Атамбаев: Кызматтан кеткенден кийин кадр саясатына аралашпайм

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliev
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев алты жылдык президенттик ишмердүүлүгүн жыйынтыктаган акыркы басма сөз жыйынын өткөрүүдө.
Ушул аптанын соңунда президенттик кызматты шайлоодо утуп чыккан Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берет.
"Жумуштан кетип жатып, жеңилдикти сезип жатам. Дарыгерлер мага "өтүшкөн чарчоо" деген диагноз коюшту", -деди Атамбаев.
Өлкө башчы президенттик кызматтан кийин эс аларын, өлкөнүн кадр саясатына киришпей турарын билдирди. Бирок мамлекеттин жаңы лидерлери анын "кеңешине" муктаж экенин кошумчалады.
Президент Атамбанв пресс-конференцияда өктябрь айынан бери уланып келген кыргыз-казак чек арасындагы чатакка дагы токтолду.
"Казакстан менен кырдаал оңолот. Күн өткөн сайын аларга кыйын болот", -деди Атамбаев.
2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкалаптан кийин Кыргызстанда Убактылуу өкмөт түптөлүп - Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, ӨмүрбекТекебаев, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Элмира Ибраимова, Эмилбек Каптагаев баштаган он чакты оппозиция лидери жарым жылдык мөөнөткө аткаруу бийлигин колго алган.
Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаевага 2011-жылдын 31-декабрына чейин өткөл мезгилдеги Кыргызстандын президенти катары иштеген. 2011-жылдын ноябрь айында Атамбаев Кыргызстандын президенти катары шайланган.
Анын алты жылдык мөөнөтү ушул аптада аяктап, октябрь айындагы президенттик шайлоодон жеңип чыккан Сооранбай Жээнбековго кызматын тапшырат.








