АКШнын чалгын кызматынын мурунку хакери 40 жылга соттолду

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
Бир нече жыл мурун Борбордук чалгындоодо кызмат өтөгөн хакер Жошуа Шульте хакерлердин куралдары тууралуу жашыруун документтерди WikiLeaks долбооруна бергени үчүн 40 жылга эркинен ажыратылды.
Ал 2020, 2022 жана 2023-жылдары тыңчылык жана башка кылмыштары үчүн үч жолу соттук териштирүүлөрдө күнөөлүү деп табылган, бирок азыр гана Нью-Йорктун түштүгүндөгү райондук сотунун судьясы Жесси Фурман ага өкүмүн чыгарды.
"Жошуа Шульте Американын тарыхындагы тыңчылыктын тымызын жана жийиркеничтүү аракеттерин жасап, өз өлкөсүнө чыккынчылык кылды", - дейт прокурор Дэмиан Уильямс.
Шульте 2012-жылдан 2016-жылга чейин Борбордук чалгындоо башкармасынын Кибер чалгындоо борборунда программист болуп иштеген. Тергөөнүн жана соттун корутундусуна ылайык, америкалык чалгын кызматтары колдонгон хакердик программаларды жашыруун көчүрүп алган.
Кызматтан кеткенден кийин, 8761 сандагы файлдарды WikiLeaks долбооруна жөнөткөн. Алар бул материалдарды 2017-жылдын мартында веб-сайтындагы "Vault 7" деп аталган өзүнчө бөлүмгө жарыялай баштаган.
Шульте ачыкка чыгарган файлдарда вирустар, “трояндар” жана башка хакердик программалар бар болчу, мисалы алар менен террористтердин же чет элдик саясатчылардын уюлдук телефондорун бузуп, аларды жашыруун угуучу аппараттарга айландырган.
"Шультенин сырларды уурдап, ачыкка чыгаруусу Американын душмандарын чалгындоо маалыматын чогултуу мүмкүнчүлүктөрүн түп-тамырынан бери бузуп, Борбордук чалгындоо башкармасынын кызматкерлерин, программаларын жана мүлкүн тобокелге салып, миллиондогон долларларды чыгымга учуратты", - дейт мамлекеттик айыптоочулар.
Шульте күнөөсүн мойнуна алган эмес, бирок сот ага ынанган жок.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, Шульте тапшырмаларды аткаруунун мөөнөттөрүн такай өткөрүп жибергендиктен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон, жумуштан алынгандан кийин WikiLeaks сайтына уурдалган материалдарды берип, мурдагы жумуш берүүчүлөрүнөн өч алгысы келген.
Балдар порнографиясы
Тыңчылык жана Федералдык иликтөө бюросуна жалган айтуудан тышкары, Шульте балдар порнографиясын сактагандыгы үчүн да соттолду. Сот документтерине ылайык, анын батирин тинтүү учурунда балдар порнографиясын камтыган он миңдеген файлдар табылган.
Прокурорлордун айтымында, 2018-жылы камакка алынгандан кийин да Шульте жашыруун маалыматты ачыкка чыгарууга аракет кылган. Ал түрмөгө телефонду контрабандалык жол менен киргизип, журналисттерге Борбордук чалгындоо башкармасынын кибер бөлүмдөрү тууралуу маалымат берүүнү жана "Джейсон Борн" деп аталган Twitter аккаунтуна жашыруун маалыматтарды жарыялоону пландаган.












