Шайлоо коопсуздугу

Сүрөттүн булагы, BBC World Service

Кыргызстандын Ош шаарында дин ишмерлери коомчулукту Президенттик шайлоо алдында ар кандай чагымчыл күчтөрдүн, диний-экстремисттик жана радикалдуу күчтөрдүн чакырыгына азгырылбоого үндөөдө. Азырынча радикалдуу уюмдардын шайлоого катышпоого чакырган үгүт иштери байкала элек. Бирок алдын ала дин ишмерелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүп жатабыз дейт аймактагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия өкүлдөрү.

Буга чейин аталган комиссия шайлоо өнөктүгү учурунда ар кандай радикалдуу уюмдардын активдешүүсү болоорун билдирип келген эле. Бирок укук коргоо органдары кооптоно турган жагдайлар жок экенин айтып жатат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Түштүк аймагындагы өкүлү Курбаналы Узаков:

-Диний лидерлер, жергиликтүү бийликтер менен жыйын курдук. Шайлоо алдында ар кандай чагымчыл аракеттерге жол бербей, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү туралуу макулдаштык. Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган ар кандай диний уюмдар бар. Ошолордун аракеттери шайлоого кандайдыр бир деңгээлде тоскоол, бөгөт болбошу үчүн алдынала түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында ушундай демилгени колго алып жатабыз-деп айтып

берди.

Президенттик шайлоо жарышында үгүт иштерин диний мекмелерде, мечит, медреселерде өткөрүүгө муфтият тарабынан тыюу салынган. Дин ишмерлери менен биргеликте мындай аракетке барып жатканыбыз мындай маанилүү өнөктүктөр учурунда диний радикалдуу уюмдардын активдешүүсү буга чейин да боло келген эле-дейт Узаков.

Алдыдагы Президенттик шайлоого карата К ,0ыргызстанда күч органдары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Сүрөттүн булагы, BBC World Service

-Бул шайлоо эле эмес саясый өнөктүктөрдүн алдында тыюу салынган уюмдардын активдүү мүчөлөрү аракеттенген учурлары болгон. Ошондуктан коомчулукка түшүндүрүү иштери жүргүзүү алдын алуунун бир жолу.

Белгилүү болгондой мындай шайлоо өнөктүктөрү учурунда Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын шайлоого катышпоого чакырган баракчалары таратылганы учурлары кездешкен.

Бирок кооптоно турган жагдай жок. Ош жана жалал-Абат аймактарында коомдук абал туруктуу-деди Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын Түштүтөгү жетекчиси Сүйүнбек Курбанов.

-Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан активдүү иш аракеттер жүрүп жатат. Талапкерлердин үгүт иштери учурунда ар кандай күчтөрдүн мыйзам бузуусуна жол койбо боюнча аракетерди көрүп жатабыз. Жалпысынан Ош, Жалал-Абад облустарында, Ош шаарында коомдук абал стабилдүү. Коомчулук менен тыгыз байланыштар болуп, түшүндүрүү, алдын алуу иштери жүрүүдө.

Жаштар көпчүлүк учурда материалдык кызыкчылыктардан улам ар кандай уюмдардын азгырыгына жетеленип жатканы айтылып келүүдө. Ошондуктан калкка такай түшүндүрүү жана алдына алуу иш-чаралары өткөрүү керектиги айтылып жатат.

Ниязаалы ажы Арипов Ош облусунун казысы:

-Ар агым өзүнүн мүчөлөрүн көбөйтүү үчүн материалдык кызыктырууларга барат. Кээ бир окууларды бекер уюштуруп бериши мүмкүн, чет өлкөлөргө барууга шарт түзүп беришет. Кыргызстандын өзүндө эле курстарды уюштурат. Алар жаштар муктаж болгон нерселерди таап, ошого жараша аларга жардам берип, акырындык менен өзүнө тартып, диний агымынын пайдасына колдонуу ушундан келип чыгат

өткөн аптада атайын кызматтын милиция менен биргеликте өткөргөн операциясы учурунда кичи автобустагы жүргүнчүлөрдү барымтага алган бир адам жок кылынганы кабарланган эле. Дагы бир нече адам кармалганын Улуттук коопсуздук кызматы билдирген. Бул шектүү катары кармалган кишилер Эл аралык террордук уюмдар менен байланышы болгон деп айтылган болчу. Алдыдагы Президенттик шайлоого карата К

Kыргызстанда күч органдары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кооптоно турган жагдайлар жок деп айтып жатышат.