Эгемен энергетика курула элек

    • Author, Кубат Чекиров
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы

Кыргыз жеринде газ менен мунай аз болгон менен көмүрдүн кендери толтура, суу-энергетиканын запасы мол. Бирок эгемендик жылдары Кыргызстан энергетикалык байлыктарын сарамжал жана натыйжалуу колдоно албай, коңшуларына отундан көз каранды болуп келди.

Көгүлтүр отундун көйгөйү

Сүрөттүн булагы, BBC World Service

Совет заманында Борбордук Азия регионунда бирдиктүү энергетикалык система болуп, баары эсептелип жасалган. Кыргызстандын суу сактагычтары, ГЭСтери кышкысын вегетациялык режимде иштеп, Казакстан менен Өзбекстандын эгин талаалары үчүн суу топтогон, ал эми коңшулары өз кезегинде Кыргызстанды жаратылыш газы жана көмүр менен камсыз кылып турган. Кыргызстан эгемендик алганы отун-суунун тартыштыгы чындап башына келди, газдын акысын төлөй албай, кыштын ызгаар чилдесинде көгүлтүр отундан кол жууп отуруп калган кыйынчылык жылдар болду. Өзбекстандын жаратылыш газы жылдан жылга кымбаттап, каатчылык менен кымбатчылык элдин жанына батты.

Өзбекстандан келген жаратылыш газы жана Казакстандын көмүрү негизинен Бишкек жана Оштун элин жылуулук менен камсыз кылууга жумшалат. Адистердин акыйкат баасында чындап келгенде Кыргызстан Кара-Кеченин көмүрүн жакса эле жана электр энергетикасын сарамжал пайдаланса эле коңшуларга газ менен көмүр көз карандылыгынан кутулмак, бирок ушул максатка эгемендик жылдары жетишүү мүмкүн болбоду.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин тушунда өкмөт жетекчилери Кыргызстандын энергетикалык ишканалар карызга белчесинен батканда аларды каржылык карылуу компанияларга утурумдук башкарууга - концессияга берүү идеясын көтөрүп чыгышты. Бирок парламенттеги катуу каршылыктан улам энергетикалык ишканаларды концессияга берүү аракети ишке ашпады.

Тезек тердирген Бакиев

2005-жылы март революциясынан кийин келген экинчи президент Курманбек Бакиев мурдакы бийликтин концессия саясатынан ашып түшүп, энергетикалык компанияларды сатуу жөнүндө чечим кылды, электр тарифтерин 72 тыйындан бир жарым сомго кымбаттатты.

2008-2009-жылдары Токтогул суу сактагычтында суунун көлөмү эки эсе азайып, электр кубатын иштеп чыгуунун көлөмү абдан кыскарып, энергетикалык кризис келип чыкты. Электр жарыгы кыштын кыраан чилдесинде жалп өчүрүлүп, эл кыйналды. Журт башында турган Курманбек Бакиев элди электрдин көзүн карап отура бербей, ата-бабанын жолун жолдоп тезек терип оокат кылууга үндөгөн сөзү калың калктын каңырыгын түтөттү.

- Урматтуу кыргызстандыктар, мен баса белгилеп айтып кетейин. Биринчи кар жааганда эмес, кыш келген экен дебей, азыртан даярданыш керек. Тезек болобу, көмүр болобу азыртан даярданыш керек. Булардын айткан сөзүнө ишенбегиле, свет болушу өтө татаал,-деген эскертүүсү К. Бакиевдин өзүнүн беделине катуу доо кетирген сөз болуп калды.

Энергетикалык ишканалардын текейден арзан сатылышы

2009-жылы Данияр Үсөновдун өкмөтү энергетикалык ишканаларды сатуу уурулукту тыят, эффективдүү башкаруу алып келет, өнүктүрүүгө каражат келет деп көгөрүп, кыштын алдында электр ишканаларын жең ичинен сатууга камданып, электр акысынын тарифтерин эки эсе көтөрүп, элди дагы бир кыйноого салды.

Өкмөттүн электр тарифтерин кымбаттаткан саясатына биринчи болуп мурда баш көтөрбөй келген теңиртоолуктар каршы чыкты. Кыштын кыраан чилдесинде Нарын шаарынын эли каршылык акциясына чыгып, өкмөт саясатын айыптады. Премьер-министр Данияр Үсөнов атайы барып, элдин нааразылыгын баса албай кайтты.

Ошол элдин каршылыгы курчуп турган учурда Данияр Үсөновдун өкмөтү кычап, “Түндүк электрону” 3 млн долларга сатып, Бишкек жылуулук түйүнүн, “Ошэлектро”, “Жалал-Абадэлектро” жана “Чыгышэлектрону” сатыкка койгондо нааразылык толкуну ого бетер көтөрүлдү. Оппозициялык күчтөр элдин нааразылыгын бийликке каршы пайдаланып, Нарында, Таласта, Бишкекте, элдик курултайларды өткөрдү. Элдик курултайлар энергетикалык ишканаларды сатууну токтотууну жана электр акысынын тарифтерин кайра калыбына келтирүүнү талап кылды.

-Электр кубатынын эки эсе, жылуулукка болгон тарифтердин беш-он эсе көтөрүлүшүн биз кыргыз элинин кызыкчылыгына, улуттук экономиканын кызыкчылыгына каршы келген кадам деп эсептейбиз. Бул элге каршы аракет. Бул эптеп базарга баасын чыгарып, Кыргызстандын энергетикалык объектилер сатып жиберүүнүн амалы, -деп “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ошол күндөрү өкмөт саясатын аесуз сындады.

