Коронавирус: Британияда күнүнө 90 миңдей адамга жугуп, Франция карантинге өттү
Британияда коронавирустун дээрлик 90 миң жаңы учуру катталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку күндүзгү көрсөткүч болуп жатат. “Омикрон” штаммы жайылып жактан чакта, Франция Британия менен чек арасын бекемдеди. Ал эми британ королевасы Елизавета II рождество алдындагы үй-бүлөлүк кечки тамак уюштурбай калды. Жаңы Зеландияда болсо, ковидге каршы киргизилген чектөөлөр каршылыктарга тушукту. Польшада биринчи жолу "Омикрон" катталды.

Британиядагы коронавирустун жайылуусунун жаңы рекорду, Франциядагы чектөөлөр
Бейшемби күнү Британияда 88,3 миң адамдан ковид чыкты. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Буга чейин эң жогорку мындай көрсөткүч өткөн шаршембиде катталып, 78,6 миңди түзгөн.
Расмий маалыматтарга ылайык, шаршемби күнү коронавирус аныкталган 10 миң адамда "Омикрон" табылды. Бирок вирустун жаңы мутациясына кабылган Британиядагы жарандар саны мындан эки эсе көп болушу мүмкүн.
Ал ортодо Франция Британиядагы жарандарын өз өлкөсүнө келуүгө бөгөт койду. Француз бийлиги, "Омикронго" байланыштуу тараткан билдирүүдө Францияга келүүгө “өтө маанилүү себептери” гана бар британ жарандары кире алары айтылат. Ал жарандар сапарга чыгып жатканда жана өлкөгө кирерде ПЦР тесттин жыйынтыгына карата киргизилет.
Шаршембиде Францияда ковид 65,7 миң адамдан чыкты, анын 240 гана "Омикрон" экени такталды.
Париж өзүнүн мындай чечимдерин түшүндүрүп жатып, британ өкмөтүнүн билдирүүсүнө шилтеме жасады. Ал билдирүүдө жакынкы арада "Омикрон" бул өлкөдө үстөмдүк кылары айтылат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жаңы эрежелере ылайык, ишембиден тарта Британиядан Францияга келүү үчүн алгылыктуу себеп болушу керек. Мындай талап эмделген жана эмбелбеген жарандар үчүн дагы иштейт. Туристтик жана иш-сапарлар мындай маанилүү себептер менен саякаттоо дегенге кирбейт. Франция жарандары жана алардын шериктери, балдары Мекенине келүүдө эч кандай маанилүү себептерин айтып отурбай эле кайта берсе болот.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Францияга кире алган чет элдик жарандар бир апта обочолонууга да милдеттендирилет. Бирок мындай карантин, эгер жаран тест тапшырып, анын жыйынтыгы ойдогудай чыкса 48 саат ичинде кайра алынат.
Франция киргизип жаткан жаңы чектөөлөр оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына тийиштүү эмес экенин Британиянын Транспорт министри Грант Шаппс француз кесиптеши менен сүйлөшкөндөн кийин билдирди. Мындай эмес шартта эки өлкө ортосында соода-алака чындап жабыркамак.
Британияда коронавирус менен ооруган бейтаптарга оорунун белгилерин жумшартуучу препараттар бериле баштады. Британия өткөн аптада коронавирустун кесепеттерине каршы таблеткаларды колдогон дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды. Саламаттыкты сактоо министри Саджид Джавид бул кадамды маанилүү учур деп атады.
Британия коронавирус жуктуруп алса, ооруканага чейин жете турган абалга жеткирбей турган препараттардын 450 миң курсун сатып алды. Ал ириде калктын аялуу катмары үчүн деп алынды.
Бул укол аркылуу эмес, таблетка түрүндө, үйдөн ичсе деле мүмкүн биринчи вируска каршы препарат болуп жатат.
Вустерширдеги Реддичтик 65 жаштагы медайым Соня Брайан бул препаратты Оксфорд университетинин иликтөөсүнүн алкагында иче баштаган биринчи британ жарандарынын бири болду.
Эгер молнупиравир 50 жаштан жогору ковид менен ооруган жарандардын ооруканага түшүп калуусунун алдын аларын далилдесе, препаратты калктын калың катмарына да колдоно башташмакчы.
Молнупиравир алды менен 10 миң бейтапта сыналып көрөт. Бул препарат башатында сасык тумоону дарылоо үчүн иштелип чыккан. Ал коронавирустун генетикалык кодун бузуп, анын өзүн өзү кайра жаратуусун жана андан ары жайылып кетишинин алдын алат. (EK)








