Литвадан унаа ташып келүү кыргызстандык ишкерлер үчүн оорлоду

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Литванын чек арасында тыгында калган кыргыз айдоочуларынын маселеси жарым-жартылай чечилди.

Ушу тапта 3,5 тоннадан жеңил транспорт айдаган айдоочулар чек араны эркин өтүп жатышат. Бул тууралуу ал жактагы кыргызстандык айдоочулар Би-Би-Сиге билдирди.

Литвадан унаа ташып келүү кыргызстандык ишкерлер үчүн оорлоду

Сүрөттүн булагы, Official

Руслан Европадан унаа ташып иштеген кыргызстандык айдоочулардын бири. Ал Литвадан оор салмактагы жүк ташуучу унаа сатып алган ишкерлер дагы деле өлкөдөн чыга албай жатканын айтып берди:

“Тягач деп коёбуз, бул фуранын чоңу. Тыюулар ошолорго киргени анык болду. Литва азыр тягачты, грузовикти да чыгарбай атат. Азыр эми биздикилер аны жолун табыштын аракетинде. Кыргызстандык айдоочулардын бирөөсү Испаниядан, бирөөсү Латвиядан, Польша, Эстониядан кылып эптеп чыгарып кетип жатышат”.

Русландын айтымында, литва бийлиги борбор азия жарандарын, анын ичинде кыргызстандыктарды Россияга унаа ташып жатабы деп шектенип жатат.

Мындан улам алар айдоочуларга Болгария же Түркия аркылуу чыгып кетүү сунуштап жатканы маалым болду.

Кыргызстандын ТИМи 7-сентябрда Литванын Беларус менен чектешкен эки – “Шумскас-Лоша” жана “Твярячюс-Видзы” бекеттери жабылып, чек арада Кыргызстандын 90го чукул жараны жана 70 жүк ташуучу автоунаа тыгында калганын ырастаган.

"Тышкы иштер министрлиги өткөрүү пункттарында Литва Республикасы тарабынан киргизилген чектөөлөр тууралуу расмий маалымат күтүп жатат", - деп маалымат тараткан эле буга чейин бул мекеме.

Би-Би-Си Литва тараптын бул тууралуу түшүндүрмөсүн сурап ТИМге кайрылды. Мекеменин тийиштүү департамени маселе боюнча жообун даярдап жатат.

Шектенүү жөндүүбү?

Тынчтык Шайлообаев Европадан унаа ташып ишкерлик кылган кыргызстандыктардын бири. Ал тыгында калып, бирок чек арадан ийгиликтүү өтүп кетүүгө үлгүргөн. Азыр Бишкекте.

“4-сентябрга чейин сатылып алынган оор жүк ташуучу машиналарды чыгарууга уруксат беришкен. Андан кийин машина алгандарга толук эле тыюу салып коюптур. Тыгын болгондо 120дай машина турат дешкен. Литва ал жактан ташылган унааалар Россияда эле калып калган жокпу деген маселе ойлондуруп жаткандай. Ал эле эмес, Кыргызстанга жеткен күндө деле бажыдан өткөндөн кийин андан ары Россияга ташылган жокпу деген суроолор шек санатып жатат. Бирок андай учурлар дагы бар. Жеңил унааларды ошентип ташып келип Россияга саткандар бар. Бирок оор жүк ташуучу унаалардын баары эле Кыргызстанда калат”.

trans.info

Сүрөттүн булагы, trans.info

Литва бийлиги 3-июлдан тарта Россия же Беларустун аймагы аркылуу ташылган товарларга көзөмөлүн күчөттү. Алалы, шектүү 57 товардын түрүнө атайын декларация талап кылып баштады.

Электроника жана анын компоненттери, электрдик трансформатор, химиялык материалдар тыкыр текшерүү менен гана чек арадан өткөрүлүп жатат. Буга кошумча согуштук максатта дагы колдонулушу мүмкүн делген электр кыймылдаткычтар, генераторлор, телефондук аппараттар дагы шектүү товарлардын тизмесине кирди.

Ал гана эмес, Литва өз аймагына орусиянын номери кадалган автомобилдерди да киргизбей калган. Мындай чараны жакында эле Латвия да киргизди.