Күүлөнүп алган бийлик элдин арыз-муңуна кулак салган жок. Акыры элдик каршылыктын масштабы өсүп отуруп, 2010-жылдагы кандуу апрель революциясына алып келди. Бакиев жана анын балдары, энергетика министри Балкыбеков өлкөдөн качып жоголушту. Бийликке келген убактылуу өкмөт энергетикалык ишканаларды сатуу келишимдерин жокко чыгарып, электр акысынын тарифтерин мурдагы ордуна алып келди.

Камбар-Ата 1-2 ГЭСтерин куруу аракеттери

Убактылуу өкмөт Бакиевдин тушунда башталган Камбар-Ата ГЭСинин курулушун аягына чыгарды. Роза Отунбаева 2010-жылы эгемендик күнүн утурлап аталган ГЭСтин биринчи агрегатын ишке киргизип, лентасын кести. Энергетика министрлиги 25-декабрда Камбар-Ата-2 ГЭСинин бардык үч агрегаты ишке киргенин жарыялады. Бирок келерки жазда эле ГЭСтин чала курулганы элге шардана болду. Көрсө курулушта каталыктарга жол берилген экен, анысы аз келгенсип мамлекет бөлгөн акча туура эмес жумшалып, субподрядчик ишканаларга негизги подрядчик “НарынГидроКурулуш” ишканасы 400 млн сомдон ашык акчасын төлөбөй койгону ачыкка чыкты.

- Бир жагынан бөлүнгөн каражаттын дайны жок. Экинчи жагынан ГЭС дагы толугу менен курулган жок. Ачык эле айтып коеюн, акчалар уурдалып-тонолуп кетти. Былтыркы шайлоого кетти деген дагы шек саноолор болуп жатат, - деди Би-БиСиге бул ишти иликтеп жүргөн эксперт Расул Умбеталиев.

Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүү үчүн жакынкы келечекте Камбар Ата-1 жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин мааниси зор эле. Бул ГЭСтердин курулушу Кыргызстан үчүн энергетикалык өз карандылыктан чыгуунун келечектүү жолу болуп саналат.

- Эгерде Камбар-Ата ГЭСи курулуп калса, ал жалаң энергетикалык режимде иштейт. Жай бою сууну топтоп алып, кышында эң керектүү учурда электр кубатын иштеп чыгып турат. Чындап энергетикалык эгемендикке жетүү ошол Камбар-Ата 1, Камбар-Ата 2 курулгандан кийин гана пайда болот, -деген эле Би-БиСиге энергетика маселелери боюнча адис Автандил Калмамбетов.

Камбар-Ата-2 ГЭСин мамлекет колундагы каражат жана адистер менен куруп көрдү эле, ал чала курулуп, азыр иштебей турат. Ал эми пландалган кубаттуулугу 1600 мегаватт болгон Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга Бакиевдин тушунда Россия бир миллиард 700 млн доллар инвестиция салууга ниеттенип, биргелешкен консорциум түзүлгөн. Бирок Бакиевдин үй-бүлөлүк кланы түшкөн акчаларды бооруна тартып алып жатканын көргөн Россия бул долбоордон баш тартты. Ошентип Кыргызстандын эгемендик жылдары ГЭС куруу үчүн болгон аракети толук ишке ашпай орто жолдо калды.

Энергетикалык эгемендиктин курулуштары

Кыргызстандын электр энергетикалык системасы азыр деле коңшуларга байланган. Өлкөнүн түштүгүнө жана түндүгүнө ГЭСтер иштеп чыккан электр энергия коңшулардын аймагы аркылуу жетет. Ошон үчүн Кыргызстан энергетикалык көз карандылыкка жетиш үчүн Кытайдын каржылык жардамы менен “Датка” станциясын куруп баштаган. Наркы 256 млн доллар турган бул курулуш план боюнча бир жарым жылда аяктап, өлкөнүн түштүк райондору коңшуларга болгон көз карандылыктан кутулууга тийиш. Ошондой эле түндүктө “Кемин” подстанциясын куруу жана аны “Датка” менен бириктирүү планы өлкөдө бирдиктүү энергетикалык шакек түзүүгө жол ачат. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев Жалал-Абадда “Датка” подстанциясынын курулушунун эгемен өлкө үчүн мааниси зор экенин баса белгилеген:

“Жакында Жалал-Абадда «Датка» подстанциясынын курулушун ачтык. Ошол жерде Ж.Түлөбердиев, Э. Төрөбаевге окшогон аксакалдар келип, керек болсо кубанычтан көздөрүнө жаш алып: «Кыргызстан качан электр энергетикасында эгемендүү болот деп 20-30 жылдан бери күткөнб үз. Мына, кудай буюрса, ошол күн келгени турат» дешти. Анткени билесиздер, буга чейин электр энергетикасынын рубильниги кошуна мамлекетте болчу. Эми кудай буйруса 1,5 жылдан кийин ал өзүбүздө болот. ”

Кыргызстанда изилденген маалыматтар боюнча көмүрдүн кени беш миллиард тоннаны түзөт, ал эми суу энергетикалык станциялар жылына 14 миллиард киловатт саат электр кубатын иштеп чыгат. Суу электр тармагында өлкөнүн 140-150 миллиард киловат саат иштеп чыга турган потенциалы бар. Бирок ушундай энергетикалык байлыгы бар туруп Кыргызстан кышында Казакстандан көмүр алып, Өзбекстандан жаратылыш газын алып, алардын көзүн карап жашоодо. Адистердин айтымында, бул жерде башкы себеп Кыргызстанда энергетикалык байлыктарды сарамжал жана натыйжалуу пайдалануу, өнүктүрүү колго алынбай келатканында жана бул тармактын коррупцияга бекем чырмалганында жатат.