ экени жөнүндө Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын мурдакы башчысы, азыр ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатывалдиев Би-Би-Сиге айткан болчу.

Камчыбек Көлбаев биринчи жолу киши өлтүрүү, курал-жарак сатуу, мыйзамсыз курал алып жүрүү кылмыштарына катышкан деп айыпталып, 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган. Анын жети жылын өтөгөн соң, мунапыстын негизинде мөөнөтү кыскартылып, 2008-жылы эрте бошоп чыккан.

Эл аралык ири баңгибарондордун тизмесинде

Кыргыз бийлиги Камчы Көлбаевди Интерполго чейин барып издеди.

Сүрөттүн булагы, b

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз бийлиги Камчы Көлбаевди Интерполго чейин барып издеди.

АКШнын президенти Барак Обама Камчы 2012-жылы Көлбаевди эл аралык ири баңгибарондордун кара тизмесине киргизгенин Конгресске маалымдаган эле.

Ошону менен катар АКШнын Финансы министрлиги “Боордоштор жамааты” деп аталган эл аралык кылмыштуу топко кирген деп шектелген бир катар кишилердин арасында Камчы Көлбаев дагы бар деп маалымат таратып, алардын банктагы эсептерин тоңдуруп жатканын кабарлаган.

АКШнын Финансы министрлигинин расмий сайтындагы маалыматта “Боордоштор жамаатын” Евроазиядан, айрыкча мурдагы советтик республикалардан чыккан кылмыштуу дүйнөнүн төбөлдөрү жетектээри айтылган. Камчыбек Көлбаевдин ысмы “Боордоштор жамаатынын” негизги фигураларынын алдыңкы сабында аталган.