Пегасус: “Активисттерди аңдыган” программа ачыкка чыкты

Активисттерди аңдыган” программа ачыкка чыкты

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Активисттерди аңдыган” программа ачыкка чыкты

Авторитардык мамлекеттер дүйнөнүн булуң-бурчундагы укук коргоочуларды, журналисттерди жана юристтерди аңдуу үчүн телефондоруна вирус орнотушканы айтылууда. Маалымат каражаттарында айтылгандай, вирустук программа Израилдин көзөмөл жүргүзгөн фирмасына таандык.

Ошондой эле саясатчылар жана өлкө башчылары дагы бул программанын курмандыгына айланган болушу ыктымал. Соңку маалыматтар боюнча Франциянын президенти Эммануэл Макрондун 2017-жылдан бери колдонуп келаткан номери хакердик чабуулга туш болгондордун тизмесинен табылган, бирок бузуу болгону азырынча так аныктала элек.

Жалпысынан Израилдин NSO Group компаниясы 50,000дей телефон номерди аңдууга алганы айтылганы менен аталган уюм баардык айыптоолорду четке кагууда.

Телефон номерлердин баары маалымат каражаттарында ачыкка чыгарылган. Бирок тизменин кайдан келгени же канча телефонго бузуп киргени боюнча так маалымат бериле элек.

Аталган компаниядан билдиришкендей, бул программа кылмышкерлер менен террористтерге каршы колдонууга арналган жана ошондой эле адам укуктары жакшы корголгон мамлекеттердин аскердик, укук коргоо жана чалгындоо кызматтары үчүн гана жеткиликтүү болгон.

Pegasus программынын иштөө схемасы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Pegasus эмне кыла алат?

NSO Group уюму Париждеги Forbidden Stories бейөкмөт уюму менен Amnesty International укук коргоо уюмунун баштапкы иликтөөсүн “жаңылыш жана негизсиз ой-пикирлерге толо” деп эсептеген. Себеби аталган укук коргоо уюмдарынын иликтөөсүнө таянып маалымат каражаттары бул окуя жөнүндө жазып чыгышкан болчу.

Ошондой эле, Израилдин компаниясы “негиздүү пикирлердин баарын иликтөөнү улантарын жана тийиштүү чаралар көрүлөрүн” билдирди.

Pegasus аттуу программанын колдонулганы боюнча жекшемби күнү Washington Post, The Guardian, Le Monde жана дүйнөдөгү башка 14 медиа уюм жазып чыккан.

Аталган программа iPhone жана Android телефондорго орнотулгандан кийин операторлорго каттарды, сүрөттөрдү, эмейлдерди көрүүгө мүмкүнчүлүк берип, андан тышкары сүйлөшүүлөрдү жаздырып алат жана ошондой эле микрофон менен камераларды жашырын түрдө иштетип коёт.

Кимдерди аңдышкан?

Иликтөөнүн үстүнөн иштеген медиа уюмдар 50дөн ашуун мамлекетте жашап иштеген 1,000ден ашуун адамдын телефон номерин аныктаган.

Алардын арасында саясатчылар, өлкө башчылары, ишкана жетекчилери, активисттер жана бир нече араб падышалык үй-бүлө мүчөлөрү болгон. CNN, The New York Times жана Al Jazeera сыяктуу медиа уюмдардын 180ден ашуун журналисти дагы тизмеден табылган.

Маалыматтарга ылайык, аңдылгандардын көпчүлүгү 10 өлкөгө туш келет. Алар: Азербайжан, Бахрейн, Венгрия, Индия, Казакстан, Мексика, Марокко, Руанда, Сауд Аравиясы жана Бириккен Араб Эмираттары.

Pegasus кимдерди аңдыганын көрсөткөн график
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Pegasus кимдерди аңдыган?
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Иликтөөнү даярдаган медиа уюмдар аталган мамлекеттердин өкүлдөрүнө кайрылганда алар же Pegasus колдонулбаганын айтышкан же болбосо көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарын аша чаап пайдаланбаганын билдиришкен.

