"Миллиондогон доллар уурдаган". АКШ жана Британия орусиялык хакерлерге муштум түйдү

Максим эле эмес, анын атасы менен агасынын да артынан түшүштү

Сүрөттүн булагы, NCA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Максим эле эмес, анын атасы менен агасынын да артынан түшүштү

Батыштын атайын кызматтары Evil Corp жана LockBit хакердик топторунун лидерлери жана шериктери деп саналган орусиялыктарга каршы иштин жаңы жагдайларын жарыялады. Алар америкалык банктардан жана батыш компанияларынан жүз миллиондогон долларды уурдаган деп айыпталууда.

2019-жылы АКШ россиялык Максим Якубцти Evil Corpтун лидери, ал эми Игорь Турашевди хакерлер тобунун администратору деп атаган.

Ошондой эле аларды кармоого маалыматтык жардам бергендер үчүн 5 миллион доллар сыйлык убада кылган.

Шаршемби күнү экөө тең санкцияларга кабылып, Улуу Британия жана Австралия тарабынан издөөгө алынды.

Атайын кызматтар болсо алардын шериктеринин кеңейтилген тизмесин жана орус хакерлерине аңчылык кылуунун айрым жагдайларын жарыялады.

Якубцтин атасы Виктор, досу Александр Рыженков жана кайын атасы Эдуард Бендерский кара тизмеге кирген.

Рыженков 1993-жылы туулган орусиялык. Ал АКШ бийлигине Cherdakmudak, Guester жана Sanya Maloy деген ат менен белгилүү.

Ал Evil Corp компаниясында Якубцтин оң колу деп саналат. Шаршемби күнү АКШ бийлиги ал зыяндуу BitPaymer программасы аркылуу америкалыктардан миллиондогон доллар талап кылган деген айып койду.

Бендерский 1970-жылы туулган орусиялык. Федералдык Коопсуздук кызматынын атайын күчтөрүнүн мурдагы офицери, британ бийлиги аны Evil Corp менен Орусиянын атайын кызматтарын байланыштырган негизги фигура деп эсептейт.

2019-жылы Американын санкцияларына чейин Бендерский Evil Corp хакерлерине НАТОго кирген өлкөлөргө каршы кибер чабуулдарды жана шпиондук операцияларды уюштуруу боюнча тапшырмаларды берген.

Андан кийин ал Evil Corpту Орусиядагы куугунтуктан коргогон,- деп сүрөттөдү Британиянын Улуттук кылмыш агентствосу (NCA) топко коюлган айыптарды.

Кибер коопсуздук маселеси өтө актуалдуу маселеге айланды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кибер коопсуздук маселеси өтө актуалдуу маселеге айланды

"Кол жеткис Playboy хакерлери"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Улуттук кылмыш агенттигинин отчету Максим Якубцтин Москвада темгилала Lamborghini унаасынын жанында полиция менен жайбараткат сүйлөшүп жаткан сүрөтү менен кооздолгон.

"Максим Якубц жана анын Evil Corp бандасы көп жылдар бою кадимки орусиялык плейбой хакерлеринин жашоо образында жашашкан, укук коргоо органдары үчүн алар кол жеткис болчу. Бүгүн биз аларга байкоо салып, казып жатканыбызды жана буга чекит коюп, аларды жоопко тартууга чечкиндүү киришкенибизди көрсөттүк", - деди NCA кибер чалгын кызматынын башчысы Уилл Линн.

Би-Би-Си даректүү тасмада Evil Corp тобунун мүчөлөрү Орусияда кандай жашап жатканы тууралуу айтып берген эле.

Алардын кол тийбестиги жөнүндө британиялык тергөөчү Линн гана айтып жактан жери жок. Орусиянын Group-IB киберкоопсуздук компаниясынын негиздөөчүсү Илья Сачков 2020-жылы да ушундай эле сөздү кыйыткан.

Былтыр жайында ал Орусияда чыккынчылык боюнча резонанстуу иш боюнча 14 жылга эркинен ажыратылган, ал өзү муну хакерлерди коргогон Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин буйругу деп эсептейт.

Сачков орус бийлигин киберкылмышкерлерге каршы ийгиликсиз күрөшү үчүн сындап Якубцти, мисал катары келтирген.

2020-жылы премьер-министр Михаил Мишустин менен IT-ишкерлердин жолугушуусунда ал мындай деген:

"Бүт дүйнө ВОР номерлүү Lamborghini унаасы менен Москвада чардап жүргөн хакер Максим Якубец мырзаны компьютердик кылмышкер, Dridex вирусунун жаратуучусу деп айтып жатканда, бул тууралуу дүйнөдөгү ар бир инженер билет. Буга Орусиянын бир дагы мамлекеттик органы, полициясы, ФСБсы, Тышкы иштер министрлиги эч кандай жооп кайтарбайт".

Телефон аркылуу алдамчылык күчөп, шилтеме аркылуу эле акчасын шыпыртып жибергендер күн сайын чыгууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Телефон аркылуу алдамчылык күчөп, шилтеме аркылуу эле акчасын шыпыртып жибергендер күн сайын чыгууда

"Бул башталышы гана"

Батыш тергөөчүлөрүнүн маалыматына караганда, Американын айыптоолору жана 2019-жылы салынган санкциялары Evil Corpтун ишин аксатып, топту кайра курууга мажбур кылган.

"Алар тактиканы өзгөртүп, көмүскөгө кетиши керек болду. Алардын фокусу кыскарды. Массалык чабуулдардан бай уюмдарга, өтө так чабуулдарга өттү",- деп жазат алар.

Dridex вирусунун жардамы менен аты чыккан Evil Corp тобунун кээ бир мүчөлөрү зыяндуу программалардын жаңы түрлөрүн иштеп чыгууну улантып келишкен.

Алар WastedLocker, Hades, PhoenixLocker, PayloadBIN жана Macaw программаларынын авторлору катары эсептелет.

Башкалары батыштын укук коргоо органдарынын тизмесинин сап башында турган LockBit хакердик топтун программаларын колдоно баштады.

NCA шаршемби күнү LockBit боюнча эл аралык иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Август айында британиялыктар Англиянын түштүгүндө рейд өткөрүп, 46 жаштагы кишини кармаган. Ал LockBit менен байланышы бар деп шектелген жана 50 жаштагы аял акча адалдоо иштерине шектелип кармалган. Кийинчерээк экөөнү тең тергөө аяктаганча деп коё берген.

Ошол эле август айында франциялык атайын кызмат дагы бир түзүүчүнү кармаган, испаниялыктар болсо LockBit компаниясынын инфраструктураснын архитекторун колго түшүргөн.

Буга карабай, орусиялык хакерлерге батыштын сотторунун колу жетпей келе жатат. Эки топ тең батыш бизнесинен жана жарандарынан акча адалдоону улантууда. Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми хакерлерге каршы операция Владимир Путинге каршы чоң күрөштүн бир бөлүгү деп эсептейт жана бул иш ийгиликтүү болооруна ишенет.

"Менин миссиям — Кремлге каршы менин карамагымдагы санкциялардын баардык арсеналды пайдалануу. Путин коррупциялашкан жана мафиялуу мамлекет куруп, анын чок ортосунда өзү турат. Биз ар бир кадамыбызда аны менен күрөшүүгө милдеттүүбүз",- деди ал.

"Бүгүнкү аракетибиз бул башталышы эле. Жаңы санкциялар биз орусиянын бийлиги жана алар тарабынан түзүлгөн экосистеманын кибер кылмыштарына, кибер чабуулдарына чыдабай турганыбызды Кремлге так туюндурат",- деп кошумчалады. (VO)