“Бүгүн кармап, эртең акча төктүрүп”: бизнесмен Жалил Атамбаевдин кармалышы

Жалил Атамбаев

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жалил Атамбаев

Бизнесмен, чуулгандуу иштерде аты аталып келген Жалил Атамбаев кармалды. УКМК билдиргендей, ага карата бир нече кылмыш иши козголгон. Анын ичинде кызматта турганда мыйзамсыз баюу тууралуу берене бар.

Жалил Атамбаев 3-мартта кармалып, тергөө абагына киргизилгенин УКМК кабарлады. Ал ички иштер органдарында кызматта турганда мыйзамсыз аракеттерди жасоо боюнча шектелип жатат.

"Ж.Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", - деди УКМКнын басма сөз кызматы.

Жалил Атамбаевдин компаниялары мамлекеттен 40 млн доллар салыкты жашырганын финансылык полиция 2019-жылы жарыялаган.

Ага чейин депутат Жанар Акаев Атамбаевдин мыйзамсыз байыганын, мамлекеттик көмүр кенин иштетээрин жана башка мүлктөрү тууралуу айтып келген. Ал учурда 2016-жылы Жалил Атамбаев Ош шаарынын аба майданында милиция бөлүмүн жетектечү.

Нурипа Муканова

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурипа Муканова

Ош шаарында кабаттуу үйлөрдү куруп саткан Жалил Атамбаев көп кишини алдап кеткени "Азаттыктын" иликтөөсүндө айтылган. Бул боюнча Атамбаев журналист Ыдырыс Ысаковду сотко берип, кийин доосун чакыртып алган.

Бул камоого коомдоо түрдүү пикир айтылууда. Айрымдары бошонуп кетеби жокпу деген суроону коюп жатат.

Анткени буга чейин бир катар ири кылмышка шектелгендер да айып пул төлөп бошотулду. "Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин" катчысы Нурипа Муканова алар чынында берип бербегени, суммасы кантип, ким тарабынан аныкталганы бүдөмүк дейт.

"Мамлекетке канча чыгым келтиргенин сот аныктап бериш керек. "Мыйзамсыз баюу" бул Кылмыш кодексинин беренеси. Ал амнистияга жатпайт, тергөө иштери башкача жүрөт. Айыпты төлөгөндөн кийин деле соттун кайсы санкция колдонулду деген чечими болуш керек. Бүгүн кармап, эртең төктүрүп, эми кете бер деген кайсы мыйзамда бар экенин түшүнбөйм", - деди Муканова Би-Би-Сиге.

Төлөкан Исмаилова өлкөдө коррупция өзгөчө кооптуу деңгээлге чыгып жатканын эскертти
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Төлөкан Исмаилова өлкөдө коррупция өзгөчө кооптуу деңгээлге чыгып жатканын эскертти

Муканова бийликтин экономикалык амнистиясын эске салып, ал башталгандан бери унутта калганын белгиледи. Ал боюнча мыйзам кабыл алынмак. Бул демилге аягына чыкса коррупция менен күрөшүү, мамлекеттен уурдалган каражаттарды кайтаруу натыйжалуу болмок деп санайт Муканова.

"Декларацияларды көтөрүп, кимдин байлыгы ал жерде жок болсо, ошого карап эле ишти алып кетсе болмок. "Бул жана тигил кишилер, чиновниктер табылды" деп ачык тизме жарыялаш керек эле. Ошондо бир, эки киши эмес, жапырт чыкмак. Анда эл арасында дагы тандалма камоолор жүрүп жатат деген суроо пайда болмок эмес. Кайсы принцип менен тандалып жатканы азыр белгисиз", - деди Муканова.

"Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова бийлик коррупция менен күрөшмөк түгүл, ал күндөн күнгө өөрчүп баратканын белгиледи. БУУнун мүчөсү катары Кыргызстан кол койгон Коррупцияга каршы конвенциянын шарттарын аткарууга бел байлаш керек экенин айтты. Антпесе өлкөдөгү абал мындан да начарлап, оор кесепеттерге алып барат деген ойдо.

"Биз коррупцияга каршы күрөшө албайбыз. Анткени сот эгемендүү боло элек, бийликте реформа боло элек. Жабык жайларда адамдар өлүп жатат. Милиция отуз жылдан бери советтер союзунун ыкмаларынан кете албай, "кызыл милиция" болуп келет. Эгемендүү Кыргызстандын укук коргоо институттары жана УКМК реформа болмоюнча биз эч качан коррупцияны жеңе албайбыз", - деди Исмаилова.

Алмазбек Акматалиев

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алмазбек Акматалиев

Ал эми саясат таануучу Алмазбек Акматалиев бийлик мыйзамсыздык менен күрөштү ишенимдүү баштады деп эсептейт. Андыктан натыйжасын тергөө, сот иштери бүткөнчө күтө туруу керек деген ойдо.

"Кармалгандардын канчасы боюнча иш натыйжалуу болот, ага убакыт керек. Тергөө аныкташ керек. Ишке ашаар деп ишенип жатабыз, анткени чечкиндүү киришип жатышат. Ал эми тергөө менен кызматташууга барып акча төлөп берүү жараяны мыйзамга жараша жүргүзүлүп жатат да", - деген пикирин ортого салды Акматалиев.

Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик экономикалык амнистия жарыялаган. Ага ылайык бир ай ичинде мамлекетти чыгымга учураткан аткаминерлер өз эрки менен келип казынага каражатты салып кетиш керек болчу.

Буга чейин коррупциялык схемага шектелген Райымбек Матраимов кенемте төлөп бошотулган. Азыр кайра камакта. Бир күн мурда кылмыштуу топтун лидери аталып келген Камчы Көлбаев чыгарылганы кабарланды.