Садыр Жапаров президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу Конституциялык сотко кайрылды

Кыргыз Республикасынын Конституциясы

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз Республикасынын Конституциясы
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бул кадам өлкөдөгү саясий жана эксперттик чөйрөдө президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча талаш-тартыштардан улам жасалганын Конституциялык соттон 11-февралда билдиришти.

"Кайрылуунун зарылчылыгы коомдук-саясий мейкиндикте жана эксперттик чөйрөдө интенсивдүү коомдук талкуулардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан Президентинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу мөөнөттөрүн, ошондой эле кезектеги же мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону дайындоо тартибин жөнгө салуучу конституциялык жоболорду карама-каршы түшүнүү калыптангандыгы менен шартталган.

Сунушта көрсөтүлгөндөй, 2021-жылдын 11-апрелинде референдум (жалпы элдик добуш берүү) аркылуу кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору, бир катар эксперттердин пикиринде, коллизияны жаратат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына (2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын редакциясында) ылайык шайланган Президенттин ыйгарым укуктарынын башталган учурун жана мөөнөтүнүн узактыгын бир жактуу эмес чечмелөөнү пайда кылат.

Конституциялык-укуктук белгисиздикти жоюу, Баш мыйзамдын ченемдерин ар кандай чечмелөөнү четтетүү, конституциялык кризистин алдын алуу жана шайлоо процессинин туруктуулугун кепилдөө максатында Президент Конституциялык соттон расмий түшүндүрмө берүүнү суранат", — деп айтылат маалыматта.

Бул маселени Конституциялык сот тарабынан кечиктирилгис тартипте кароо сунушталган.

Кыргызстанда акыркы күндөрү президенттик шайлоо качан өтөрүнө жана учурдагы мамлекет башчынын президенттик мөөнөтүнө байланыштуу ар кыл талкуулар күчөгөн.

Буга чейин парламент мыйзам боюнча кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтүшү керектигин аныктаган.