Коргонуу кеңеши: Диний кырдаал кооптуу чекке жетти

- Author, Кубат Чекиров
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда Коргонуу кеңеши диний кырдаалды кооптуу деп баалап, мамлекеттин диний чөйрөгө кийлигишпей келгени чоң жаңылыштык болгонун билдирүүдө. Ар кандай диний агымдардын көзөмөлсүз иш алып барышы өлкөнү бөлүп-жарып, коркунучтуу кырдаалга кептеп жатканы айтылды.
Бүгүн коргонуу кеңеши көптөн бери даярданып келген маанилүү маселени – диний кырдаалды жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты карап талкуулады. Коргонуу кеңеши диний чөйрөдө түзүлгөн бүгүнкү кырдаалды кооптуу деп атады жана Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийинки дин чөйрөгө мамлекеттин кийлигишпей келген саясатын чоң жаңылыштык деп билдирди.
Айрыкча четтен каржыланган жана башкарылган диний уюмдардын таасири катуу кооптонууну жаратууда. Бул жерде кеп биринчи кезекте исламдын Кыргызстанда салттуу эмес багыттагы идеологиясын жайылткан уюмдар жөнүндө сөз болуп жатат.
Мамлекет башчысы айрым динаятчылар ислам дини менен араб, Бангладеш, Пакистан элдеринин маданиятын чаташтырып, кыргыздын маданиятын, улуттук кийимин чанып, кыргыздарга жарашпаган жүрүш-турушту, өөн келген кийимди таңуулап жаткандыгын сынга алды.
“Көчөлөрдө сакалдарын сербейтип, дамбалчан жүргөндөр толуп кетти. Эзелтен татынакай ачык түстүү кыргыз кийимдердин ордуна кыз-келиндерибизге салт боюнча жесирлер гана кийген кара кийим таңууланып жатат. Албетте, биз мусулманбыз, бул бабаларыбыздын дини, мурасы, бирок, биз ошол эле учурда кыргызбыз! Ошону унутпасак!”, - деди Алмазбек Атамбаев.
Коргонуу кеңешинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын ишмердигине катуу сын айтылды. Президент Алмазбек Атамбаев муфтият кийинки жылдары жалан эле акча жаңжалынан арылбаган коммерциялык борборго окшоп калганын айтты.
Дагы бир коркунуч тоталитардык секталар тараптан болууда. Өлкөдө Мундун чиркөөсү сыяктуу диний агымдар ар кандай уюмдардын атына жашынып, мыйзамсыз иштерди алып барууда. Мыйзамсыз ишмердиги үчүн алар 50 сом айып пул төлөп коюп өздөрүнүн ишмердигин бейкапар улантууда. Ошондуктан дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Орозбек Молдалиев диний уюмдардын мыйзамсыз ишмердигине каралган жазалоо чараларын күчөтүү керек деп билдирди.
Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийин эле дин эркиндигин жарыялаган. Соңку жыйырма жылдан ашык мезгилде мамлекет диний чөйрөгө кийлигишпөө саясатын жүргүзүп келди. Бирок эксперттердин баамында мамлекет азыркы шартка жараша, бул саясатты кайрап карап чыгыш керек.
Кээ бир диний уюмдар расмий каттоодон качып, ар кандай уюмдардын атына жамынып тымызын иш алпарып жаткан чакта башка уюмдар тескерисинче мамлекет расмий каттоого албай жатканы үчүн нааразылык билдирүүдө. Кыргыздардын улуттук каада-салтын кастарлаган байыркы дүйнө таанымын пропаганда кылып келаткан теңирчилер жакында эле президентке расмий кайрылуу жасашкан эле. Теңирчилердин өкүлү Анарбек Усупбаевдин айтымында, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия алардын диний уюмун расмий каттоодон баш тарткан үчүн алар эл ичинде мыйзамдуу иштей албай жатканын айтууда.
Мамлекет диний уюмдардын сырткы күчтөр тарабынан каржыланып, башкарылып жаткан тенденциясын да сындыруунун жолун караштырууда. Президент Алмазбек Атамбаев жакында эле “Ыйман” фондун ачуу жөнүндө жарлык чыгарды. Бул чечимдин мааниси мамлекетке сырткы диний булактардан түшүп жаткан акча каражаттарын мамлекет көзөмөлүнө алуу аракети болуп саналат. Анткени буга чейин тышкы булактардан түшкөн акча каражаттары салттуу эмес исламдык идеологиясын пропагандалап, эл ичинде бөлүнүп-жарылууга түртүп жаткан диний уюмдардын пайдасына иштеп жатканы тынчсыздануу жаратууда.
Кыргызстанда жаңы муфтийди шайлоо боюнча бүгүнкүгө белгиленген мусулмандар курултайы болбой калды. Муфтияттын басма сөз кызматы Уламалар кеңеши диний башкармалыктын уставын жаңыртып иштеп чыгуу жөнундө чечим кабыл алганын, ошол иш бүткөндөн кийин гана курултай чакырылып, муфтий шайланарын билдирди.
Мурдакы муфтий чоң жаңжал менен кызматтан кеткен, муфтийдин милдетин Максатбек ажы Токтомушев аткарууда.