Санкциялар санаасы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Айтор, Батыш өлкөлөрүн Россияга болгон санкциялары күчүндө. Андан, ириде, карапайым калк убара тартууда. Мисалы, Руслан ондогон кыргызстандык ишкерлер сатып алган машиналарын Литвадан чыгара албай жатканын айтат:

“Мен күнүнө Литва чек арасынан жок дегенде бирден тягач чыгарып берчүмүн. Мага заказ беришип, мен жүктөп жиберчүмүн. Ошондо, айына мен эле отуз машина салчумун. Менден сырткары бул жерде дагы он чакты кыргызстандык ушинтип иштейт. Бизден башка деле өз алдынча келип унаа алгандар көбөйгөн. Азыр эми бул жерде машинесин чыгарып ала албай жүргөндөр көп болуп кетти, маселелери чечилбей жатат”.

Русландын айтымында, эми Литва чек арасында абал андан дагы оорлошту.

"16-сентябрда Беларустан Россияга келген жагын эми орустар жаап алды. Европадан делген спринтерлерди, оор үк ташуучу унааларды, тягачтан башкасын буга чейин жакшы эле чыгарып жаткан. Кыргыз айдоочулар ошолорду алып чыгышчу. Эми Россия чек арасын бүткүл транзит номерлер үчүн жаап салыптыр. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга кетчү машиналардын бири да өтө албай, чек арада Беларустун ичинде калып кетти. Орустар өткөрбөй атышат".

Украинадагы согуштун айынан Батыш менен Россия эрегишип, Москвага масштабдуу эл аралык санкциялар салынды. Эми Россиянын согуштук машинасына жардам берип жатышы мүмкүн делген үчүнчү өлкөлөр да баштагыдан катуу байкоого алынып, Кыргызстанга да бир топ суроолор бар.

Украинада согуш башталганы Евробиримдиктен Борбор Азия өлкөлөрүнө товар ташуу көп эселеп өскөнү белгилүү. Ал арада Брюссель Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу санкция салынган товарлар Россияга өтүп кетип жатканына кабатыр экенин билдирген.

Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан жазында чаап келип, бир катар тынчсызданган билдирүүлөрдү жасап кеткен.

Анын соңунан Кыргызстанга Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид келип кеткен эле.

Евробиримдик Россияга жардам берип аткан үчүнчү өлкөлөргө дагы санкция саларын Евробиримдиктин төрагасы Шарль Мишель Чолпон-Атадагы саммитте сүйлөгөн сөзүндө да учкай айта кеткен.

Кыргыз бийлиги өз кезегинде Кыргызстан транзиттик мамлекет экенин жана эл аралык сооданын эрежеси менен иштеп жатканын жүйө кылууда. Садыр Жапаров Евробиримдикти кабатыр кылган маселе боюнча диалогду улантууга даяр экенин ошол саммитте билдирген.

"Дөшү менен балканын ортосунда"

“Бардык эле Борбор Азия лидерлери ушу тапта дөшү менен балканын ортосунда калгандай эле болушту. Бир жагынан, Батыш өлкөлөрү менен мамилени бузгулары келбейт, экинчи жагынан, Россиясы жок кантип иш болот? Себеби, бизде Россия менен өтө тыгыз интеграцияланган экономика. Мындан тышкары эмгек миграциясы, билим берүү, маданият тармагында мамилелер көп жылдар бою ширелишип келген. Андыктан аймактагы өлкөлөрдү Россиясыз элестетүү мүмкүн эмес. Ал тапта АКШ баш болуп Россияга жардам бербөө тууралуу айтып жатышат,” – деген эле буга чейин Би-Би-Сиге тажик эксперти Негматулла Мирсаидов.

Бир жагынан Батыштын катаал санкцияларынан чочулап, экинчи жагынан Россиянын экономикалык жана саясий кысымынан коркуп, аймактын лидерлери соңку бир жарым жылдан бери арасат абалда калышты. Алар тышкы саясатта көп жылдардан бери башкы өнөктөш болуп келаткан Россиядан толук баш тарта алышпайт.

Себеби, Казакстан менен Кыргызстан Россия башындагы Евразия экономикалык шериктештигине кошулган. Ал эми Тажикстан менен чогуу бул өлкөлөр Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна да мүчө болуп эсептелет. Анын башында да Россия турары белгилүү.