Диабет: глюкозанын деңгээлин көрсөткөн татуировка

Мюнхен университетинин окумуштуулары диабет илдетине кабылгандарга глюкоза деңгээлин ийнесиз текшерип туруу үчүн жаңы ыкманы ойлоп чыгышты. Бейтапка татуировка жасалат, ал кандагы глюкоза, альбуминдер менен кычкылдыктын (pH) деңгээлин так көрсөтүп турат.

Немис химиялык коомунун журналына жарыяланган макалада жаңы ыкма "эндокринологиядагы ыңкылап" катары бааланууда. Angewandte Chemie бул ыкма диабетке кабылган же бөйрөк ооруларына чалдыккан бейтаптарга бир топ жеңилдик түзөт деп белгиледи.

Изилдөөчүлөр татуировка түсүн өзгөрткөндөн кийин кандын анализин дагы алышып, жыйынтыкты салыштырышкан. Натыйжада клиникалык сыноолор ийгиликтүү болду. Бирок сыноолор чочконун терисинде гана жасалды. Эми жаңы ыкма кишинин терисинде текшерилет.

Эң маанилүүсү кандагы глюкозанын деңгээли калыбына келген соң, татуировка мурдагы түсүнө кайра келген. Айрым гана учурда мындай болгон эмес. Окумуштуулар аны тууралап койсо болот дешүүдө.

Ийнесиз анализ алуу

Кандагы глюкоза, альбуминдер менен кычкылдыктын (pH) деңгээли текшерүүгө алынганынын себеби бар. Дал ушул заттардын көрсөткүчтөрү организм туура иштеп жатканын көрсөтөт.

Альбуминдер - негизги белоктордун бири. Канда бул зат аз болсо, боор же бөйрөк туура эмес иштеп жатканынан кабар берет. Альбуминдердин деңгээли көп болсо, жүрөк илдети болушу мүмкүн.

Ал эми диабетке чалдыккандар глюкозанын деңгээлин дайыма текшерип турушу керек. Себеби алардын организминде углеводдордун зат алмашуусу бузулган. Кандагы кычкылдыктын (pH) көп же аз болгону ар түрдүү оору боюнча кабар берет. Дарыгерлер мындай өзгөрүүнү байкаса, кошумча анализ алып диагнозду аныктоого шашат.

Үч заттын деңгээлин текшерүү үчүн лабораторияда кан анализин алуу керек. Ошондуктан диабет менен ооругандар глюкоза деңгээлин күнүнө бир нече жолу текшерет (тамактануу алдында). Демек, бейтап күнүнө бир нече жолу ийне менен анализ алат. Бул албетте, бир топ ыңгайсыздыкты жаратат.

Ийнесиз анализ алуунун башка деле ыкмалары бар. Мисалы, шилекейди текшерип, глюкозанын деңгээлин аныктоо ыкмасы. Бирок алардын кемчиликтери көп болгондуктан, мындай ыкма кеңири тараган эмес.

Немис окумуштуулары болсо атайын татуировка түсүн ойлоп табышты. Канда зат алмашып, глюкоза же башка көрсөткүчтөрдүн деңгээли өзгөрсө, татуировканын түсү дагы өзгөрүп бейтапка белги берилет.

Мындай ыкма качан кеңири колдонууга чыгаары азырынча белгисиз. Эки жыл мурун Массачусетс технологиялык институту дагы буга окошо ыкма боюнча сөз кылган. Алардын чочконун терисине жасалган сыноолору ийгиликтүү аяктап, бирок кишиге клиникалык сыноолор жасала элек. (AT)