Орусиянын дүйнөдөгү таасири кандайча өзгөрүүдө жана ага Трамптын кандай тиешеси бар?

Африканын бир катар өлкөсүндө Орусиянын көптөгөн колдоочусу бар

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Африканын бир катар өлкөсүндө Орусиянын көптөгөн колдоочусу бар
    • Author, Григор Атанесян
    • Role, Би-Би-Си
  • Окуу убактысы: 9 мүнөт

Дональд Трамптын Ак үйгө кайтып келишин көптөр Кремль үчүн чоң ийгилик катары баалашкан. Бирок бир жылдан кийин Украина америкалык курал-жарактарды жана чалгындоо маалыматтарын алууну улантууда, ал эми Донбасста Трамптын инаугурациясына чейин эле башталган шаарлар үчүн күрөш токтоп калган жок. Ошол эле маалда АКШнын аракеттери Орусиянын Түштүк Кавказдагы жана Жакынкы Чыгыштагы кызыкчылыктарына коркунуч жаратып жатат.

"Орусиянын абадан коргонуусу иштебей калса керек, ээ?", - деп какшыктады АКШнын коргоо министри Пит Хегсет. Министр бул сөздү АКШнын Каракаста Николас Мадурону колго түшүрүү операциясын мактап жатканда айтты. Себеби Венесуэланын асманын орусиялык системалар коргошу керек болчу.

Бул операция АКШнын "арттагы короосунда" Орусиянын негизги өнөктөшү болгон режимди президентсиз калтырды. Бир да жоокерин жоготпостон, Вашингтон Венесуэланын мунайына көзөмөлдү өз колуна алып, Латын Америкасындагы Америкага каршы саясаттын борборун кыймылдагыс кылып койду. Миллиарддаган карызды кечкенден кийин Москва эми кредитке берген миллиарддарды кайтара алары күмөн.

Орусиянын Латын Америкасындагы башка дагы эки өнөктөшүнүн келечеги суроо жаратат. Венесуэланын мунайынын эсебинен жашап калган Кубадагы коммунисттик режим жана Никарагуадагы Даниэл Ортеганын диктатурасы АКШнын кийинки бутасына айланышы ыктымал. Никарагуа БУУда бардык орусиячыл резолюцияларды кынк этпестен колдоп келет.

Жакынкы Чыгышта болсо Орусиянын негизги өнөктөшү, Аятолла Хаменеи башында турган Иран Ислам Республикасынын бийлиги акыркы нааразылык акцияларынан кийин алапайын таппай калды. Акыркы бир жылда алар тарыхта биринчи жолу Израил жана АКШ менен түз кагылышууларга тартылышты. Алар ишеним арткан Ливандагы "Хезболла" кыймылын Израил талкалап салды. Ирандын ичинде экономикалык кризис буга чейин болуп көрбөгөндөй митингдерге шарт түздү, ал эми январдын аягында Перс булуңуна америкалык согуштук кемеде сокку уруучу топ келди.

Орусиялык деңизчилер жакында эле Каракаста марш менен жүрүшкөн, бирок азыр болсо Венесуэла АКШнын талаптарын аткарып жатат

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиялык деңизчилер жакында эле Каракаста марш менен жүрүшкөн, бирок азыр болсо Венесуэла АКШнын талаптарын аткарып жатат

Ушул кезге чейин Орусиянын колдоосу алдында деп эсептелген Сирияда Башар Асадды бийликтен кулаткан козголоңчулар Вашингтон жана Европа менен мамилени жөнгө салууга артыкчылык беришүүдө. Алар АКШнын чөлкөмдөгү антитеррордук коалициясына кошулушту, ал эми Трамптын атайын чабарманы Дамаск менен күрд күчтөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылды. Январдын аягында орусиялык аскерлер өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Камышлы авиабазасын чукул түрдө эвакуациялашкан.

"Москвага ыктаган режимдердин биринин артынан бири кулашы жана башкаларынын чабал туруму Орусия постсоветтик мейкиндиктин тышында өз күчүн көрсөтүүгө жөндөмсүз экенин ачыкка чыгарды", - дейт Куинси институтунун Евразия программасынын директору Анатол Ливен.

Бирок Орусия Жакынкы Чыгыштан жана Латын Америкасынан кетти деп айтууга азырынча эрте.

