You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Иран: кандуу акция боюнча видеолор желдей тарады
Иранда тартылган видеолордун биринде көчөнүн четинде канжалап жаткан өспүрүмгө аял жүгүрүп баратканын көрсө болот. Бала менен аялдын жанында полиция кызматкерлери союл көтөрүп элди таратып жатат.
Шираз шаарында тартылган видеодо жерде жаткан демонстрантты топтолгон кишилер көтөрүп кетүүгө аракеттенүүдө. Көчөнү кара түтүн каптап, демонстранттар кыйкырып, полиция тарабынан ок атылууда. Ушундай видеолор баш калаа Тегеран жана башка чоң шаарларда чыкты.
Ирандын бийлиги дал ушул себептен интернет байланышын сегиз күндөн ашуун убакыт бууп салган. Интернет кайра иштей баштаганда нааразылык акциялар зомбулук менен басылганы боюнча маалыматтар желдей тарап жатат.
Эл аралык Amnesty International уюму 15-ноябрда башталган нааразылык акцияларда кеминде 143 киши өлгөнүн, көптөгөн адам жаракат алганын билдирүүдө. Каза тапкандардын көбү коопсуздук кызматкерлердин огунан мүрт кеткен дейт уюм. Ал эми Би-Би-Си Перс кызматынын Ирандагы булактары, демонстрация учурунда каза тапкандардын саны мындан кыйла көп экенин айтууда.
Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмийлери кан жетишсиз болгондуктан, ыктыярчыларды кан берүүгө улам чакырганы, миңдегендер жаракат алган болушу мүмкүн деген чоочулоого негиз болду.
Ирандын дипломаты болсо, каза тапкандардын санын четке кагып, аларды "эч далилсиз жоромолдор" деп атады. Президент Рухани болсо нааразылык акцяларды "чет өлкөлүк душмандар" уюштурду деген билдирүү жасады.
Өлкөнүн мамлекеттик телеканалдарды демонстрацияларды ээнбаштык деп мүнөздөп, митингчилер бир гана уурдап-тоноону көздөгөнүн кабарлады. Нааразылык акцияга чыккандар банктарга жана өкмөт имараттарына өрт коюшкан эле.
Толкундоолорго күйүүчү майдын баасы үч эсе кымбаттаганы себеп болгон. Демонстранттар көчөгө чыгып, Ирандын бийлигин алмаштыруу боюнча талап коюшкан. Нааразылык акциялар ондогон шаарга тараган.
Бир аптага үзүлгөн интернет
80 миллион калк жашаган Иранда бир аптадан узак убакыт бою интернет жок болду.
NetBlocks бейөкмөт уюму интернет байланышына байкоо жүргүзүп турат. Уюмдун айтымында, соңку күндөрү Ирандагы интернет колдонуучулары мурдагы деңгээлге салыштырганда беш гана пайызды түзөт.
"Мындай деңгээлдеги интернет байланышы үзүлгөнүн мурда эч жерде байкаган эмеспиз",-дейт NetBlocks уюмунун өкүлү Алп Токер.
Иран сыяктуу мамлекетте интернет системасын бир түйүн көзөмөлдөбөйт, аны жөн гана өчүрүп салуу мүмкүн эмес. Интернет системаны бир нече жеке компаниялар сатып алган. Аны үзгүлтүккө учуратуу оңойго турбайт.
Бирок чет өлкө менен байланышты Иранда эки мамлекеттик ишкана башкарат: Улуттук телеком компаниясы менен Физика жана математика институту. Демек, чет өлкө менен байланышты Ирандын бийлиги оңой эле өчүрүп салышы мүмкүн.
Ирандык журналисттердин бири "Твиттерге" "прокси сервер" (байланыш башка өлкөдөн түзүлүп жаткандай көрсөткөн каражат) аркылуу жазган. Ал дагы оңой болгон эмес. Ошондой эле ирандык тургундар спутник интернет же чет өлкөнүн сим карталары аркылуу байланыша алат.
Би-Би-Синин Перс кызматынын кабарчысы Бехран Таждин Тегеран бир нече жылдан бери ички "интернет" түйүнүнүн үстүнөн иштеп жатканын белгиледи. Бул аркылуу өкмөт мекемелери жана банктар өлкөнүн ичинде интернетке байланыша берет.
"Өлкөнүн ичинде интернет иштей берет, Иранда жасалган программалар дагы толук кандуу иштей берет. Бирок чет өлкө менен байланыш жок болот",-деп түшүндүрдү ал.
Мындай ички түйүндөн улам Иран бийлиги чет өлкө менен байланышты жумалап кабылына келтирбей коюшу ыктымал деген кооптонуулар айтылууда.
Тышкы дүйнө менен байланышты үзүүнүн экономикалык дагы кесепети бар.