You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Балдар коопсуздугуна коңгуроо. Узаган жылдын убайымы
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си, Бишкек
2023-жылы балдарга жасалган зордук-зомбулук окуялары үрөй учуруп, кызуу талкуулардын чордонунда болду. Ошондой окуялардын өзү балдардын коопсуздугу деген маселени кабыргасынан койду.
Би-Би-Си алардын эң урунттуу учурларын кайрадан эске салат.
Таштандыдан табылган ымыркайлар
№1. 2023-жылдын 8-ноябрда, Бишкекте түнкү саат 23:30 чамасында таштанды челекке ташталган жаңы төрөлгөн ымыркай табылды.
Наристени таап алган индус улутундагы студент дароо борбордогу №1 төрөтканага алып барган. Дарыгерлер абалы канааттандырарлык деп айтышкан.
Ымыркайдын энеси укук коргоо органдары тарабынан табылып, ал 21 жаштагы А.С. аттуу кыз экени аныкталып, камакка алынып, кийин тил кат менен бошотулду.
№2 18-ноябрь күнү, таңкы саат 07:30 чамасында Жалал-Абадагы Спутник кичи шаарчасындагы таштандыда жаңы төрөлгөн ымыркай табылды.
Жергиликтүү милиция ишти териштирип, ымыркайдын энеси таштандынын жаныдагы батирде жашаган, 18 жаштагы Т. Э. аттуу кыз экени аныкталган. Ымыркайды апасы өзү жашаган батирдеги душта төрөп койгону, коркконунунан кийимге ороп, таштандыга таштап койгону тууралуу маалымат берилген.
Ымыркай төрөт үйгө барган учурда абдан муздап калганы, абалы оор экени айтылган.
Кыз наристенин апасы, тайне, таятасы ооруканадан көрүп кетишкен. Алар баладан баш тартпай тургандарын дагы билдиришкен.
№3 19-ноябрь күнү, Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн жанынан жаңы төрөлүп ташталган ымыркайды, эки милиция кызматкери №2 төрөтканага алып келишкен. Наристе желим баштыкка оролуп, оозуна даарат кагазы салынган абалда табылган. Ошол түнү борбор калаада жамгыр жаап, таңга маал бир топ суук эле.
№2 төрөткананын медайымдары, ымыркай суукка көп туруп калгандыктан, азыр өпкөсү кагынып калганын маалымдашкан.
Аз күн ичинде эле жаңы төрөлгөн ымыркайларды таштандыга, короого таштап кеткен окуялар көпчүлүктү нес кылды. Коомчулуктун үрөйүн учурган бул окуялар боюнча тергөө иштеринин жыйынтыгы азырынча айтыла элек.
Үч ымыркайдын тең аталары убагында ким экени аныкталган эмес. Коомчулукта алардын дагы жоопкерчилигин талап кылган пикирлер көп болгон.
Жети жашар кыздын өлүмү
28-апрелде Нарын районуна караштуу Орто-Нура айылында жашаган жети жашар Арууке түштөн кийин мектепке кеткен боюнча кайтпай калды. Сөөгү ошол эле айылдагы эч ким жашабаган ээн үйдө табылды.
Тергөө-иликтөө убагында секелек кыз ошол эле айылда жашаган 64 жаштагы киши тарабынан алгач зордук-зомбулукка кабылып, андан соң мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталды.
Кызды өлтүргөн зөөкүр соттолуп, 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул чечимге жабырлануучу тарап нааразы болуп, кийинки инстанцияга арыз жазды.
Учурунда бул ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганы да айтылган.
Көзү азиз кыздарды зордуктоо фактысы
Август айында Түп районуна караштуу айылдардын биринде 13 жана 16 жаштагы көзү азиз кыздар 67 жаштагы Т. аттуу киши тарабынан зордукталып жүргөнү маалым болду.
Териштирүү учурунда бул киши мындан башка чогуу жашаган аялдын жыйырма үч жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген кызын дагы зордуктап жүргөнү аныкталды. Ага кылмыш иши козголуп, соттук медициналык жана соттук-психиатриалык экспертиза дайындалып, эки айга камалды
Алдын ала жүргүзүлгөн суракта шектүү күнөөсүн мойнуна алган эмес. Ал акыркы тогуз жылдан бери ошол үйдө келип-кетип жашап жүргөн деп айтылат.
“Балдарды коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова өлкөдө майыптыгы бар балдардын саны жыл сайын өсүп, алардын кол тийбестигин коргоо барган сайын кыйын болуп жатканын билдирди.
Кыргызстанда 2020-жылы 32 миң майыптыгы бар бала катталган. Алардын саны жыл сайын төрт миңге көбөйүп турат.
Сабалган наристелер
Араван районунда жаш эне эгиз кыздарын шымына заара ушатып койгону үчүн катуу сабап жаткан видео тарап, 21 жаштагы Д.С. аттуу аял кармалып, камакка алынды.
Бул келин алты айлык кезинде апасынан, бир жашка чыга элек кезинде атасынан айрылган. 73 жаштагы чоң апасынын колунда чоңоюп, кийин анын дагы көзү өтүп кеткен. 18 жашында турмушка чыгып, эгиз кыздар ушул биринчи жолдошунан болгон.
Анын ата-энеси жок, оор турмушта жашары айтылды. Жолдошу ичкиликке берилип, үйүндө тынчтык болбогондуктан ажырашып кетишкен. Атасынан калган үйүндө эжеси беш баласы менен отурукташып алгандыктан, үйүнө батпай экинчи ирет турмушка чыккан.
Бул үйдө кайненеси, жолдошунун эки карындашы, иниси болуп чогуу жашайт. Эгиз кыздардын денесине анализ жүргүзгөндө ийне сайылган тешиктер, көгала тактар жана башка жеңил жаракаттар аныкталган. Муну кайненеси жасаганы аныкталып, учурда анын дагы жоопкерчилиги каралууда.
Би-Би-Си эгиз кыздардын 32 жаштагы М.Ф. аттуу биологиялык атасы менен байланышканда, ал коомчулук талап кылып жаткан моралдык жоопкерчиликти сезбей турганын айтты. Кыздар мындан ары аны менен бирге жашарын айтып, бирок ачык комментарий берүүдөн баш тартты.
"Балдар укугун коргоо" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова бул жылы балдарга болгон зордук-зомбулуктун баары тең укук коргоо органдары тарабынан аягына чыккан жок деп белгиледи.
“2023-жылы наристе балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүм, кароосуз балдарга карата зордук-зомбулук көп болду. Чоң кишилер балдардын алсыздыгынан колдонушуп, ушундай ырайымсыз иштерге баргандары өкүнүчтүү болду. Сот системасы тарабынан дагы балдардын кызыкчылыгын талашпай, кылмышкерлердин кызыкчылыгын талашкан окуялар дагы болду да. Биз туруктуу социалдык кызматкерлерди түзмөюнчө, балдарга карата зордук-зомбулукту азайтканга колубуз жетпей калабы деп тынчым кетип турат”.
2023-жылы балдарга карата канча кылмыш иш катталганы боюнча Башкы прокуратура азырынча маалымат бере элек.
Ал эми 2021-жылы эле 250 жыныстык зордук-зомбулук катталган. 2022-жылы алардын саны 500гө жеткен. Укук коргоочулар зомбулуктун 2% гана милиция органдарына жетерин билдирүүдө.