Мурдагы жана азыркы жихадчылар

"Орусиянын армиясы Украинадагы согуш менен алек болуп, Сирияда бийлик алмашса да, Москва өлкөдөгү жана жалпысынан эле Жакынкы Чыгыштагы позициясын сактап турат", - дейт Орусиянын Эл аралык иштер боюнча кеңешинин жетектөөчү серепчиси Антон Мардасов.

Асад бийликтен кулатылгандан кийин Орусиянын Хмеймим авиабазасынын жана Москва 2066-жылга чейин колдонууга укук алган Тартустагы деңиз пунктунун тагдыры тууралуу суроолор жаралып, ал тургай Орусия оор техникасын шашылыш түрдө чыгара баштаган. Бирок бийликке келген мурдагы жихадчы Ахмед аль-Шараа анын өкмөтү Москва менен буга чейин түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерин аткарат деп убада кылган. Учурда Хмеймим базасы Орусиянын Африкадагы аскерлерин колдоо үчүн пункт катары кызматын улантууда, Тартус да Орусиянын көзөмөлүндө калды.

Путин Сирияга интервенциянын максаты терроризмге каршы күрөш болгонун айтып келгени менен, мурдагы жихадчы Шараа менен оңой эле тил табышып кетти

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин Сирияга интервенциянын максаты терроризмге каршы күрөш болгонун айтып келгени менен, мурдагы жихадчы Шараа менен оңой эле тил табышып кетти

"Түркия менен Израилдин, АКШнын, араб монархияларынын ортосундагы татаал жагдайды эске алганда, Сириянын жаңы режими контрбаланс катары Орусияга кызыкдар. Дамаск тигил же бул оюнчуга көз каранды болбоого аракет кылып жатат. Бир жагынан Түркиянын бийлиги да бар, ал да коргонуунун алдыңкы борбору катары Сириядагы позициясын күчөтүүнү каалайт", - дейт Мардасов.

Орусиялык гезиттер Дамаск Израил аскерлеринин Сириянын аймагына тереңирээк киришин токтотот деген үмүт менен Израилдин чек арасына жакын жерге Орусиянын кайтып келишине кызыкдар экенин жазышты. Убактылуу президент аль-Шараа январда Москвага экинчи жолу келип, Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолуккан.

"Экономикалык мамилелердин, бейформалдуу жана расмий дипломатиянын эсебинен Москваны Жакынкы Чыгыштагы мамилелерден толук чыгарып салуу мүмкүн эмес", - деп эсептейт Мардасов. Ал белгилегендей, Сирия аркылуу орус дипломаттары коңшу Ливандагы кырдаалга да таасир эте алышат.

Орусиянын авиациясы Дамасктын чет жакасындагы бүтүндөй кварталдарды талкалап салган

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын авиациясы Дамасктын чет жакасындагы бүтүндөй кварталдарды талкалап салган
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Геосаясат боюнча эксперт Беверли Очиенг ушундай эле кырдаал Африкада да түзүлгөнүн айтат. Бул чөлкөм он жылдан ашык убакыттан бери жихадчы топтор менен кармашып келатат, себеби жихадчылардын биринчи бутасы – Мали Республикасы.

Адегенде аларга каршы күрөштө жардамга Франция келген. Бирок Франциянын сегиз жылга созулган "Бархан" операциясынан кийин жихадчылардын чабуулу коңшу Буркина-Фасо менен Нигерияга өткөн. Үч өлкөдө тең бийликке аскер жетекчилиги келип, алар француз аскерлеринен өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылышкан. Ушундан кийин алар "Вагнер" жеке компаниясынын кызматынан пайдаланып, андан соң алардын ордуна Орусиянын Коргоо министрлигинин Африка корпусу келген. Бирок азырынча орус аскерлери жана инструкторлору француздардан артык болуп кетишкен жок, себеби өткөн жылы жихадчылар өкмөттүк аскерлерди сүрүп чыгарып, улам алга жылып жатат.

"Ошого карабастан Москва Сахелди башка аймактарга чыгуу үчүн плацдарм катары колдонуп, континентте өзүнүн катышуусун кеңейтүү үчүн кыйла акчаны да, күч-аракетти да жумшап койду", - дейт Очиенг. Африкалык мамлекеттердин лидерлери АКШ менен иш алып барууну кааласа да, алар Ак үй үчүн артыкчылыктуу эмес экенин түшүнүп турушат.

