"Тогуз бел менен бир ашуудагы ат чабышты уктуң беле?"

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

ат чабыш

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Чуңкурчактагы Байтиктин 200 жылдык мааракеси менен эгемендик майрамынын бүйүр кызыткан эң кызык жери жана эң көп талкууга алынганы ат чабыш болду. Байтик айылынан чабылган аттар катар-катар бел ашып, марафондун татаал жолдо башкача эрежелер менен өткөнү, эки аттын марага жетпей кулаганы өзүнчө бир чоң талкуунун барагын ачты. Кыргыздын салтында жок эрежелер менен варвардык ат чабыш болду деген сындар болуп жатканда, марафонду уюштурган "Көчмөндөр жүрүшү" федерациясы жаңы эрежелер чабандестер менен аттардын коопсуздугу үчүн киргизилгенин жүйө тартууда.

Күлүктөр Байтик айылынан баштап чабылып, Кашка-Суу капчыгайын өрдөп, кырдан кыр, белден бел ашып, Чуңкурчакка чейин 31 км чуркашты.

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күлүктөр Байтик айылынан баштап чабылып, Кашка-Суу капчыгайын өрдөп, кырдан кыр, белден бел ашып, Чуңкурчакка чейин 31 км чуркашты.

Аттар Байтик айылынан чабылып, Кашка-Суу капчыгайын өрдөп, татаал жол менен кырдан-кыр ашып, Чуңкурчакка чейин 31 км чуркашты. Эреже боюнча чабандестер 60 кг кем эмес салмакта болуп, аттарды ээр токум менен чабышты.

Натыйжада 89 аттын ичинен алтымышка жакыны өр жолдо кыйналып, жарыштан чыгып калды. Марага жеткени аз эле болду, анын ичинен тогуз атка байге берилди. Кеминде эки ат жолдон күйүгүп мүрт кетти. Марага жеткендери аягын тарта албай араң келди.

Эң биринчиден бул ат чабыштын бийик тоо арасында өр жолдо өткөнүнө көп суроолор болууда.

“Качан кыргыз тарыхында тогуз бел менен бир ашуу болгон жерге аламан байге уюштурганын уктуңуз беле? Эгемендиктин отуз жылынын ичинде далай аламан байге өттү, бирок мындай жол эч ким эч качан тандаган эмес. Мындай бел, ашуу дегенде, аттын күлүктүгүн эмес, анын күчүн гана сыноо болуп жатат да. А негизи аламан байге аттын күлүктүгүнө да, күчүнө да тараза болуш керек. Бир да жолу кыргыз тарыхында мындай шартта аламан байге уюштурганын мен окуган да жокмун, уккан да жокмун. Кыргыздын ата-бабадан келаткан салтын сакташ керек эле. Бул жерде уюштуруучулар чалакайымдык кылган", - деди Би-Би-Сиге кыргыз салты менен ат өнөрүн көп изилдеген коомдук ишмер Дастан Сарыгулов.

Ошол эле убакта эмне үчүн аттар ээр токум менен чабылды жана эмнеге чабандес 60 кг кем эмес болуш керек деген эреже киргизилди деген суроолор берилүүдө.

Кыргыз салтында адатта атты 12-13 жаштагы балдар тердикти салып алып же жайдак чапкан деп жатышат.

Марага жетпей жолдо күйүгүп кулаган күлүктөрдүн бирөөсү

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марага жетпей жолдо күйүгүп кулаган күлүктөрдүн бирөөсү

"Мындай кырсыктар көп эле болот"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Марага 150 метр жетпей жыгылган "Дулдул" деп аталган күлүк ат Ысык-Атадагы “Ашырбек Ата” деген жылкы заводунун саяпкери Султан Маткеримовго таандык.

“Бул эми кырсык да. Арыктан секиргенде кан тамыры үзүлүп кетиптир. Союп көрдүм. Белестен түшкөндө эле алдыда келаткан. Кырсык болбосо, бул ат бермек эмес биринчиликти”,-деди саяпкер.

Бирок ат чабыштын эрежелерине анын эч кандай дооматы жок.

“Болот берет мындай. Кырсыктар көп эле болот. Бул ат жарыш болду. Татаал шартта ушундай болот. Ушундай эреже болуш керек. Чаап аткан баланын страховкасы болуш керек. Башында шлем болуш керек. Бутунда өтүгү болуш керек. Ээр токум сөзсүз болуш керек, анткени тоо шартында ат ылдый чуркайт, өйдө чуркайт”,-дейт Султан Маткеримов.

Ошол эле убакта ат таптап, күлүк чаап чоң мелдештерге катышып жүргөн коомдук ишмер Кемел Ашыралиев дагы соңку ат чабышты анчалык туура көрбөй жатканын айтты.

