"Эң жаманына даярдык": Макрон Украинаны АКШсыз колдоо планын талкуулашканын билдирди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Парижде Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер тарабынан уюшулган "каалоочулардын коалициясынын" саммити болуп өттү. Жолугушуу эгерде Орусия менен тынчтык келишими түзүлө турган болсо Украинага кепилидиктер жана башка суроолорду талкуулоо үчүн уюуштурулду.
Саммит жыйынтыкталганда Эммануэль Макрон жалпы катышуучулар Украинаны жана анын армиясын мындан ары дагы колдой берүүнү жана Орусияга, анын көмүскөдөгү танкерлеринин флотуна басымды улантууну макулдашышканын билдирди.
Мындан сырткары Франциянын президентинин сөзүнө караганда, жыйында коалициянын саммитине катышкан мамлекеттердин тышкы иштер министрлерине Украинада ок атышууну токтоткондон кийин, абалды кантип көзөмөлдөсө боло тургандыгы жөнүндө сунуштарды үч аптанын ичинде иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Макрон ошондой эле франко-британдык аскер делегациясы Украинага украин куралдуу күчтөрүнүн "келечегин пландоо үчүн" жибериле тургандыгын дагы билдирди.
Макрон тынчтык орнотуу күчтөрү тууралуу айтып жатып, ал азырынча уюштуруу стадиясында экенин айтты. Франциянын президенти ал күчтөр түздөн-түз согуш жүргөн тилкелерде болбой тургандыгын, алар жарашуу келишиминен кийин "ооздуктоо" инстурменти катары жайгаша тургандыгына кайрадан ишендирди.
Франсуз президенти журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, испаниялык ММКнын кабарчысы узаткан суроого дагы жооп берди. Анда АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткоффтун Украинага тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү "абсурд" боло тургандыгы жөнүндө суроо болду. Макрон, Европа "жападан жалгыз" аракет көргөнгө даяр болушу керек деп билдирди.
"Эң жакшысына үмүт кылабыз жана эң жаманына камынабыз",- деп кошумчалады Макрон.
Анын сөзүнө караганда, Европа өз демилгелери Америка Кошмо Штаттары тарабынан дагы колдоого алынышын каалайт, бирок андай болбой турган болсо, Европа алакан жайып эле олтуруп калат деп айтууга болбойт.
Макрон ошол эле учурда АКШ "ишенимдүү өнөктөш" экенин дагы белгилеп жана Орусия Украинага толук кандуу басып киргенден тарта Украинаны абдан колдоп келе жаткандыгын дагы белгиледи.
Санкцияларды алып салуу маселеси
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Сауд Аравиясындагы сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ жана Украина тараптар Кара деңизде жарашуу боюнча макулдашууга жетишишкенин билдирген эле. Бирок Орусия мындай кадамга санкциялардын бир бөлүгү алынгандан кийин гана бара тургандыгын билдирди.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон саммиттин катышуучулары Орусияга каршы салынган санкцияларды алып салууга али эрте экенин макулдашышканын билдирди.
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер саммит аяктаган соң, "азыр санкцияларды алып сала турган учур эмес, тескерисинче күчөтө турган маалы" деп билдирди.
Украинанын президенти Володимир Зеленский колдоолору үчүн Улуу Британиянын премьер-министрине жана Францияга ыраазычылыгын билдирип, Орусия согушту токтотмоюн эч кандай санкцияны алып салбоо керектигин белгиледи.
Германиянын кызматтан кетип жаткан канцлери Олаф Шольц дагы Орусияга каршы санкцияларды жумшартууга каршы экенин билдирип сүйлөдү. Париждеги саммиттин жыйынтыгында Шольц Орусияга каршы салынган санкцияларды азыркы учурда алып салуу "олуттуу ката" боло тургандыгын билдирди.
Анын сөзүнө караганда, "тынчтыкка жетишмейинче санкцияларды алып салуунун эч кандай мааниси жок".
"Тилекке каршы, биз дагы деле бул нерседен алыспыз",- деп кошумчалады Шольц.
Украинанын президенти Володимир Зеленский саммиттин жыйынында, ага жеткен маалыматтарга караганда, Орусия азыркы учурда үч багытта жаңы чабуулдарга камынып жатат.
"Биздин чалгын кызматыбыздын маалыматтарына караганда, Орусия Сумы, Харьков жана Запорожье облустарына карай жаңы чабуулдарга камынып жатат. Алар сүйлөшүүлөрдү создуктуруп жана АКШ менен аягы, мааниси жок, жасалма "шарттар" боюнча дискуссияларды болушунча узартып, анын эсебинен убакыттан утуп, анан кайрадан көбүрөк аймакты басып алууну каалап жатат",- деди Зеленский.
Ал ошондой эле Украинага өнөктөш мамлекеттердин күчтөрүн жайгаштыруу боюнча конкреттүү жалпы план иштеп чыгуу чакырыгы менен европалык лидерлерге кайрылды.
"Бизге мыкты бир орток план зарыл. Анда барыбыз буга чейин талкуулагандар боюнча сиздерге жеткиликтүү болгондорду макулдашып жана ошол пландарды ишке ашыруу боюнча иш алып барышыбыз керек",- деп сунуш кылды Зеленский.
Ушул саммитке барган Володимир Зеленский, АКШ Орусиянын талаптарына баш ийип, Кара деңиздеги ок атышууну токтотуунун шарты катары санкцияларды алып салбайт деп үмүттөнө тургандыгын билдирген.
Москва Сауд Аравиясындагы сүйлөшүүлөрдөн кийин, кемелердин каттоосунун коопсуздугуна жол ача турган Кара деңиздеги жарашуу келишими батыш өлкөлөрү Орусиянын азык-түлүк жана жер семирткичтерин сыртка сатууга салган санкцияларын алып салганда гана күчүнө кирет деп жарыялаган.