Бул Орусия чөлкөмдөгү оюнчу бойдон кала берет дегенди билдирет. Мисалы, жихадчыларга каршы күрөштө Малинин, Буркина-Фасонун жана Нигериянын аскерий башкаруучуларынын учурда айкын альтернативалары деле жок, ушул себептен улам алар орусиялыктарга таянышууда. Аскерлерди жибергени үчүн орусиялык компаниялар бир нече өлкөнүн жаратылыш ресурстарына жетүү укугун алышты. Буга катар эле Орусия Гвинея булуңундагы портторго кирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө.

2024-жылы Орусия Экваториалдык Гвинеяга инструкторлорду жөнөткөн

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2024-жылы Орусия Экваториалдык Гвинеяга инструкторлорду жөнөткөн

Постсоветтик лидерлер Трамптын эң жакын досторубу?

Акыркы жылдары Орусияга болгон мамиле постсоветтик мейкиндикте кескин өзгөрүүдө.

Бул өлкөлөрдүн көбүнө Орусиянын Украинага согуш ачышы жана аны коштогон риторика алардын мурдагы империялык борбор менен мамилелерин – орус империясынын колонизациясынан баштап, 1920-30-жылдары улуттук интеллигенцияны толугу менен жок кылып, андан кийинки орусташтырууга чейинки мамилелерин эске салды.

Орусия баарынан да тез Түштүк Кавказдагы позициясын жоготту.

2020-жылы Азербайжан менен Армениянын ортосундагы согуш Путиндин ортомчулугу менен аяктап, ал эми орусиялык тынчтык орнотуучу күчтөр Тоолуу Карабакка киришкен. Бирок Орусия Украинага согуш баштагандан кийин баары өзгөрдү.

2023-жылы Азербайжан Карабакка көзөмөлдү күч менен кайтарып алып, орусиялык тынчтык орнотуучу күчтөр мөөнөтүнөн эрте мекенине кайтарылган. Ал эми 2025-жылы эки өлкөнүн лидерлери Дональд Трамптын ортомчулугу менен тынчтык макулдашуусунун текстин бекитишкен.

Азербайжан менен анын эксклавынын ортосундагы жолдун долбоору "Трамптын Эл аралык тынчтык жана өнүгүү жолу" (TRIPP) деп аталды. Эми Трамп Илхам Алиев менен Никола Пашинянды өзүнүн достору деп атап, экөө тең анын Тынчтык кеңешине киришти. Армения АКШнын стратегиялык өнөктөшү статусун Жо Байдендин башкаруусунун акыркы күндөрүндө алган, ал эми Азербайжан менен да ушул сыяктуу келишим учурда даярдалып жатат.

Ошол эле маалда эки өлкө тең Орусиядан алыстап баратат. Өткөн жылды Баку менен Москва дипломатиялык жаңжал абалында өткөрүштү. Мунун натыйжасында камакка алынган орусиялыктар Азербайжандын түрмөсүндө калууда, ал эми бийликчил азербайжандык медиа каражаттары Кремлди сындап келишүүдө.

Эки өлкөнүн бийлиги ошондой эле Кремлдин агенттери деп шектелгендерди издей баштады. Бакуда президенттик администрациянын мурдагы башчысы "кутум даярдаган жана Москва үчүн иштеген" деп шектелүүдө. Ал эми Ереванда бир нече оппозиционер жана армян чиркөөсүнүн архиепискобу Орусиянын колдоосу менен куралдуу төңкөрүш даярдаган деп айыпталууда.

Орусия жетектеген ЖККУнун мүчөсү катары кагаз жүзүндө калганы менен Армения иш жүзүндө ага катышпай калды. Ошондой эле Армения Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү бойдон калып жатканы менен анын бийлиги Евробиримдикке кирүүнү максат кылууда.

Трамп Пашинян менен Алиевди өзүнүн жакшы достору деп атайт

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп Пашинян менен Алиевди өзүнүн жакшы достору деп атайт

Орусиялык үгүтчүлөр постсоветтик мейкиндиктеги таасирин жоготуу Кремль үчүн башкы чакырык деп эсептешет. Январдын башында бул көз карашты Владимир Соловьев мындайча туюндурган:

"Биз азыр Сирия же Венесуэла менен алектенбешибиз керек. Биз позицияларыбызды жоготпошубуз керек, бирок биз үчүн эң маанилүүсү – кошуна мамлекеттер. [...] Арменияны жоготуп алуу – мына ушул чоң көйгөй. Биздин Азиябыздагы, […] Борбордук Азиядагы көйгөйлөр – мына ушулар биз үчүн чоң көйгөй болушу мүмкүн".

