Сирия: 60 миң орус аскери, өлтүрүлгөн 86 миң согушкер

Орусиянын Коргоо министрлиги Сириядагы операцияларга катышкан орусиялык аскерлердин санын жарыялады. Өткөн жылдын аягына салыштырмалуу сандар бир топ көбөйгөн, 48 миңден 63 миңге. Сириядагы аскердик аракеттерге катышкан орус генералдарынын саны эле 434.

2015-жылдын сентябрында операция башталгандан кийин орусиялык аскерлер саны айтылбай келген.

2016-жылдын мартында Орусиянын Коргоо министрлиги "Сириядагы аскердик операциянын катышуучусуна" деген ат менен 10 миң медаль алуу үчүн тендер өткөрүп, бул өз кезегинде журналисттердин көңүл борборунда турду. Кийинки жылы болсо мындай медалдардан 20 миң заказ кылынганы интернет сайтка жайгаштырылган.

2017-жылы Коргоо министри Сергей Шойгу биринчи жолу расмий түрдө чыгып, "Сирияда 48 миңден ашык орус аскери баа жеткис согуштук тажрыйба алды" деп айтканы бар.

Президент Путин 11-декабрда Хмеймим деп аталган орус аскердик авиабазасына барган учурда Сириядан аскерлерин чыгарып кетүүгө буйрук берген. Андан бери сегиз ай өттү, бул убакыт ичинде Коргоо министрлиги аскерлер санын кескин көбөйттү.

Жыйынтыктар сандар менен

Бул жана башка сандар министрликтин YouTube дагы расмий баракчасына жарыяланды. Анда төмөнкү сандар келтирилген:

  • Операцияга 63 012 орус аскери тартылды, анын ичинде 25 738 офицер бар;
  • Сириядагы аскердик операцияга 434 генерал катышты;
  • Сирия аркылуу армия экипажынын 91% , аскердик-транспорттун 97% жана Орусиянын стратегиялык авиациясынын 60% өттү;
  • Операция башталгандан бери 231 түрдүү курал-жарактын үлгүлөрү сыналды;
  • Авиация 39 миңден ашык учууларды жасады;
  • Суу алдындагы жана үстүндөгү кемелер "Калибр" ракетасынан 100 жолу ок чыгарган;
  • Деңиз-аскер флотуна караштуу 86 кеме жана 14 суу алдындагы кеме 189 согуштук жүрүш жасады;
  • Орусия армиясынын соккуларынын натыйжасында 86 миңден ашуун согушкер жана алардын 830 лидери өлтүрүлгөн.

Сирия Орусия үчүн полигонбу?

Орусиянын Сириядагы "ийгиликтерин" операция башталгандан тартып эле башка өлкөлөр сындап келет. Орусия болгону Сирияны курал-жаракты сыноочу полигон катары колдонду деген айыптар да басымдуулук кылат. АКШ генерал-лейтенанты Бен Ходжес бул тууралуу көп эле жолу айткан.

Ал эми президент Путин бул сөздөрдү четке кагып келүүдө. (ErA)