Израиль: Газа "жакында күйүүчү май, дары-дармек жана азык-түлүксүз калат"

Израил ХАМАСтын чабуулдарына жооп берип жаткадыктан Газа тилкеси жаңы гуманитардык кризиске кептелиши мүмкүн деп бийликтер билдиришти.

Дүйшөмбү күнү Израил аталган аймакты “толук курчоого” алганын жарыялаган, андыктан электр жарыгы, тамак-аш, отун жана суу өчүрүлөт деп маалымдады.

Тургундардын айтымында, ишембиден бери анклавга жардам келе элек.

Би-Би-Синин кадрларынан Израилдин аба соккуларынан улам кулаган имараттардын урандыларына толгон ээн көчөлөрдү көрүүгө болот.

Бул чабуулдардан 700гө жакын адам каза болуп, миңдеген адамдар жарадар болгону кабарланууда.

Бул аймакта жалпысынан 2,3 миллионго жакын адам жашайт - алардын 80% Израил менен болуп жаткан согуштук аракеттерден улам гуманитардык жардамга муктаж.

Газаны ХАМАС согушкерлери башкарат, бирок Израил аба мейкиндигин жана анын жээк тарабын көзөмөлдөйт. Ошондой эле анын чек арасынан кимдер жана кандай товарлар өтүп жатканын текшерет.

Коңшу Египет Газа менен чек арасы аркылуу эмнелер же кимдер өтүп жатканын катуу көзөмөлдөйт.

Кол салуулар ишемби күнү эртең менен башталгандан бери Израил Газага кирген бардык жүктөрдү, анын ичинде азык-түлүк жана дары-дармектерди токтотту.

БУУнун баш катчысынын маалымат катчысы Стефан Дюжарриктин айтымында, ондон ашык медицина кызматкери набыт болуп же жарадар болуп, кеминде жети медициналык борбор жабыркады.

Ошол эле учурда, адамдар электр жарыгы жана интернетсиз калышты, жакын арада тамак-аш жана суу ресурстары да жетпей калышы мүмкүн.

"Санитарияга, гигиенага жана суу сактаган объекттерге келтирилген зыян 400 000ден ашык адамды бул кызматтардан ажыратты," - деди Дюжаррик мырза.

Газадагы электр станциясы азыркы электр энергиясынын жалгыз булагы жана андагы отун бир нече күндүн ичинде түгөнүшү мүмкүн.

Ал эми Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 100,000ге жакын ички жер которгон палестиналыктарга тамак-аш таратып жатат. Бул сандар мындан ары сегиз эсеге өсүшү ыктымал деп ал кошумчалады.

Акыркы чектөөлөргө чейин эле Газанын жашоочулары азык-түлүктүн жетишсиздигине, кыймылга чектөөгө жана суунун тартыштыгына дуушар болуп жатышкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун Палестин качкындар боюнча башкармалыгынын (UNRWA) басма сөз катчысы Джульетта Тоума Би-Би-Сиге Газанын тургундары учурдагы абалдан "үрөйү учуп", өздөрүнүн, балдарынын жана үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугуна кабатыр болуп жатышканын айтты.

Дүйшөмбү күнү Израилдин коргоо министри Йоав Галлант бул аймак “толук курчоого” алынарын билдирди.

Кийинчерээк Израилдин инфраструктура министри Газага суу берүүнү чукул арада токтотууга буйрук берип: "Мурда болгон нерсе келечекте болбойт" деди.

Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлиги бул билдирүүлөрдөн мурда Израилдин аракеттеринен улам ооруканалар дары-дармек, медициналык буюмдар жана күйүүчү май тартыштыгына дуушар болуп жатканын маалымдаган.

Аталган министрлик эл-аралык коомчулукту “электр линияларын кайра иштетүүгө” жана чукул муктаждыктарга дары-дармек, күйүүчү май жана электр генераторлорун жеткирүүгө Израилди үндөөгө чакырды.

Израиль акыркы күндөрү Газага жооп иретинде массалык аба соккуларын баштады. Жекшемби күнү кечинде өзгөчө катуу сокку урулду, бул Газага карата акыркы жылдардагы эң ири чабуул болду.

Аба чабуулдарынын айрымдары Газанын чыгышындагы чек ара аймагын бутага алды, ХАМАС ишемби күнү эртең менен өз чабуулдарын баштаган эле. Израил ал аймактарды коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бутага алып жаткандай.

Күбөлөр Израил чек ара аймагында артиллерияны да колдонуп жатканы тууралуу айтышкан.

Израил Газадагы ХАМАСтын буталарына чабуул коюп уруп жатканын билдирди, бирок жайкын тургундарга сокку урулганы тууралуу маалыматтар бар.

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги Газадагы качкындардын эки лагери - Аль-Шати (жээк лагери деп да аталат) жана Жабалия лагерлери Израилдин аба соккусунан жабыркаганын жана бир нече киши жарадар болуп, каза болгондор да бар экенин билдирди.

Интернетке Жабалиядан тараган видеодон чоң башаламандыкты, бир адамды көтөрүп бараткандарды жана канга боёлуп, чаңга буланган кишини көрүүгө болот.

Тышкы иштер министилиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Газадагы мектебине да абадан сокку урулганын билдирди, анда жүздөгөн жайкын тургундар, анын ичинде жаш балдар жана карылар баш калкалап жатышкан.

БУУ чабуул болгонун тастыктап, мектеп "катуу жабыркаганын", эч ким каза болбогонун кабарлады.

Ошондой эле мечитке жана үйлөргө сокку урулганы тууралуу маалыматтар бар.

Ассошиэйтед Пресс агенттигинин маалыматына караганда, Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына болгон соккудан бир үй-бүлөнүн 19 мүчөсү набыт болгон.

БУУ Газадагы 123 538 адам "коркуудан жана үйлөрүнүн кыйрагандыгынан" улам аймактын ичинде жер которгонун айтты.

Гуманитардык иштерди координациялоо комиссиясы (OCHA) кошумчалагандай, 73,000 киши мектептерде баш калкалоодо. (DO)