“Мындан ары көп практика кылбаш керек. Атка деле зыян болот. Казыркы аттардын баары назик, буттары узун. Илгери кыргыз аттар кете берчү. Ылдый-өйдө, каптал, көпүрө менен, кайчылаш ийри жолдор менен чабылып калды. Мындан ары мындайды токтотуш керек”,-деди коомдук ишмер.

Старт алдында
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Стартта баардыгы 89 ат жарышка чыккан

"Эң негизгиси коопсуздукту карадык"

"Көчмөндөр жүрүшү" федерациясы Байтик-Чуңкурчак багытында болгон ат чабыштын эрежелери боюнча Би-Би-Сиге түшүндүрмө берди. Федерациянын жетекчиси Айнура Эргешова аттардын татаал жол менен чабылганы эң биринчи кыргыз аттарына артыкчылык берүү максатында болгонун, чабандестер менен аттарды ат чабыштын башынан аягына чейие ветеринардык бригадалар, тез жардам машиналары коштоп карап барышканын айтты.

Ал эми балдар эмес, чоң кишилер чапканын, ээр токум менен чабылганын элементардык коопсуздук эрежеси дейт.

“Адатта аламан байгеде балдар чабат эмеспи. Алар анча токтоло элек болот. Бир жолу аламан байгеде 27 ат бир күндө өлдү. Бул айланып түз жолдо чабылганда эле ошондой болду. Ошондуктан биз чабандестер он алты жаштан өйдө болсун деген эреже киргиздик. Аттан кулап кетишпесин деп ээр токум болсун дедик. Эң негизгиси коопсуздукту карадык. 60 кг кем эмес деген талап дагы ушул максатты көздөйт. Атты кармай алгандай күч болуш керек. Башында шлем болушу керек”.

Айнура Эргешова чабылган аттарды коштогон ветеринардык топтор жолдо калган аттарды карап, керектүү жардамды көргөзүп барышканын айтып отурду.

"Мен баары бир корктум. Ошондуктан ат чабыш башталгандан эле үч тез жардам машинасы коштоп баратты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин машинасы менен дарыгерлер келишти. Дагы үч машина менен ветеринарлар жүрдү. Жолдо калып калгандардын ар бирине эмне жардам керек деп келаттык. Биз реально 81, 7 номерге жардам көрсөттүк. Бир-эки ат аксап калганын көрдүк. Дагы бир ат кыйналып атат дешти. Суу берип, ветеринарларды чакырдык”.

Ат чабышты башынан аягына чейин "Тез жардам" дарыгерлери менен ветеринарлар коштоп жүрүштү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ат чабышты башынан аягына чейин "Тез жардам" дарыгерлери менен ветеринарлар коштоп жүрүштү

Ат чабыштын бийик тоо арасында болгонунун бир себеби уюштуруучулар кыргыз селекциясындагы күлүктөргө шанс берүүнү чечишкен экен. Анткени мындай татаал жолду таза аргымактар көтөрө албайт, чыдаса бир гана кыргыз аттары чыдайт дешет. Марага жетпей жыгылган "Дулдул" так ошол таза кандуу аргымактардан экен.

"Аламан байге соңку убакта жакшы өнүгүүдө. Алардын 80% таза кандуу аргымактар жеңип жатат. Алардын 90% сырттан алып келинген аттар. Азыр көбүнчө англистердин таза кандуу породасын алып келип жатышат. Ошондуктан биз ушундай трасса менен жергиликтүү селекциядагы аттардын мүмкүнчүлүгү көп болот деп ойлодук".

Маселенин дагы бир жагы, бул ат чабыштын татаал жерде болгонуна карабастан, көп адамдар аттары буга жарайбы, чыдайбы деп жакшы ойлонуп көрүшпөгөндөй. Анткени, ат чабышка түшкөн аттардын көбү чынында даяр эмес болуп чыкты.

“Токсон аттын ичинен марага жеткен отуз ат чынында эле тапталган аттар. Ал эми элүүсү эми, балким, жол болуп калабы дегендей эле сөз”,-дейт Айнура.

Биринчи келген Кара Шумкар, экинчи келген Ак Таноо

Сүрөттүн булагы, Dosaliev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ат чабышта марага Кара Шумкар деп аталган күлүк биринчи келди. Анын ээси Таластан келген Шейшеналы Дүйшөмбиев баш байгеге Бишкектен бир бөлмөлүү батирдин ачкычын алды. Марага экинчи болуп Жалал-Абаддык саяпкердин Ак-Таноо деген аты келди. Ага 500 миң сом байге берилди.

Бул ат чабышка атайын чакырылса дагы коңшулаш Казакстандан күлүктөр катышкан жок. Башка өлкөлөрдөн да болгон жок. Анын себеби бир жагынан кыргыздар сайган жупуну байгеге күлүк аттарын тоо аралатып чаап, тобокелге барышкан жок. Экинчиден, мындай тоо шартындагы марафонго кыргыз аттары гана чыдабаса, талаада тапталган аттар биринчи эле белден очорулуп калса, таң калычтуу болбойт.

чабандес