Ошол эле күндөрү орусиялык белгилүү ашынган оңчул идеолог Александр Дугин кыйла радикалдуу маанайда пикирин билдирди:

"Биз суверендүү Арменияга же суверендүү Грузияга же суверендүү Азербайжанга, суверендүү Казакстанга, суверендүү Өзбекстанга, Тажикстанга, Кыргызстанга макул болбошубуз керек".

Бул цитаталар аты аталган өлкөлөрдүн көбүн таарынтып, алар булардын артында Кремлдин ниети турат деп баамдашты. Арменияда жада калса Соловьевдун берүүсүнөн улам Орусиянын элчисине нааразылык нотасы тапшырылды. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Соловьевдун сөздөрүн "өзүнүн жеке пикири" деп атады.

Түштүк Кавказ сыяктуу эле Орусиянын Борбордук Азиядагы позициясына Трамптын администрациясынын активдүүлүгү көбүрөөк коркунуч жаратууда. Ноябрда тарыхта биринчи жолу америкалык лидер Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттерин Ак үйдө кабыл алган.

Борбордук Азия лидерлери үчүн АКШ менен жакындашуу Орусиянын жана Кытайдын таасирин чектөө ыкмасы катары кызмат кылууда. Ал эми Трамптын командасы алар менен буга чейинки администрациялардай болуп, адам укуктары жана демократия маселелерин талкуулаган жок. Мунун ордуна Вашингтон сейрек кездешүүчү металлдарды кошо алганда пайдалуу кендерге кызыгуусун билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио чөлкөмдөгү мамлекеттер менен кызматташуунун чөйрөсүнө токтолуп, "Кудай силердин өлкөлөрүңөргө ресурстарды аянбастан берген" деп белгиледи. Ал 2026-жылы беш өлкөгө тең иш сапары менен барууга убада берди. Саммиттин алдында америкалык компания Өзбекстандын кен байлыктарын иштетүүгө миллиард долларлык келишим алды. Башка бир америкалык корпорация Казакстанда вольфрам кендерин иштетүү боюнча долбоордо 70% үлүштү алды. Вольфрам аскердик-өнөр жай комплекси үчүн абдан маанилүү, ал эми Кытай аны казуу жана өндүрүү боюнча дүйнөдө лидер болуп саналат.

Трамптын администрациясы Борбордук Азиядагы пайдалуу кендерге кызыгууда

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамптын администрациясы Борбордук Азиядагы пайдалуу кендерге кызыгууда

Анын үстүнө АКШнын Кавказдагы жана Борбордук Азиядагы пландары өз ара байланышта. Вашингтон "Ортолук коридор" долбоорун колдойт. Бул – Европаны Борбордук Азия жана андан ары Кытай менен байланыштырган, Орусия менен Иранды айланып өтүүчү транспорттук жол жана Армениянын аймагындагы "Трамптын жолу" анын бир бөлүгү болуп калышы керек.

Чөлкөмдө Орусиянын саясатына каршы маанай дагы күчөп баратат. Бул – Орусиянын Украинадагы согушуна болгон реакция жана орусиялык үгүтчүлөрдүн кошуна өлкөлөргө опузасы, ошондой эле Орусиянын ичинде мигранттарга каршы катаал саясаттын жыйынтыгы.

Жакында эле Кыргызстан Москваны ЕАЭБнын сотуна берди, ал эми Өзбекстандын президенти Орусиядагы мигранттардын укуктары бузулуп жатканын кескин айыптады. Буга чейин чөлкөмдөгү лидерлер жолугушканда орус тилинде гана сүйлөшсө, азыр ар бир президент эне тилинде сүйлөп жатат. Борбордук Азиядагы жарандык коом да орус тилинин жана маданиятынын ролун кайра-кайра көтөрүүдө.

"Путиндин пайдасына тең салмактуулук"

"Соловьев менен Дугиндин сөздөрүн Кремлдин ниети катары кабыл алуу жаңылыштык, - дейт Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Константин Затулин. – Орусиянын бийлиги үчүн баарынан да маанилүүсү – бул Украина боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөр жана бул маселеге Дональд Трамптын администрациясы "жигердүү катышып, учурда негизги ролду ойноп жатат".

