Зеленский АКШ Орусиянын талабы боюнча санкцияларды алып салбайт деп үмүттөнөт

Зеленский

Сүрөттүн булагы, AFP

Украинанын президенти Володимир Зеленский, АКШ Орусиянын талаптарына баш ийип, Кара деңиздеги ок атышууну токтотуунун шарты катары санкцияларды алып салбайт деп үмүттөнө тургандыгын билдирди.

Москва кемелердин каттоосунун коопсуздугуна жол ача турган Кара деңиздеги жарашуу келишими батыш өлкөлөрү Орусиянын азык-түлүк жана жер семирткичтерин сыртка сатууга салган санкцияларын алып салганда гана күчүнө кирет деп билдирди.

Учурда Украинаны колдоо коалициясынын саммитине катышуу үчүн Парижде жүргөн Зеленский 26-марттын кечинде журналисттер менен маектешти.

Би-Би-Синин эл аралык маселелер боюнча редактору Жереми Боуэндин АКШ Москванын талаптарына каршылык көрсөтө алабы деген суроосуна жооп берип жатып, "Мен буга абдан үмүт кылам. Бирок көрө жатабыз" деди Зеленский.

Ак үй 25-март күнү орусиялык жана украиналык делегациялар үч күнгө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Кара деңизде ок атышууну токтотуу боюнча келишимге келишти деп билдирген эле. Бул сүйлөшүүлөр Сауд Аравиясында америкалык расмийлердин катышуусунда өз-өзүнчө өткөрүлдү. Тагыраак айтканда орусиялык сүйлөшүү тобу менен украиналык делегация бетме-бет олтуруп сүйлөшпөйт. Эки тарапка америкалык аткаминелер ортомчулук кылды.

Бирок бир нече сааттан соң Кремль алардын шарттары камтылган өзүнүн билдирүүсүн жарыялады.

Москванын талаптарынын арасында — финансылык мекемелерге байланыштуу батыш санкцияларын жокко чыгаруу, айыл-чарба продукциялары менен соода-сатыкка киргизилген чектөөлөрдү алуу жана Swift эл аралык төлөм системасын пайдаланууну калыбына келтирүү камтылган.

АКШ президенти Дональд Трамп Москванын чектөөлөрдү жокко чыгаруу боюнча билдирүүсүн Вашингтон карап жаткандыгын айткан. Евробиримдик болсо санкцияларды жокко чыгаруу боюнча сөз кылууга али эрте экенин билдирди.

"Биз санкцияларды алып салууга камынган жерибиз жок, буга азырынча өтө эле эрте. Жыйынтыктап келгенде санкция маселеси Орусиянын агрессияга карата тандоосунан гана көз каранды. Ошондуктан санкцияларды жокко чыгаруу эл аралык укуктарды сактоонун пайдасына карата Орусиянын гана тандоосунан көз каранды болот",- деди президент Эммануэль Макрон. Ал бул тууралуу Парижде Володимир Зеленский менен жолугуп, сүйлөшкөндөн кийин айтты.

Макрон Орусия улам бир жаңы талаптарды сүрөп, ок атышууну токтотуу келишимине реаакция кылбай жатат деп айыптады.

Дональд Трамп Владимир Путин менен. 2019-жыл

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дональд Трамп Владимир Путин менен. 2019-жыл

Зеленский Парижде журналисттердин алдында сүйлөп жатып, ал колдоолору үчүн АКШнын эки партиясына тең абдан ыраазы экенин айтып, ошол эле учурда америкалык айрым бир расмий адамдар орусиялык көз караштардын таасиринде калып калганы боюнча санаркоосун билдирди.

"Биз Орусиянын мындай көз караштары менен макул эмеспиз",- деди Зеленский.

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен жакын мамиледеби же Зеленскийге жакынбы деген суроого дагы жооп бергенге туура келди. Украин президенти "билбейм" деп жооп кайтарды.

"Мен билбейм, анын чыныгы мамилеси кандай экенин билбейм, мен алардын [Трамп менен Путиндин] канча ирет сүйлөшүүсү болгонун билбейм. Мен анын Путин менен канчалык жакын мамиледе экенин билгидей Трамп менен анчалык деле ынак мамиледе эмесмин",- деп кошумчалады Володимир Зеленский.

Сауд Аравиядагы сүйлөшүү

Эр-Риядда Украинадагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча америкалык жана орусиялык делегациялардын жолугушуусу өттү. Киев менен Вашингтондун кеңешмеси болсо жекшемби күнү болгон. Алдын ала жарыялангандай эле үч делегация чогуу бир үстөлдө отурган жок.

ТАСС жана РИА Новости билдиргендей, сүйлөшүү 12 саатка созулган.

Бул сүйлөшүүдөн өтө олуттуу деле жаңылык күтүлгөн эмес: Володимир Зеленский жолугушуу "техникалык мүнөздө" экенин айткан. Ал эми Орусия Сауд Аравиясына жогорку деңгээлдеги эмес, катардагы кызмат адамдарын жөнөткөн.

Сүйлөшүү жекшемби күнү башталган. Алгач америкалык делегация украин тарап менен жолуккан. Дүйшөмбү күнү Орусия менен АКШнын сүйлөшүүсү өткөн.