The Washington Post басылмасы кабарлагандай, иш жүзүндө тизмедеги канча телефон бутага алынганы белгисиз болсо да 37 телефонду бузуп кирүүгө “аракет кылганын жана ал ийгиликтүү” болгонун криминалдык териштирүүнүн жыйынтыгы көрсөткөн.

Анын арасында түбү саудиялык, бирок кийинчерээк Америкада иштеп жүргөн журналист Жамал Хашогги да болгон. Ал Сауд Аравиясынын бийлигине сынчыл көз карашы менен белгилүү болчу. 2018-жылы октябрь айында ал Стамбулдагы Сауд Аравиясынын консулдугунун ичинде киши колдуу болгон эле.

Иликтөөдө аныкталгандай, аңдуучу программа Хашоггиге жакын эки аялга карата колдонулган. Алардын бири Хашоггинин жубайы Ханан Элатр болгон.

Amnesty International уюмунун талдоосуна ылайык, Хашогги киши колдуу болгонго чейин алты ай мурда Элатрдын телефону Pegasus аркылуу бутага алынган.

Кимдир бирөө ал программаны колдонуп, Элатрга 2017-жылдын ноябрынан тартып 2018-жылдын апрелине чейин вирус камтыган төрт билдирүү жөнөткөн. Amnesty International ал аракеттин ийгиликтүү болуп болбогонун аныктай алган эмес.

“Жамал ушундай болуп кетиши мүмкүн деп мени мурда эскерткен эле. Жамалга эмне болгонунун баарын мен аркылуу билип турушкан деген ойдомун”, — деген Элатр The Washington Post басылмасына.

 Хашогги үйлөнгөн болсо да анын түркиялык Хатиже Женгиз аттуу сүйлөшкөн кызы болгон. Amnesty International уюмунун маалыматы боюнча, Хашогги каза болгондон кийин Женгиздин iPhone телефонуна Pegasus аркылуу аңдуучу программа орнотулган.

Аталган иликтөөдө коңшу мамлекеттерден Казакстандын аты аталып өттү

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аталган иликтөөдө коңшу мамлекеттерден Казакстандын аты аталып өттү

The Washington Post кабарлагандай, Женгиздин телефонунан кандай маалымат алынганын же кандайдыр бир тыңшоо саяктуу аракеттер көрүлгөнүн иликтөө аныктай алган эмес.

“Бул жашоомдогу эң жаман окуя болуп калды. Адам өлтүргөндөр болсо мени аңдып отурушат. Алардын уяты жок экен. Алар жоопко тартылышы керек”, — деп жазган ал твиттерде.

Бийликти сындаган журналисттер менен активисттердин изине түшүп, аңдыган программанын колдонулуп жүргөнү дүйнө жүзүндө көпчүлүктү таң калтырып, күтүлбөгөн окуя болуп калды.

Аталган иликтөөдө коңшу мамлекеттерден Казакстандын аты аталып өттү. Маалыматка ылайык, Казакстанда журналисттер менен активисттерди аңдышкан, бирок алардын аты-жөнү азырынча ачык жарыялана элек.

Pegasus программасы Кыргызстанда колдонулганбы же жокпу азырынча белгисиз. Бирок журналисттер менен активисттердин жана ошондой эле оппозициялык саясатчылардын артынан түшүү аракеттери Кыргызстан үчүн жаңылык эмес. Мындан бир нече ай мурун эле айрым активисттер, журналист Али Токтакунов артынан аңдып жүргөндөрду байкап калганын жазган эле. Бирок, бул сыяктуу атайын программа орнотулганын аныктадым, таптым деген билдирүү болгон эмес.

Өлкөдө активисттерди жана журналисттерди аңдуу жана ооздуктоо аракеттери көп жолу көрүлүп келген. Соңку кездери Кыргызстанда саясатчылар бул маселеге ар кандай мыйзамдар аркылуу чекит койгусу келип атышкандай. (EA)