АКШнын постсоветтик мейкиндиктеги активдүүлүгү, Мадуронун бийликтен кулатылышы жана Орусиянын Сириядагы жетектөөчү ролун жоготушу Москванын геосаясий позициясын алсыратууда. Бирок аларды Трамптын Гренландияга койгон дооматтарынан улам НАТОго келтирилген зыян менен салыштырсак, болуп жаткан окуялардын баары орусиялык президент Владимир Путиндин пайдасына болууда", - деди Би-Би-Сиге Трамптын биринчи администрациясында улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи болуп иштеген Жон Болтон.

"Бул баланс – Путиндин пайдасына. Кансыз согуш учурунда Советтер союзу АКШ менен Европанын мамилесинде жараканы пайда кылып, НАТОну жок кылуу максатын көздөгөн. Бирок НАТО ыдырап кеткен жок, бул – Кансыз согушта СССРдин жеңилип калышынын себептердин бири. Эми Трамп Кремлдин пайдасына иш кылууда", - деп эсептейт Болтон.

Жон Болтон Трамптын постсоветтик республикалардын лидерлери менен түзгөн макулдашуулары ишке ашырылабы же жокпу азырынча белгисиз экенин белгилейт. Бирок алардын көбү үчүн Вашингтон менен жаңы келишимдер Москва менен өнөктөштүктөн баш тартууну эмес, тескерисинче, алардын ортосундагы тең салмактуулукту билдирет.

"Борбордук Азия өлкөлөрү эгемен бойдон калгысы келет. Бул үчүн аларда бардык мүмкүнчүлүктөр бар: Орусия да, Кытай да, АКШ да алардын көзүн кароого муктаж", - дейт Болтон.

Болтон Трамптын кеңешчиси болчу, бирок администрациядан кеткенден кийин анын саясатын сындай баштаган. Болтонго кылмыш иши козголгон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Болтон Трамптын кеңешчиси болчу, бирок администрациядан кеткенден кийин анын саясатын сындай баштаган. Болтонго кылмыш иши козголгон

Депутат Константин Затулин да Трамптын Борбордук Азиянын лидерлери менен бүтүмдөрү орус бийлигин көп тынчсыздандырбашы керек деп эсептейт:

"Ниетин айтып койсо эле бул ишке ашып кетет дегенди билдирбейт. Борбор Азия чөлкөмү бүгүнкү күндө көбүрөөк Орусия жана Кытай менен мамилелерди өнүктүрө берери айкын. Бизде мунун баарын тактап, териштирүүгө дагы убактыбыз бар".

Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан ЖККУнун мүчөлөрү, ал эми Кыргызстан менен Казакстан Евразиялык биримдиктин мүчөлөрү, ошол себептен Кытай менен Орусия бул өлкөлөрдүн негизги соода өнөктөштөрү бойдон калууда.

Армения менен Азербайжанга токтолсок, бул өлкөлөр да Орусиядан жүзүн буруп кеткен жок. Эки тараптуу мамилелердеги кризиске карабастан, 2025-жылы Москва менен Баку экономикалык кызматташуу боюнча жаңы келишимге кол коюп, транспорттук коридорлорду кеңейтүүнү пландап жатышат. Ал эми "Газпромдун" башчысы Азербайжандын мамлекеттик SOCAR мунай компаниясынын президентин кабыл алды.

Армениянын өкмөтү Батышка багыт алганына карабастан, орусиялык инвесторлорду жигердүү тартууда жана Москва менен орусиялык мамлекеттик компаниялардын, "Росатомдун" жана "Орусия темир жолдорунун" катышуусун талкуулап жатат.

Орусияны сындагандардын көбү Украинада согуш аяктагандан кийин Кремлдин колунда кайрадан ресурстар пайда болуп, Түштүк Кавказда жана Борбордук Азияда жоголгон таасирин калыбына келтирүүгө умтулат деп кооптонушат.

Вашингтон буга кандай жооп кайтарары ошол учурда ким президент болоорунан көз каранды.

"Эгерде 2028-жылы демократтар жеңишке жетсе, анда биз Орусиянын бардык багыттардагы таасирин токтотуу аракетине күбө болобуз. Бирок Республикалык партиянын талапкери жеңсе, анда Москва менен анча тиреш күтүлбөйт", - дейт Анатоль Ливен.

(ZMa)