Өзбекстан Америкадан 22 даана Boeing учагын сатып алат

Сүрөттүн булагы, Nicolas Economou/NurPhoto via Getty Images
АКШ президенти Дональд Трамп Өзбекстан Boeing 787 Dreamliner үлгүсүндөгү 22 учакты сатып алуу боюнча Boeing компаниясы менен 8 миллиард долларга келишим түзгөнүн билдирди.
Трамп өзбек президенти Шавкат Мирзиеевди бул келишим менен куттуктап, аны "сөзүнө турган" адам деп сыпаттады.
АКШ лидери Дональд Трамп өзбек президенти менен ушул айдын башында сүйлөшкөнүн айтууда. Ал эми Boeing жаңы келишим туурасында дүйшөмбү күнү өзүнчө билдирүү жасады.
Учурда иш-сапары менен БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-жыйынында жүргөн Шавкат Мирзиеев буга чейин Boeing Global компаниясынын башчысы Брэндан Нэльсон менен жолугушкан.
АКШнын Соода министрлиги бул макулдашууну Борбор Азияга учактарды ташуу боюнча "эң ири коммерциялык авиациялык келишим" деп атады. Boeing бул макулдашуу менен Кошмо Штаттарда 35 миң жумушчу орун камсыздаларын айтты.
Uzbekistan Airways 2016-жылдан тарта "Боингдерди" эксплуатациялап, Борбор Азиядагы аба паркында мындай учак кармаган бирден бир компания болуп саналат. Азыр анын балансында мындай үлгүдөгү алты учак жана Мирзиеевди ташыган бир лайнер бар.
Жаңы учактарды Өзбекстанга ташуу 2031-жылдан тарта башталары күтүлүүдө.
Казакстан дагы АКШ менен соода мамилелерин бекемдеп, 4,2 миллиард АКШ долларына Wabtec Corp. компаниясынан америкалык локомотив жана темир жол жабдыктарын сатып алганы жатат. Расмий Астана Wabtec Corp. Казакстанда 2009-жылдан тарта иш алып барарын, жаңы келишим менен оор жүк ташуучу 300 чакты локомотивди өндүрүү каралып жатканын билдирди.
БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн кыргыз президенти Садыр Жапаров дагы Нью-Йоркко барды. Бүгүн-эртең Жапаровдун АКШ расмийлери менен жолугушуулары өтөт.












